Иллюстрация: Алина Печенкина «Клооп» үчүн

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын уулдары Бишкекке Испаниянын футбол жылдыздарын чакырып, Жалал-Абадда мамлекеттин жерине курулган «Барселона» футбол академиясын ачканы турат. Тойдун чыгымын ким көтөрөрү түшүнүктүү болбойт турат, бирок бул долбоордо Ташиевдердин үй-бүлөсүнүнө «бакиевчилер» жана Кыргызстанда көмүр казган Росатомдун компаньондору өнөктөш болууда.

Кыскача

Жалал-Абадда «Барселонанын» Футболдук академиясын Камчыбек Ташиевдин уулдары курары белгилүү болгон. Бирок алардын өнөктөштөрүнүн арасында Садыр Жапаровго, Курманбек Бакиевге жакын адамдар жана Росатом менен тыгыз байланышы бар орус-казак энергомагнаты бар экенин билгендер аз. Акыркы жылдары ал Кыргызстанда бир нече кенге жана кыргыз жарандыгына ээ болгон.

Улуу классик Карамзин айткан сымал, өлкөнүн биринчи адамдары Кыргызстанга алып келем деген батыштын модалуу брендин каза берсең, акыры артында орусиялыктардын кызыкчылыгы жаткан болот.

Кыргызстандын футболдук союзу Испаниянын белгилүү «Барселона» футболдук клубу 29-августта Жалал-Абадда футбол академиясын ачарын жарыялаган. Бул иш-чараны утурлай «Барсанын легендалары» жана «Азия легендалары» командалары Бишкекте беттеш өткөрөт. Экинчи команданын курамында президент Садыр Жапаров да ойнойт. Ошондой эле ал «Барселона» футбол клубунун президенти Жоан Лапорт менен Бишкекте футбол академиясынын курулушуна капсула салат.

Коллаж Barça Academy сайтынан

«Барселона» дегенде — «Ташиевди» түшүнөбүз

Өлкөнүн түштүгүндөгү чакан шаарда «Барселонанын» футболдук академиясын ачуу идеясы жердиги ушул эле жактык УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн бизнеси менен түздөн-түз байланыш.

«Мурас Юнайтэд Жалал-Абад» футболдук клубу өз сайтында академиянын курулушу үчүн Камчыбек Ташиевдин уулу Эмирхан Кыдыршаевге ыраазычылыгын билдирген. Эмирхан 2022-жылы сегиз ай Испаниянын «Барселона» клубунун жаштар командасында ойногон.

Сүрөт: Кыргызстандын футбол союзу

«Мурас Юнайтэд Жалал-Абад» клубун Салмоорбек Гаипбердиев жетектейт. Шаарда футбол академиясы куруларын Гаипбердиев Камчыбек Ташиевдин партиялашы, Жалал-Абад шаарынын азыркы мэри Эрнисбек Ормонкулов менен бирге 2021-жылы эле билдирген.

Академия курууга мэрия 4,5 гектар жер бөлүп берген. Бул жер башында өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыровго таандык болгон. Жер 2010-жылы ага улуттар аралык кагылышты уюштуруу айыбы тагылып, Батыров* өлкөдөн качкандан кийин мамлекетке конфискацияланган.

*Арадан алты жыл өткөндөн кийин Батыровдун уулу чиновниктерди анын Жалал-Абаддагы үйүн тартып алып, бозгун президент Курманбек Бакиевдин тууганы Санжарбек Бакиевге мыйзамсыз өткөрүп берген деп айыптаган.

«Мурас Юнайтед Жалал-Абад» футбол клубунун негиздөөчүсү «Мурас Глобал Азия» ЖЧКсы, ага Алыбаев Айбек Ташибекович ээлик кылат. Ал Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Алыбаев Бакиев сыяктуу эле 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып, узактан бери чет жерде жашаган.

«Барселона» билдиргендей, Кыргызстандагы футбол академиясы Barça Experience долбоору аркылуу франшиза боюнча иштейт. Анын жергиликтүү укук ээси «ЖалГрупп Азия» ЖЧКсы. Ушул эле компания ушундай эле аталышты алып жүргөн «ЖалГрупп Азия» коомдук фондунун негиздөөчүсү. Фонд «Мурас Юнайтэд Жалал-Абад» клубунун дарегинде катталган (Жалал-Абад шаары, Л.Бакиров көчөсү, 1). Фонддун дагы бир башка негиздөөчүсү Ташиевдин тун уулу — Тай-Мурас.

Сүрөт Barça Academy сайтынан

Жапаровчулар, бакиевчилер жана «Мекенчилдин» мүчөлөрү

«ЖалГрупп Азия» компаниясынын негиздөөчүлөрү дагы кызыктуу адамдар. Компанияны буга чейин аты аталган Айбек Алыбаев жетектейт, ал эми ээлеринин арасында Канатбек Абдыкадыров, «Консульере» ЖЧКсы, Ракатбек Асанбаев жана Николай Коробовский бар.

Асанбаев Ракатбек Жапаровичтин фамилиясы жана атасынын аты президент Садыр Жапаровдун аялы Асанбаева Айгүл Жапаровнанын фамилиясы жана атасынын аты менен дал келет. Бул аны президенттин аялынын агасы деп атаганга жетиштүү негиз болбогону менен Жапаров башкарган үч жылда эмне үчүн биринчи айымдын үй-бүлөсү тууралуу ачык маалыматтар жок деген суроого түрткү кылат.

Канатбек Абдыкадыров мамлекетке башкы күйүүчү май ташуучулардын бири Акылбек Маматов менен бирге быйыл январда Кыргызстандын футбол созунун вице-президенти болуп дайындаган. Getcontact тиркемесинде Абдыкадыровдун номери «Канат Байке Мекенчил» жана Канат Жүдөмүшов деп жазылган. «Мекенчил» — Камчыбек Ташиевдин партиясы, 2020-жылы бул партиядан Ташиевге жакын адамдар жана Жапаровдун аялы менен агасы Сабыр баш болгон туугандары депутаттыкка талапкер болушкан. Ал эми Канат Жүдөмүшов УКМК башчысынын аялы Ташиева Нургүл (Айгүл)* Жолдосовна менен бирге «Барпы айылы» кредиттик союзунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Финансылык уюмдун башчысы Камчыбек Ташиев өзү болгон.

* Расмий документтер боюнча Ташиевдин аялы Нургүл деп жазылган, ал эми ачык булактарда аны Айгүл деп аташат.

«Консульеренин» негиздөөчүлөрүн бири — Бакиевдердин кланы менен байланышы бар ошол эле Айбек Алыбаев. «Коммерциялык ишмердүүлүк жана башкаруу маселелери боюнча кеп-кеңеш берген» бул компаниянын аталышы испанча cónsujere — «адвокат» деген түшүнүктү кайталат. Кыязы, инспанча дегендин баарына Ташиевдердин үй-бүлөсүндөй эле Бакиевдердин чөйрөсү дагы көңүл кош карабайт окшойт.


Өлкөнүн биринчи адамдарын Испания менен эмне бириктирет?

2023-жылы Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан бошотулган. Атамбаевди мураскери Сооронбай Жээнбеков каматкан.
Мурдагы президент абактан бошотулушуна көмөк көрсөткөнү үчүн Испаниянын өкмөт башчысы, Испаниянын социалисттик ишкерлер партиясынын лидери жана Социалисттик интернационалдын президенти Педро Санческе ыраазычылык билдирген.
Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча сот процессине Социнтерндин башкы катчысы Луис Айала да катышкан, ал эми Социалисттик интернационалдын Кеңеши Атамбаевди колдоп билдирүү жасаган. Бирок Атамбаев Санчес аны Испанияда дарыланып келүү үчүн бошотууну суранып кат жолдогондон кийин гана бошотулган.
Орусиянын «Регнум» басылмасы муну Ташиевдин Испанияда кыймылсыз мүлкү бар экени, ал эми аялы менен уулу ошол жакта жашаганы менен байланыштырууда.
Ташиев өзү муну четке каккан: «Менин же бир туугандарымдын Испанияда үйүбүз же кандайдыр бир кыймылсыз мүлкүбүз жок. Деги эле, башка чет мамлекеттин биринде да менин мүлкүм жок, болгон да эмес». Бирок уулу Эмирхан Кыдыршаев эжеси жана апасы Нургүл (Айгүл) Ташиева менен Испанияда жашарын ырастаган. Кыдыршаев Перуджда «Паоло Росси» футболдук академиясында, кийин Валенсиядагы «Леванте» академиясында окуган.

 

Бирок бул тизмедеги эң эле кызыктуу адам — Орусиянын жараны Николай Владимирович Коробовский. 2022-жылы президент Садыр Жапаров ушундай ысымы бар кишиге жана анын эки кызына өз жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын берген. Эске салсак, ошол эле жылы Жапаров «Клооптун» Камбар-Атадагы майнинг жөнүндө иликтөөсүнүн каармандарына — бозгун президент Курманбек Бакиевдин кланына байланышы бар орусиялыктарга жарандык берген.

Схеманы кененирээк көрүү үчүн сүрөттү басыңыз.

Чакан ишкананын чоң сыры

2021-жылы 47 жаштагы Николай Коробовский Москвада «Белалма көмүр кени» ААКты каттаткан. Пресненская набережная дарегинде жайгашкан кеңсе борборунун бир бөлмөсүндө катталган бул компания көзгө «чаң чачуу» үчүн түзүлгөндөй эле сыяктанат: бир директордон турат жана экономикалык ишмердүүлүк жүргүзбөйт. Бирок анткен менен Кыргызстанда Бел-Алма көмүр кенине ээлик кылат.

Бел-Алма кени ушунчалык чоң болгондуктан аны «көмүрдүн Кумтөрү» деп коюшат. Коробовский аны «Беш-Арча» ЖЧКсы аркылуу башкарат. Бул компаниянын негиздөөчүсү Уланбек Мамытов болгон, бирок ЖМК анын чыныгы ээси милициянын мурдагы жетекчиси Жалил Атамбаевди экенин айткан. Мамытов өзү бул маалыматты четке каккан.

Уланбек Мамытов оң тарапта эки колун артка алып турган киши жана Жалил Атамбаев оң тарапта бир бутун учкаштырып отурган киши

2021-жылы коррупционерлерден акча өндүрүү кампаниясы, башкача айтканда, президент Садыр Жапаров демилгелеген «кустуризация» кызуу жүрүп жатканда Камчыбек Ташиев башында турган Улуттук коопсуздук комитети Жалил Атамбаевди кармаган. Ал мыйзамсыз баюуга айыпталып, УКМКнын маалыматына ылайык, мамлекетке 100 млн сом зыянды төлөп берген. Ошол эле жылы Бел-Алма көмүр карьерине Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар бизнесмен Коробовский ээлик кылып калган.

«Белалма көмүр кени» ААКы — ири активдерге ээлик кылган Коробовскийдин жалгыз эле кичи ишаканасы эмес. 2021-жылы анын «Глобал Эксплорейшн Лимитед ЖАКы деген кыргыз компаниясы Жалал-Абад облусундагы «Кара-Тыт» көмүр кенин пайдаланууга укук алган. Ал эми Талас облусундагы дагы бир кенге «Бакай-Ата Минералз» ЖАКы аркылуу ээлик кылат.

Коробовскийдин Кыргызстанда электр энергиясын бөлүштүрүүчү «Энерджи Лимитед Трейд» деген да компаниясы бар. Анын негиздөөчүлөрүнүн тизмесине ошол эле Коробовскийге таандык «АБ Энерго Актив» деген орусиялык кичи ишкана кирет. Ачык булактардын маалыматына ылайык, аталган компания бир директордон турат жана эч кандай экономикалык ишмердүүлүк жүргүзбөйт. Ал ортодо бул фирма Орусинын жылуулук энергетикадагы гиганты — Москвага жакын «Подольск машина куруучу заводу» АКнын 28%ына(!) ээ.

Бул жерде Росатомдун кандай тиешеси бар?

Подольск машина куруучу заводу — дүйнөнүн 50 өлкөсүндө жайгашкан жылуулук жана атомдук электр станциялары үчүн отказан жана жылуулук алмашуучу жабдууларды чыгарган ири ишкана. Завод Росатомдун негизги жабдык жеткирүүчүсү гана эмес, Росатом менен биргелешкен «ЗиО Подольск» ишканасынын дагы негиздөөчүсү. Ал түгүл Коробовский 2015-жылдан тарта Подольск машина куруу заводунун акцияларынын ири бөлүгүнө элик кылып, анын директорлор кеңешине киреринен сырткары, «ЗиО Подольсктун» дагы директорлор кеңешине мүчө.

Бул анын мамлекеттик корпорация менен жалгыз гана байланышы эмес. 2014 жана 2022-жылдар аралыгында Коробовский «Газпромбанктын» жардамы менен Новоуральсктагы өзөктүк түзмөктөрдүн бөлүктөрүн чыгарган «Атоммашкомплексти» көзөмөлгө алган. Ал эми 2016-жылтан тартып аялы аркылуу TPBS’тин үлүшүнө ээ болгон. TPBS — атомдук жана жылуулук электростанциялары үчүн жогорку басымдагы түтүктөрдү өндүргөн Украинанын ири компаниясы.

Николай Коробовский

Николай Коробовскийдин Орусиядагы бизнеси ушуну менен эле чектелбейт. Омскто эң бай 100 жергиликтүү тургундун катарын толуктаган Коробовскийге «АБ Энерге» деген компания катталган. Компания Омск, Воронеж жана Челябинск облустарынын калкын, ошондой эле Челябинск электрометаллургиялык комбинаты, Серовск ферро эритмелер заводу, «Интер РАО», «ЭНЕЛ Россия» жана ТГК-11 сыяктуу гигант ишканаларды жети жылдан ашык убактан бери отун менен камсыздап келет.

Коробовский үй-бүлөсүнүн Орусияда чакан IT-кластери да бар. Алардын бир нече компаниясы компьютердик тармактарды, маалыматтар базасын түзүү, Сколководо табигый илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана штрих-коддорду окуган сканерлерди сатуу менен алектенет.

Коробовский асман тиреген «Москва-Сити» бизнес борборунда ижарага кеңсе алып отурат. «Ишкерликти өнүктүрүүгө кошкон салымы, активдүү коомдук ишмердиги жана көп жылдык адал эмгеги үчүн» Орусия президентинен алган ыраазычылыгы, ошондой эле «КМШнын эмгек сиңирген энергетиги» ардактуу наамы бар.

Казакстандын көмүртек изи

Бул ири ишкердин Борбор Азиядагы байланыштары Кыргызстан менен эле чектелбейт. Николай Коробовский Казакстандын түндүгүндө чоңоюп, карьера түптөгөн. 1996-жылы Казак улуттук техникалык университетин аяктаган соң «Казахмыс» жана ЦАЭК ири энергохолдингдеринде иштеп, топ-менеджерлик кызматка чейин көтөрүлгөн. Кийин алардын олигарх ээлери Владимир Ким менен Александр Клебановдун өнөктөшүнө айланган. Бизнесмендин аялы Анар Коробовскаянын AB ENERGO корпорациясы 18 жылдан бери аталган эки энергохолдингден электр энергиясын текейден арзан сатып алып, кайра мамлекетке беш эсе кымбат сатып келет.

Энерго магнаттар менен тымызын киреше бөлүшпөй жана өлкө жетекчилигинин макулдугу жок жылдар бою ушундай схема менен иштөө мүмкүн болбосо керек. Коробовскийде андай схема бар экенин анын өлкө президентинен алган «Курмет» ордени менен «Казакстандын Электроэнергеликалык Ассоциациясынын ардактуу энергетиги» наамы түз болбосо да кыйыр түрдө далилдеп турат.

Айтмакчы, «атомдун» изи бул өлкөдөн да табылды. Коробовскийдин өнөктөшү Клебанов орусиялык миллиардер Василий Анисимов менен орток бизнеске ээлик кылат. Анисимов болсо Путиндин досу Аркадий Ротенбергдин жакын теңтушу. Согуш башталгандан кийин Клебанов менен Анисимовдун Лондондогу компаниясы Росатомго Казакстандагы ири уран кениндеги үлүшүн саткан.

Орусия Украинанын уран заттарынан ажырап калгандан кийин Казакстандын уранынан ого бетер көз каранды боло баштаган, ошондуктан Коробовскийдин Астанадагы байланыштары ага «Подольск машина куруу заводу» менен «Атоммашкомплекстин» акцияларын сатууда маанилүү фактор боло алмак.

Казакстандын «Республика» басылмасы билдиргендей, Коробовскийдин орус жарандыгын бар. Ал эми 2022-жылы Кыргызстандын жаранына айланган: учурда көптөгөн орусиялык бизнесмендер мекениндеги зыяндуу юрисдикциядан кутулуу үчүн ушундай амалга барып жатышат.

Кыргыз элитасынын өмүр багы

«АБ Энергонун» директорлор кеңешинин төрагасынын марттык жайы да бар. 6-мартта Кыргызстандын президентинин аялы Айгүл Жапарова менен Николай Коробовский президенттин өлкөнү жашылдандыруу кампаниясынын алкагында Баткенде «Өмүр багы» достук паркын отургузуу боюнча резолюцияга кол коюшкан. Ошондой эле Коробовскийдин компаниясы «Кыргыз Республикасынын аялдар конгрессине» 73,8 миң доллар, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине 11 млн рубль грант берери жана Улуттук тарых музейи үчүн Орусиядан 1,6 млн рублге маалыматтар базасын сатып алып берери айтылган.

Коробовский Ташиевдин уулдары жана президенттин кайнагасы делген Асанбаев Ракатбек Жапарович менен бирге «Барсанын» франшизасында аты аталып атканына караганда орус-казак бизнесменинин берешендиги бул жерде да байкалат.

Мектептин курулушуна жана машыгуу базасына кеткен чыгымдар тууралуу франчайзилер өздөрү гана айта алат, бирок калгандарынын чыгымын болжоп эсептеп көрүүгө Москвадагы «Барса академиясы» жардам болот алат. Ал жакта франшизаны сатып алуудагы бир жолку төлөм 400 миң еврону түзөт, ошондой эле испаниялыктарга ай сайын 2-3 миң евронун тегерегинде роялти төлөп туруш керек. Академия чыгымдарын актап, кирешеге чыгыш үчүн 200 окуучунун ата-энесинен айына 20-40 миң рублден, ал эми «Барсанын» Сочидеги балдар лагери — 11 күнгө 132 миң рублден алып турган. Андай болсо да каалоочулардын саны үзүлгөн эмес: Москвадагы академияга көптөгөн белгилүү адамдардын балдары өткөн.

Кыскасы, бардыгына жаккан мыкты окуя. Испаниянын суперклубу мындай франшизалардан башталгыч оюнчулардын кастингин кошкондо дүйнө жүзү боюнча жылына 130-140 млн доллар табат. Колунда бар ата-энелер балдарын дүйнөлүк спортко аралаштыруу үмүтү үчүн акчасын аябайт, болбосо окуучулардын 99%ы «Барсанын» Испаниядагы башкы La Masia академиясына жетпей калат. Кыргызстандын бийлиги өзүнүн күмөндүү өнөктөштөрү менен «Барсанын» атын жамынып алып болгон акчасын «адалдоого» мүмкүнчүлүк алууда. Ал эми орусиялык бизнесмендерге эмне тийди? Өлкөнүн бийлик башчыларына жасакерлик кылып, кызыкчылыктарын сүрөмөлөөгө ыңгайлуу аянтчага ээ болушууда.

Авторлору: Арууке Солтоной, Виктор Мухин
Кыргызчалага: Алмир Алмамбетов