Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 11-февралда «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» кайра иштелип чыккан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Талкуунун жүрүшүндө маданият министринин орун басары Марат Тагаев мыйзамдын жаңы редакциясы журналисттерге маалымат алуу жана жайылтуу укугун кепилдей турганын жана цензурага тыюу саларын белгиледи.
Депутат Исхак Масалиев мындай кепилдиктерди Кыргызстандын Конституциясы берерин билдирди.
«Бул кепилдикти сиз эмес, Конституция берип жатат. Цензура болбош керек деген иштеп жаткан мыйзам берүүдө. Силер жаңылык кылган жоксуңар, силерге эч ким “рахмат” деп айтпашы керек. Бул өзгөрбөй турган укук [...] Маданият министрлиги айып сала турган ишти издеп жүрөт окшойт», — деди ал.
Масалиев мекеме жазалоочу орган болбостон, маданиятты өнүктүрүшү керектигин кошумчалады.
ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун президенттин администрациясы иштеп чыккан. Документ медиакоомчулук, эл аралык жана жергиликтүү уюмдар тарабынан сынга алынып келген. Алар мыйзам долбоору «сөз эркиндигине олуттуу коркунуч жаратарын» жана анда «журналисттердин ишмердүүлүгүн ашыкча жана негизсиз чектеген кошумча нормалар бар экенин» белгилешкен.
Өткөн жылы мартта президент бир катар ЖМКлардын жетекчилери менен жолуккандан кийин мыйзам долбоорун чакыртып алууну жана кайра иштеп чыгууну тапшырган.