13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол койгондон кийин Садыр Жапаров 1924-жылдан бери чечилбей келген чек ара маселеси биротоло чечилгенин билдирди.
Президенттин айтымында, 19-мартта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кол коюлган келишимди ратификациялоо үчүн Жогорку Кеңешке алып чыгып, документтеги ар бир бөлүк боюнча ачык маалымат берет.
«Ратификацияга жеткенге чейин кол коюлган келишимдеги көп учурларды айтпай келдик. Себеби, келишимге кол коюла электе бузуп албайлы дедик. 19-мартта Жогорку Кеңеште Камчыбек Кыдыршаевич ар бир чарчы метр жер боюнча ийне-жибине чейин ачык-айкын маалымат берет», — деди Жапаров.
Президент парламенттин ал жыйынына журналисттерди, коомдук активисттерди, демагогдорду, популисттерди жана «эл көрсүн, эмки шайлоого добуш топтой салайын» дегендерди катышууга чакырды.
Жапаров алмашылган айылдардын жашоочулары үчүн үйлөрүн таштап кетүү кыйын болуп жатканын түшүнүп турганын белгилеп, Тажикстандын кыргыз тарапка өткөн айылдарынын жашоочуларына деле «оор болуп жатканын» кошумчалады. Президенттин айтымында, мамлекет үйлөрү алмашылган жарандарды көңүл сыртында калтырбай, азыркы турак жайларынан алда канча жакшы шарттары менен, жаңы, заманбап үйлөрдү салып берет.
Өкмөттүк делегациялардын башчылары бүгүнкү күнгө чейин макулдашылган кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди жана карталарды коомчулукка көрсөтө элек. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 27-февралдагы жыйынында Кыргызстан менен Тажикстан кайсы тилкелерди алмашканын гана айтып берген. Анда башка тилкелер менен катар Баткен районундагы Достук айылы тажик тарапка өтөрү белгилүү болгон.
5-мартта парламентте сүйлөгөн депутат Султанбай Айжигитов Достук айылынын Тажикстанга берилишине каршы экенин айтып, документке кол коюлгандан кийин коңшулар Ворух анклавына коридор аларын белгилеген. Бул билдирүүсүнөн кийин ал «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылган.
Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. Бирок чек арадагы такталбаган аймактардан улам маал-маалы менен кагылышуулар болуп келген. Эң акыркы ири куралдуу жаңжал 2022-жылы сентябрдын ортосунда болгон. Анда эки тараптан тең жүздөн ашык киши өлгөн.