Буга чейин «Клооп» менен Темиров Live президенттин туугандары жана жакын адамдары «Мадина» базарынын, «ЖБИ заводунун» (Темир-бетон буюмдар заводу), «Сан Сити» оюн-зоок борборунун жана Камволдук-нооту комбинатынын жаңы ээлери болуп калганын айтып беришкен. Биз буга дагы бир далил таптык. 60 жылдан ашык убакыттан бери темир-бетон буюмдарын өндүрүп келген «ЖБИ заводунун» негизги акциялары президенттин досунун жакын адамдарынын колуна өттү. Завод өзү жакында ишин токтотуп, анын аймагында жаңы базардын курулушу жүрүүдө.

Үлүшүн Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин жакын адамы ээлеп алган «ЖБИ заводу» мамлекеттик органдардын кысымынан кийин толугу менен президенттин досу Арзыбек Буркановдун жакындарына өттү.

2025-жылдын 9-январында «ЖБИ заводу» ААКсынын дээрлик 42% акциясынын ээси Турдалиева Гүлмира Мамажановна болуп калды. Ал өзү «РУСОПТТОРГ» ЖЧКсы аркылуу Бурканов менен байланышта болгон жана бул компанияда жетекчилик кызматтарда иштеген. Турдалиевага Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин өнөктөшү Александр Голенконун акциялары өткөн болушу мүмкүн. Голенко 2024-жылы завод ири текшерүүлөргө кабылып, айып пулга жыгылгандан кийин дал ушундай өлчөмдөгү үлүштүн ээси болуп калган.

Турдалиева ири акционер болгондон беш күндөн кийин заводдун дагы бир ири акционери пайда болду — Айдаров Арстанбек Жаныбекович. Ал «ЖБИ заводунун» акцияларынын дээрлик 43% ээлик кылып калды. Айдаровдун да Бурканов жана Турдалиева менен байланышы бар. Ал Гүлмира Турдалиева директор болуп иштеген «Московская Инвестиционная Строительная Компания-Бишкек» ЖЧКсынын ээси. Аны Бурканов менен да компаниялар байланыштырат. Айдаров жетектеген «Ала-Тоо Гидро» ЖЧКсы жана «ММ-инвест» ЖЧКсы компанияларына Буркановдун уулу Азат ээлик кылат. 

Акциялардын негизги топтому Буркановдун өнөктөштөрүнүн колуна өткөндөн кийин, 2025-жылы 17-январда «ЖБИ заводунун» директорлор кеңеши башкы директор Сергей Полянскийдин ыйгарым укуктарын «өзүнүн каалоосу боюнча» токтоткон. Анын атасы Аленсандр Полянский заводду буга чейин көптөгөн жылдар бою башкарып, акционерлердин бири болуп келген. Заводдун жаңы жетекчиси болуп Гүлмира Турдалиева шайланды.

Мындан тышкары 2025-жылдын 18-февралында директорлор кеңешинин жаңы курамы бекитилген. Ага Султанов Нурбек Маматкадырович, Жалалов Жаныбек Махматалиевич жана Юсупова Сабира Мурзакуловна кирди.

Биз директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн да Арзыбек Бурканов менен байланышы бар экенин аныктадык:

  • Жаныбек Жалалов президенттик администрациядагы президенттин жана Минкабдын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштейт. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Чыңгыз Капаров Жалаловду Арзыбек Буркановдун «жакын адамы» деп атаган.
  • Сабира Юсупова «Ала-Тоо — кыргыз жери» саясий партиясынын мүчөсү

Заводдун жаңы акционери Арстанбек Айдаров «Клоопко» акциялардын сатып алууну ага Полянский өзү сунуштаганын билдирди. Ал мунун алдында Полянскийлердин үй-бүлөсүнө кысым болгон-болбогонун жана заводду сатууга аларды эмне аргасыз кылганын билбейт. Айдаров Бурханов менен аны көптөн берки өнөктөштүк байланыштырарын ырастады. «Бир нече компанияда чогуу иштейбиз, туугандык байланышыбыз жок», — дейт ал. Жаңы ээси заводдун жерин базар үчүн ижарага берүүнү пландап жатат.