Коллаж: «Клооп»

«Мыйзамдагы ууруну (Камчы Көлбаевди) мамлекет үчүн жок кылууга аргасыз болдум», — деп билдирген анда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев. Ал ошондой эле Көлбаевдин $1 млрд бааланган мүлкү улутташтырылганын жарыялаган. Бирок кримтөбөлгө тиешелүү болгон алтын кени мамлекетке эмес, а Ташиевдин эски досу Айбек Алыбаевге өткөн.

2023-жылдын 4-октябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Бишкекте Кыргызстандын көмүскө лидери, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевди атып өлтүрүшкөн. Ошол эле күнү Kaganat Resort эс алуу борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана «Аврора групп» компаниясынын ээси Азрет Боотаев кармалган. Ага Көлбаевдин кылмыштуу тобунун акчасын адалдоо айыбы тагылган.

Боотаевдин ошондой эле «Ривьера Групп» жана «Акжолтой Майнинг» деген дагы эки компаниясы болгон. Ал буларга Азат Абдраев менен биргеликте ээлик кылып, өзү жетектеген. УКМК Абдраевдин да Көлбаев менен байланышы болгонун билдирген. Маркум кримтөбөлдүн конфискацияланган мүлкүнүн арасында Абдраевге катталган Бишкектеги батир да болгон.   

«Акжолтой Майнинг» «Акжолтой Ресорсес» тоо инвестициялык компаниясы аттуу башка фирмага ээлик кылган. А анын Насоновское алтын кенин иштетүүгө лицензиясы болгон. Насоновское кени Чүй облусундагы Панфилов районунда жайгашкан Жаратылыш министрлиги андагы запасты 5,6 тонна алтын жана 4600 тонна жез деп баалап жатат.

Боотаев кармалгандан бир жарым жыл өткөндөн кийин, 2023-жылдын 22-ноябрында «Акжолтой Майнинг» Алыбаев Артур Айбековичке жана «Консульере групп» фирмасына кайра катталган. Бул фирма болсо Алыбаев Айбек Ташибекович менен «КИАРА ГРУПП» ЖЧКсына таандык. А анын негиздөөчүсү Микадзе Георгий Георгиевич аттуу чет өлкөлүк жаран.

Артур Алыбаев — ак түстөгү Lexus  LX600 унаасы менен жол эрежесин бузганы үчүн кармалган жаш ишкер. Ал УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин досу Айбек Алыбаевдин уулу.

Көлбаевди жок кылуу буйругун дал Ташиев берген. Муну ал окутуучулар жана студенттер менен жолукканда мойнуна алган. Бирок соцтүйүн колдонуучулары «сотсуз жана тергөөсүз өлтүргөнү» үчүн аны сынга ала баштаганда, Ташиев Көлбаевди жок кылуу буйругун бербегенин, ал атышуу учурунда өлтүрүлгөнүн билдирген. Ал эми президент Садыр Жапаров досун актап, «орус тили анын эне тили болбогондуктан, оюн толук жеткире албай калганын» айткан. 

Алыбаев менен Ташиев Курманбек Бакиевдин тушунда жогорку кызматтарда иштеген. Алыбаев да Бакиев сыяктуу Кыргызстандан чыгып кетип, 10 жыл Европада жашаган. Азыр ал «Жал Групп Азия» компаниясынын негиздөөчүсү катары белгилүү. Бул компания Ташиевдин кичи мекенинде, Жалал-Абадда «Барсанын» футболдук академиясын курган. Азыр эми Бишкекте дагы бирин салууга даярдык көрүүдө. Алыбаев академияларды куруу идеясы көп жылдан берки досу Ташиевге таандык экенин айтат.

Мындан тышкары Алыбаев болочоктогу академиянын айланасына «Барселона» аттуу элиталык турак жай комплексин куруп жатат. «Клооп» менен Temirov Live бул курулушка катышып жаткан 12 компания кошумча нарк салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулганын аныкташкан. Алардын көбүнүн Ташиевге байланышы бар. Биз ошондой эле ал компаниялар академия менен турак жай комплекси курула турган мамлекеттин жерин сатып албаганын, а Президенттин иш башкармалыгынан ижарага алганын аныктаганбыз.

Ошентип, атайын кызматтын башчысы мыйзамдагы ууруну өлтүрүүгө жана мүлкүн конфискациялоого буйрук берет. Бир жарым айдан кийин өлтүрүлгөн кримтөбөлдүн алтын кени тымызын атайын кызматтын башчысынын досторуна өтөт.

Жаңы бийлик — жаңы миллионерлер

Бул УКМКга камалып чыккан мурдагы аткаминерлер менен ишкерлердин мүлкү президенттин жана атайын кызмат башчысынын айланасындагы адамдарга өткөн алгачкы учур эмес. «Клооп» бул жөнүндө иликтөөлөрүндө бир канча жолу айтып берген.

Алсак, милициянын мурдагы жетекчиси Жалил Атамбаевге таандык Бел-Алма көмүр кени орусиялык ишкер Николай Коробовскийге өткөн. Ал Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жакындарынын Жалал-Абаддагы «Барсанын» футболдук академиясын куруудагы бизнес өнөктөшү болгон. Коробовский ошондой эле президенттин жубайы Айгүл Жапарованын мамлекеттик долбоорлоруна да демөөрчүлүк кылган.

Мындан тышкары Садыр Жапаровдун тууган-туушкандары менен жакындарына Бишкектеги «Завод ЖБИнин», «Сан Сити» көңүл ачуу борборунун, «Мадина» базарынын жана «Кыргыз комволдук-нооту комбинатынын жерлери өткөн. Ал эми президенттин жеңеси менен мурдагы кеңешчисинин уулу Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовдун бизнес-өнөктөшү болуп калган. Ээлери бул активдерден маморгандардын басымынан кийин же УКМК кармагандан соң кол жуушкан.

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топторго жана жемкорлорго каршы жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгында алардын мыйзамсыз ээ болгон миллиондорго бааланган мүлкү мамлекетке кайтарылганын байма-бай билдирип келет. Бирок мекеме ал мүлк кайра кимдерге берилгени же кандай колдонулганы боюнча маалымат бербейт. 

«Мыйзамдагы ууруну (Камчы Көлбаевди) мамлекет үчүн жок кылууга аргасыз болдум», — деп билдирген УКМК башчысы Камчыбек Ташиев. Бирок фактылар бул аракеттердин аркасы менен Ташивге жакын адамдардын да байлыгы артканын көрсөтүүдө.