«Чайканадагы чыр». Президент бейбаштыкка шектелген «мекенчилдер» боюнча үн катты

9-апрелде «Кабар» агенттигине президент Садыр Жапаровдун бир күн мурда бейбаштыкка шектелип кармалган алты киши боюнча комментарийи жарыяланды. Жапаров «мекенчилмин» деген атты жамынып шантаж кылгандар бар экенин, буга чейин аларга «эскертүү» да бергенин айтып берди

«Камалгандардын арасында экөө шантажчы. Бирөөлөрдү шантаж кылып жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Берки үчөөнү “кайсы кара теке сүздү” билбейм. Мен камалгандардын бирөөсүнүн шантаж кылып жүргөн смс билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып эскерткем. [...] Алардын бир туугандары жакшы билишет», — деп билдирди президент. 

Журналист буга чейин ооз ачарга барып жашыруун камера жана үн жаздыруучу аппарат таап алганда чыр чыкканы соцтармакка тарап, анда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Туманбаевдин аты аталганы боюнча суроо узаткан. Өлкө башчысы, «камерага бийликтин жана күч органдарынын таптакыр тиешеси жок, күч органдары койсо антип “колхозчо” коймок эмес» деп жооп берген. 

«Бейбаштыкка» шектелгендер кимдер?

8-апрелде Бишкек шаардык милициясы алты адамды кармаган. Кармоого 6-апрелде коомдук тамактануучу жайлардын биринде сабалып, мыйзамсыз кармалып турганын айткан Б.Д. аттуу адамдын арызы негиз болгону айтылган. 

Экспертиза жабырлануучу башынан жаракат алып, баш мээси чайкалып, алдыңкы эрди жырылды деген тыянак чыгарган. Шектүү катары М.А., И.И., А.Н., С.Р. Т.Э., С.М. аттуу тургундар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Соцтармакка тараган видеолор

Бишкек шаардык милициясы, президент Жапаров дагы кармалган адамдардын аты-жөнүн ачыктаган эмес. Бирок шектүүлөрдүн инициалдары президенттин тарапташы, соцтармактын жигердүү колдонуучусу Илимбек Исраилов менен Азамат Мариповго туура келет. 

Буга чейин Исраилов фейсбукта түз эфирге чыгып, «Тагай Ата» чайканасына «мекенчилдер» чогулган жерде жашыруун камера табылганын айткан видео жарыялаган. Видеодогу адамдар «подстава» кылуу аракети болгонун жана президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев менен президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун атын аташкан. 

«Камера койгондорду билебиз, видео далил бар, баары жазылып алынды. Мунун максаты — президенттин колдоочуларын жаман көрсөтүү», — деген видеодо Азамат Марипов.  

Исраилов гүл салынган челектин ичинен тыңшоочу аппарат чыкты деп көрсөтүп берген. «Кылмышкерлердин энесин окутуп, акырына чейин турууну» убадалаган.

Азамат Марипов фейсбук барагына 8-апрель күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына чакыруу алганын, ага каралоо, куугунтук жүрүп жатканын жазган. Ошондой эле, «мекенчилдер» отурган жерге камерага коюуга Каныбек Туманбаевдин жансакчысын айыптап, видео жарыялаган

«Мекенчил» партиясынын мүчөлөрүнүн пикир келишпестиги соцтармакта кызуу талкууланып, «чайканадагы чатак» деген аталышта тарап кеткен. Кийин Пери Орозбекова аттуу соцтармактын колдонуучусу Азамат Марипов менен Эрланбек Тагаев аттуу адамдын болжолдуу кат жазышуусу деген видео тараткан

«“Мекенчил” атка жамынган шантажисттердин перепискалары чыгып кетти. [...]  Анда Каныбек Туманбаев менен Дайырбек Орунбековдон акча алабыз деген пландары жүрөт», — деп жазган Орозбекова.

«Мекенчил» партиясын 2010-жылы мурдатан бери үзөңгүлөш болуп келген Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров түптөгөн. 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарлыган парламенттик шайлоого катышкан.

Илимбек Исраилов — өзүн блогер атап, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдарга каршы, коррупционер Райымбек Матраимовду колдоо митингине катышкан. Журналисттерге карата чагымчылдык кылып жүргөн.  «Азаттыктын» кеңсесин өрттөп кетем деп коркуткан

Азамат Марипов фейсбуктун активдүү колдонуучусу жана социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, УКМ төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүрөт. Соцтармакта Марипов президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Адинай Марипова менен жакында эле Туризмди өнүктүрүү фондунун директору болуп дайындалган Кудрет Тайчабаровдун бир тууганы экенин жазышты