Жогорку Кеңеш 19-марттагы жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырды.
Документти 85 депутат колдоп, жалгыз Султанбай Айжигитов гана каршы добуш берди.
Буга чейин бул мыйзам долбоорун парламенттин алты комитети жактырган.
Депутаттар ошондой эле бүгүнкү жыйында төмөнкү келишимдерди да колдоп беришти:
- Суу-чарба, энергетикалык инфраструктура боюнча макулдашуу,
- Жол-транспорттук инфраструктура боюнча макулдашуу.
13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу келишимге кол коюшкан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, тажик парламенти чек ара боюнча келишимди 18-мартта ратификациялаган.