Азамат Марипов баш аламандыкка чакырууга айыпталып эки айга камалды

Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Азамат Марипов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.

Маалыматка караганда, Мариповго «Массалык баш аламандыктар» беренеси менен айып тагылган. Бирок ИИМ жана Мариповдун адвокаты бул боюнча комментарий бере элек.  

Азамат Марипов фейсбуктун активдүү колдонуучусу жана социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди колдогон билдирүүлөрдү жазып жүргөн. 

Ал өткөн жылдын апрелинде “Мекенчил” партиясынын тарапкерлери делген дагы беш киши менен кошо “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренеси менен кармалып, кийинчерээк баары акталган.

Азамат Марипов фейсбук барагында бир нече жолу кайрылуу жасап, ага каралоо, куугунтук жүрүп жатканын айткан. Ошондой эле «мекенчилдер» отурган жерге камера коюуга Каныбек Туманбаевдин жансакчысын айыптап, видео жарыялаган. Каныбек Туманбаев Азамат Мариповду шантажга айыптаган

Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаров комментарий берип, «мекенчилмин» деген атты жамынып шантаж кылгандар бар экенин, буга чейин аларга «эскертүү» да бергенин айткан

Кененирээк: «Чайканадагы чыр». Президент бейбаштыкка шектелген «мекенчилдер» боюнча үн катты