Рахмон Кыргызстанга келет: Президенттер чек ара келишимдерине кол коюшат

Эртең, 12-мартта, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президентин администрациясынан билдиришти.

Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-тажик чек арасы броюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюшат.

21-февралда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюшкан.

27-февралда Жогорку Кеңештин бир нече комитети Тажикстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашууларды жактырган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламентте Кыргызстан менен Тажикстан кайсы жер тилкелерин алмашканын айтып берген, анын катарында Достук айылы тажик тарапка өтөрү белгилүү болгон.

5-мартта депутат Султанбай Айжигитов парламентте сүйлөп, Достук айылын Тажикстанга берүүгө каршы экенин билдирген. Бул билдирүүдөн кийин аны «Ыйман Нуру» фракциясынын курамынан чыгарышкан.

6-мартта президент Садыр Жапаров депутаттын билдирүүсүнө жооп берип, Айжигитовдун сөзүн «демагогия жана манипуляция» деп атаган. Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселеси эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилгенин айткан.