Бишкектин мэри жаңы «Ош» базардын курулушу качан бүтөрүн айтты

Image descriptionБишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаңы Ош базарынын курулушу 3 айда бүтөрүн жана учурдагы базар жабыларын билдирди. Бул тууралуу мэр 6-марттагы көчмө жыйында айтты.
«Биз базарды көчүргөндөн кийин бул жер жабылат. Соода жүргүзүүгө тыюу салынып, бул аймактын келечеги үчүн кийинки кадамдарды карап чыгабыз. Курулуш 3 айдын ичинде бүтөт деп жатат»,
— деди Жунушалиев.

Мэр жаңы базардан соода орундары мыйзамдуу келишимдери жана патенттери бар гана соодагерлерге жай берилерин билдирди.

Бишкек мэриясы Ош базарын көчүрүүнү пландап, 2023-жылы 20-октябрда жайгаша турчу көп функционалдуу шаарчанын долбоору менен тааныштырган.

Долбоордо жаңы шаарчада көп кабаттуу үйлөр, Ош базары, Volvo электр унааларын тейлеген аймак жана автобекеттер жайгашары айтылган.

Долбоорго ылайык жаңы базар «Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо жайгашып, дээрлик 30 гектар аянтты ээлейт.