Төкмө акын Асылбек Маратов саясий темада ырдаганы үчүн эскертүү алды

Төкмө акын Асылбек Маратов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырылып, эскертүү алганын өзүнүн Facebook барагына жазды.

«Эскертүү алып чыктым, эми Эгем жар болсун. Эч кимге абак каалабайм эл көңүлү шаң болсун», — деп сүрөт жүктөдү акын.

Маратов өзү бул тууралуу «Клоопко» эскертүүнү концертте саясий темаларда ырдаганы үчүн алганын айтып, башка маалымат берген жок.

Быйыл 17-январда Бишкекте төкмө акын, Маратовдун устаты Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти өткөн. Маратов ошондо:

«Отуз жылдын ичинде
Көзүбүздү кызартып,
Көптөн карыз сурадык
Көзүбүздү кызартып,
Салыкты мына жыйдык го
Карапайым калкымдын
Жонуна нечен туз арттык
30 млрд жегенди,
10 мүнөт кол чаап узаттык»,— деген саптарды айтып төккөн болчу.

Соцтармакта акын аталган видео үчүн эскертүү алган болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Асылбек Маратов — белгилүү кыргыз төкмө акыны. Учурда «Айтыш» коомдук фондунун төрагасы.

Өлкөдөгү цензура төкмөлөргө буга чейин эле жеткен. Мисалы, акындар Нурсултан Малдыбаев менен Азамат Асанбеков тууну өзгөртөлү деген президент Садыр Жапаровдун демилгесин сынга алышкан. Бирок кийин кайра эле төкмөлөр оюн өзгөртүп ырдап, калкты бир туунун алдына биригүүгө чакырышкан.