Кримтөбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин УКМК ишкерлерди уюшкан кылмыштуу топторду «каржылаган» деп кармай баштаган. Бул башынан эле мүлктөрдү кайра бөлүштүрүүгө окшоп, анын жүрүшүндө кармалгандар бизнеси менен акчасын эркиндигине алмаштырууга аргасыз болушкан. Биз буга далилдерди таптык. Садыр Жапаровдун туугандары менен жакын адамдары кантип «Мадина» кездеме базарын жана коңшулаш жайгашкан жалпы аянты 32 гектарды түзгөн жеке ишканаларды өз колдоруна алганы жөнүндө айтып беребиз.
«Мадина» Абдукадырдын уулуна өтүүдө
Дээрлик 25 жылдан бери Бишкектин борбордук бөлүгүнөн алыс эмес жерде «Мадина» кездеме базары иштейт. Кездеме, фурнитуранын жана жабдуулардын кеңири түрү сатылган базарга дүңүнөн соода кылуу үчүн Кыргызстандын бардык аймактарынан тигүүчүлөр келет. Базар жеке ишкер Турсунтай Салимовго таандык болчу. Салимов 2001-жылдан бери «Мадинанын» түптөөчүсү жана ээси болуп келген.
2023-жылдын башында Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду базардын жанындагы унаа токтотуу жайынын ордуна Дүң-логистикалык текстиль комплексин куруу үчүн Салимовдун үй-бүлөлүк «Мадина Групп» компаниясына насыя берген. Бул үчүн унаа токтотуу жайынын жери күрөөгө коюлган.
2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМК кызматкерлери колго түшүрүү учурунда Камчы Көлбаевди атып өлтүрүшкөн. Үч күндөн кийин атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топко (УКТ) тиешеси бар деген айып менен Салимовду кармашкан. Бирок 2024-жылы мартта ал эркиндикке чыккан: бейрасмий маалыматтарга ылайык, Салимов мамлекетке $15 млн төлөп берген.
Таң калычтуусу, Салимов эркиндикке чыкканда мүлкүнөн дагы «ажыратылган». 2024-жылы майда жаңы комплекс курулуп жаткан жер Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун күрөөсүнөн чыгарылган. Августта ал жер Салимовдун үй-бүлөлүк «Мадина групп» компаниясы жана «Мадина» базары менен бирге «Тарим Трэйд» компаниясына өткөн.
Бир заматта эле 25 жылдык тарыхы бар кездеменин дүң соодасын өз колуна алып койгон ал бактылуу адам ким? «Тарим Трэйддин» негиздөөчүлөрүнүн бири катары Палван Нур Мухаммед көрсөтүлгөн. Ал уйгур көмүскө ишкери Хабибулла Абдукадырдын уулу. Хабибулла өзү OCCRP'нин, «Азаттыктын» жана «Клооптун» аткезчилик тууралуу иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири жана Кыргызстанда ысымы бажы коррупциясынын синоними болуп калган Райымбек Матраимовдун кудасы.
Иликтөө жарыялангандан кийин көпкө чейин жашыруун жүрүп калган Абдукадыр 2023-жылы кайрадан коомчулукка чыккан — бул жолу Садыр Жапаров менен чогуу. Бул боюнча суроолорго жооп берген президент ишкерге каршы кылмыш иши козголбогонун, эң башкысы анын өлкө экономикасына инвестиция салууга даярдыгы экенин айткан. Көп өтпөй OCCRP, Temirov Live жана «Клооп» президенттин уулу — Рустамдын достору Абдукадырдын бизнес-өнөктөштөрү болуп калганын аныктап чыгышкан.

Жыйынтыктасак: Салимов «Мадина» базары менен «Мадина групп» компаниясын (Дүң-соода комплексинин жери жана долбоору менен чогуу) Жапаровдун өнөктөшүнүн фирмасына өткөрүп берген. Чет элдиктердин катышуусу жөнүндөгү документтерине ылайык, анын жерге ээлик кылууга да укугу болгон эмес.
Бул маалда базардын өзүндө түшүнүксүз иштер болуп жатты. «Мадинанын» сатуучулары «Клоопко» Бишкек мэриясынын өкүлдөрү алгач базар шаардын сыртына көчүрүлөрүн айтып, бирок кийин бул процессти токтотуп коюшканын билдиришкен. 2024-жылы мартта мэрия «Мадина» базарынын түштүк тарабындагы муниципалдык жерге кирип кеткен павильондор бузула баштаганын билдирген. Аткаминерлер муну Менделеев көчөсүнүн айланасындагы аймакты жакшыртуу зарылдыгы менен түшүндүрүшкөн. Бирок кийин соодагерлерге «Мадинанын» жанына жаңы текстиль базары курулуп жатканы маалым болгон.
Google Earth спутник сүрөттөрүнөн мэрия жаңы базардагы курулуш аянтына барууга тоскоолдук кылган павильондорду бузуп жатканын көрүүгө болот. Мындан тышкары жаңы базардын курулушу Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Дүң-логистикалык комплекс куруу үчүн Салимовго насыя берген маалга дал келип турат. Бул кимдир бирөө Салимовдун кудасынын бизнесине көз артып, келечекте анын комплекси жарата турган атаандаштыктан коркуп курулуш баштап жибергендей көрүнүүдө. Жаңы базарды ким куруп жатат?
Бетон болчу, эми шифон болот
«Алар “Мадинанын” жогору жагына жаңы базар куруп жатышат», — деп билдирген иликтөөчү журналист Болот Темировго Ерлан Бекмырза аттуу чет өлкөлүк ишкер. — [Президенттин бир тууганы] Сабыр Жапаров, [президенттин мурдагы кеңешчиси] Арзыбек Бурканов жана [ИИМ башчысы] Улан Ниязбековдун жакын досу. Долбоорун көрсөтүшкөн, менде видеосу бар. Мен сизге жөнөтүп коем. Алар “Мадинаны” жаап, андагы бардык соодагерлерди жаңы базарга көчүрөбүз деп айтышкан».
«Клооп» бул маалыматты текшерип көрүп, «Мадинанын» жанындагы курулуш иштери «Завод ЖБИ» деген ачык акционердик коомдун ордунда жүрүп жатканын аныктады. Совет доорунда ал «Фрунзе энергострой» деп аталып, 1960-жылдан бери энергетика тармагы үчүн темир-бетон конструкцияларды өндүрүп келген. 1991-жылы завод акционерлештирилип, аталышы өзгөртүлгөн. Түзүмүн жана жамаатын сактап калган ишкана Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын куруучуларына керектүү болгон продукциянын 150дөн ашык түрүн чыгарган. Акционердик коомдун жылдык жүгүртүүсү 500 млн сомго жеткен.
Бирок завод мунусу менен эле кызыгуу жараткан эмес. Анын 13 гектарга жакын жери шаардын борбордук бөлүгүнө жакын жайгашкан жана ал «Мадина» базары менен чектешип турат. Мындан тышкары анда Бишкек-Луговая (Казакстан) каттамына чыга турган өзүнүн жеке темир жол тармагы бар. Бул жердин өзүн эле $14 млн бааласа болот.
2021-жылдан тарта «Завод ЖБИни» Салык кызматы менен прокуратура текшере баштаган. Алар ишкана салык төлөбөгөнүн айтышкан. Салык кызматы заводго каршы карызын мажбурлап өндүрүү жөнүндө доо арыз берип, 2021-жылы ноябрда анын мүлкү камакка алынган. Бир жылдан кийин ишкананын аймагына котлован казылган. А 2023-жылдын апрелинде ал жакта жаңы курулуштун пайдубалы пайда болгон — бул Google Earth сервисинин спутник сүрөттөрүнөн көрүнүп турат.

Формалдуу түрдө «Завод ЖБИ» ААКсы азыр деле бар, бирок андагы жумушчулардын саны 128ден тогузга чейин кыскарган. Булактардын бири «Клоопко» ал жерде жаңы базарды куруу иштери башталардын алдында завод бардык жабдууларын сатып жибергенин, а аткаминерлер ишкана турган жерди тартып алышканын айтып берген.
Биз Садыр Жапаровдун жакындары ишкананын жетекчиси жана акционери Александр Полянский менен бүтүмгө келүү аркылуу «Завод ЖБИнин» активдерин өздөрүнө алганын аныктадык. Полянский заводдун мүлкү камакка алынгандан жарым жыл өткөндөн кийин президенттин мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун балдары — Азат жана Мээрим — ошондой эле президенттин бир тууганы Сабыр Жапаровдун жубайы Бурул Кыштобаева менен биргеликте бир нече биргелешкен компания негиздеген.
2022-жылы июлда Полянский Азат Бурканов жана Бурул Кыштобаева менен чогуу «Ала-Тоо Гранд» компаниясын негиздеген. А 2023-жылдын апрелинде Мээрим Бурканова менен «Российский металл» фирмасын ачкан.

Байланыштардын схемасы
2024-жылы сентябрда «Ала-Тоо Гранд» компаниясынын ээлери алмашып, анын жалгыз негиздөөчүсү Дооталиев Нурлан Асанакунович болуп калат. Социалдык түйүндөрдө мындай ысым менен катталган адам Садыр Жапаров жана анын бир тууганы Орозобек менен дос. Бирок аны президенттин үй-бүлөсү менен бул гана байланыштырбайт. 2022-жылы Сабыр Жапаровдун жубайы Бурул Кыштобаева Дооталиевге Көк-Жар конушундагы үйдү сатса, алты айдан кийин Дооталиев ал үйдү Сабыр Жапаровдун кызы Гүлзинатка саткан.
Ал арада «Завод ЖБИнин» да ээлери алмашат. Мурда заводдун акцияларынын 20% ашыгы чет өлкөлүктөргө таандык болгон, ошондуктан алар ал жерге ээлик кыла алышкан эмес жана мэриядан ижарага алып колдонушкан. Заводдун башчысы Полянский Мээрим Бурканова менен жалпы бизнес түптөгөн, 2023-жылдын 23-апрелинде ишкананын мүлктөрү камактан чыгарылган. Investfunds порталынын маалыматына ылайык, ошол эле жылы жайында «Завод ЖБИнин» акцияларын кимдир бирөө сатып алган. А 2024-жылы апрелде завод ижарага алып колдонуп келген жер 13 гектарлык бир жер тилкесине бириктирилип, заводдун менчигине берилген.
Жакында эле, 2024-жылдын 17-октябрында «Завод ЖБИнин» акцияларынын 41,88%на Александр Ильич Голенко ээлик кылып калды. Temirov Live аныктап чыккандай, Голенконун президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жана анын калкалоосундагы компаниялар менен байланышы бар. Ал компаниялар «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик монополиясынын тендерлерин утуп келишкен.
Мунун баары темир-бетон продукциясын өндүргөн дагы бир эски заводдун — «Кум-Шагылдын» тартып алынышын эске салып турат. Аны да 2021-жылы текшерүүлөр каптап, андан соң Бишкек мэриясы менен Туманбаев башында турган президенттин иш башкармалыгы ээлеринен тартып алышкан.
2024-жылы июлда Голенко заводдун аорисорисорисБориБймагындагы «Пилон» компаниясынын да негиздөөчүлөрүнүн бири болуп калган. Мурда бул фирма заводдун директору жана акционери Полянский менен анын өнөктөштөрүнө таандык болчу. Эми анда Голенконун өнөктөштөрү катары Мырсалиев Абдымалик Чортомбаевич менен Бокушова Гүлбара Өмүрбековна көрсөтүлгөн. Temirov Live'дын журналисттери Мырсалиевди ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун агасы, ал эми Бокушованы Арызбек Буркановдун балдызы деп аташкан. А 2023-жылы, «Пилон» жаңы ээлеринин колуна өткөнгө чейин, анын негиздөөчүлөрүнүн бири президенттин бир тууганы Сабыр Жапаров болгон.
Эми жаңы акционерлер «Завод ЖБИнин» аймагында курулуш жүргүзүп жатышат. «Мадинанын» бир нече соодагери жана ишкер Ерлан Бекмырза «Клоопко» ал жерге жаңы базар курулуп жатканын айтып беришти. Алардын жаңы базарды «Мадина» жана алдыда сөз боло турган дагы бир объект менен бириктирүү ниеттери бар өңдүү.
«Сан Сити» президенттин досуна өттү
2005-2007-жылдары «Мадина» базарына жана «Завод ЖБИге» жакын жайгашкан эки гектар жерге ишкер Борис Сан «Сан Сити» аттуу спорттук-оюн-зоок борборун курган. Анда бассейндер, аквапарктар жана спорттук залдар болгон.

«Завод ЖБИнин» жетекчиси Полянский Арзыбек Буркановдун туугандары жана президенттин жеңеси Бурул Кыштобаева менен «Ала-Тоо Гранд» компаниясын ачкан 2023-жылы июлда, Борис Сандын уулу Александр да алар менен бирге «Астана Гранд» деген компанияны негиздеген. Ошол эле мезгилде, ошол эле жерде, ошол эле өнөктөштөр, аталыштарындагы «Гранд» сөзү — мунун баары жөнөкөй дал келүү үчүн көптүк кылат.
Бирок бул окуяда «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун тагдыры менен дал келүүлөр мындан да көп.
Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн эки ай өткөндөн кийин, 2023-жылы ноябрдын аягында УКМК Салимовго тагылган маркум кримтөбөл менен байланышкан деген айып менен Александр Санды да кармаган. 2023-жылы 19-декабрда Сан бошотулган. Атайын кызмат ишкер келтирилген зыяндын «ордун толутуруу» катары мамлекетке 500 млн сом жана Ысык-Көлдөгү «Рух Ордо» туристтик комплексин бергенин билдирген. Комплекс алгач Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна, кийин Президенттин иш башкармалыгына өткөн.
Бирок 2024-жылдын 8-январында Александр Сан «Сан Ситиден» да кол жууган: спорттук-оюн-зоок борбору «Баткен Курулуш» компаниясына катталган. Ал президенттин мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановго таандык. 2024-жылы августта аталган компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири баягы эле Бурул Кыштобаева болуп калган. Албетте, бул жөнүндө УКМК маалымат берген эмес.
Google Earth сервисинин 2024-жылы майда тартылган сүрөтүндө «Сан Сити» спорткомплекси түрттүрүлүп, анын ордунда курулуш иштери башталганы көрүнүп турат. Спутниктен тартылган сүрөттөргө ылайык, ал кездеме, фурнитура жана тигүү жабдуулары дүңүнөн сатылып, президенттин туугандарын байыта турган жаңы базардын уландысы. «Мадина» базарындагы жумушчулар «Клоопко» «Сан Ситинин» ордуна да жаңы базар — «Экинчи Мадина» курулуп жатканын айтышты.

Нооту комбинаты Абдукадырдын уулуна өтүүдө
Абдукадырдын уулунун «Тарим Трэйд» фирмасы «Мадина» базарынан тышкары дагы бир чоң жер тилкесин жана анын жанындагы курулмаларды да алган. Ал жер «Кыргыз камволдук-нооту комбинатына» таандык болчу. Анын мүлкүнүн негизги үлүшүнө «Аю» холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов менен байланышы бар адамдар ээлик кылышкан.
2023-жылы сентябрда УКМК «Кыргыз камволдук-нооту комбинатынын» мүлкү мамлекетке «кайтарылганын» билдирген. Анда мекеме Абдыкеримовдун адамдары комбинаттын мүлкүнүн бир бөлүгүн 4,1 гектар жери менен чогуу мыйзамсыз алышканын билдирген.
Бирок «Клооп» бул жерден тышкары мамлекетке коңшу жайгашкан жер тилкелери да өткөнүн аныктап чыкты. Алардын бирине Шаршенбек Абдыкеримов менен Турсунтай Салимовдун туугандарынын T.S.Group курулуш компаниясы ээлик кылган.
2023-жылы ноябрда УКМК T.S.Group «Кыргыз камволдук-нооту комбинатынын» менчигинен жалпы аянты 4,5 гектарды түзгөн кампаларды мыйзамсыз чыгарып алганын билдирген. 2024-жылы майдын башында уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында компаниянын өзү жана аталган жер тилкеси мамлекетке өткөн.
Ошол эле айдын аягында өкмөт бул жер тилкелерин бириктирип, жалпы аянты 9 гектарды түзгөн жерди бөлүп төлөө шарты менен «Тарим Трэйд» компаниясына саткан.
Эске салсак, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, бул компаниянын чет өлкөлүк катышуучусу бар. Тактап айтканда, анын ээлеринин бери дегенде эле бирөө Кыргызстандын жараны эмес. Мындай компанияга жер тилкесин сатуу Конституциянын жана Жер кодексинин нормаларына каршы келет. Анда жер чет өлкөлүк жарандын же чет өлкөлүк катышуучусу бар юридикалык жактын жеке менчилигинде болушу мүмкүн эместиги так жазылган. Бирок кеп президенттин өнөктөштөрү жөнүндө болуп жатканда мыйзам эч кимди токтотпойт окшойт.
Баары досторума, калганына — мыйзам
Абдыкеримов чынында эле камволдук-нооту комбинаттын бир бөлүгүн кылмыштуу жол менен алган дейли. Бирок эмнеге мамлекет ал мүлктү алгандан кийин аукционго койбой, Абдукадырдын уулуна саткан, болгондо да бөлүп төлөө шарты менен?
Садыр Жапаров өзүн уурулук кылган досторун камаган Сингапурдун негиздөөчүсү Ли Куан Ю менен салыштырганды жакшы көрөт. Бирок президент өзү «баары досторума, калганына мыйзам» деген принцип менен жашап жаткандай.
Арзыбек Бурканов Садыр Жапаровду досум деп атаган жана президент муну ырастаган. 2012-жылы Башкы прокуратура Садыр Жапаров депутат кезинде Бишкектин борборундагы имаратты жасалма документтер менен жалган адамдын атына каттатып, аны Арзыбек Буркановго сатууга аракет кылганын билдирген. Бирок сата алган эмес: имаратты шаардык прокуратура камакка алган. Жыйынтыгында Жапаров мүлктүн камакта экенине карабастан, аны досу Камчыбек Ташиевдин жээни (иниси) — Шумкар Жаныбек уулуна саткан.
УКМК кармаган ишкерлердин мүлктөрү мекеме башчысынын жана өлкө президентинин айланасындагы адамдарга мурда да өткөн. Буга чейин «Клооп» милициянын мурдагы жетекчиси Жалил Атамбаевге таандык Бел-Алма көмүр кени орусиялык ишкер Николай Коробовскийге өткөнүн аныктап чыккан. Ал Садыр Жапаровдун айланасындагылардын жана УКМКнын башчысы Ташиевдин Кыргызстандагы «Барселона футбол академиясы» боюнча бизнес өнөктөшү. Коробовский ошондой эле президенттин жубайы Айгүл Жапарованын мамлекеттик долбоорлоруна да демөөрчү болгон.
Мунун баары коррупцияга каршы күрөштү эмес, а жакын адамдарга гана жасоого уруксат берилген коррупциянын монополиясын эске салууда.
«Мадина» балким бийликтеги тандемдин жакындары көзүн арткан акыркы базар эмес болушу мүмкүн.
28-октябрда бийлик «Дордойдун» курамына кирген «Оберон» базары жана «Орто-Сай» базарынын бир бөлүгү шаардык соттун чечими менен мэриянын карамагына өткөнүн жарыялады. Аталган базарлардын ээси Нуржамал Байболова бийлик үй-бүлөлүк бизнесин тартып алганын айтып чыкты. Буга чейин үй-бүлөсү «Кудайберген» унаа базарына ээлик кылган парламент депутаты Эльвира Сурабалдиева бизнесин тартып алуу боюнча коркутуулар келип, Салык кызматы текшерүүлөрү менен жүдөтүп жатканын билдирген. Ага чейин ал Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы добуш берген — бул күмөндүү келишимди сындап чыккандар жапырт түрдө камакка алынган.
Авторлор: Арууке Солтоной, Виктор Мухин, Екатерина Резникова