Дүйнө жүзү Кыргызстанда журналисттер репрессияланып жатканын айыптап жаткан чакта, өлкө бийлиги акындарга, манасчыларга, стендап комиктерге басым жасай баштады. Маданият тармагынын өкүлдөрү үн катпай отурат же режимди колдоого аргасыз. Саясатчыларды сындап ырдап же тамашаларында кыстара кеткендер сахнадан чететтилет. Өлкөдөн чыгып кетүү менен маселе чечилбейт: искусство адамдары үчүн бул өнөрүнөн, тандаган кесибинен баш тартууга барабар. 

Акындар Нурсултан Малдыбаев менен Азамат Асанбеков көпчүлүк кыргыз акындарындай эле, капыстан мамлекеттик тууну өзгөртөлү деген президент Садыр Жапаровдун демилгесин сынга алышкан. Аркасына Ала-Тоону фон кылган эки акын көйгөй желекте эмес, бийликтин өзүндө болуп жатканын айтып чыккан. Байракты өзгөрткөндөн көрө, элди талап-тоногон бийлик өкүлдөрүн алмаштыруу керек деп ырдашкан. Нурсултан Малдыбаевдин тик-токтогу жана фейсбуктагы барагында бул ырдын видеосун миңдеген адам көрүп, бөлүшүп, жактыргандар жайнап кеткен. 

Бирок өлкөнүн башкы идеологу, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Ала-Тоо аянтына жаңы желек илгенден кийин, Малдыбаев менен Асанбеков башкача ырдап калышты — төкмөлөр калкты бир туунун алдына биригүүгө чакырышты.

«Манас» эми — президент жана УКМКнын башчысы 

«Желегибиз өзгөртүлүп илинди, жебегиле эми бири-бириңди, жакаларды жулушпай, жаман айтып урушпай, жан дүйнөгө толтуралы билимди», — деп ошол эле акындар төгүп баштады. — Өзгөртүлүп кызыл желек нурлары, жакшы ниетте болгон чыгар бул дагы, деп төгүп, «Москва бир күндө эле курулбаганы» жана бул да кудайдын сынагы деп түшүндүрүп, жарандарды бири-бири менен урушпоого чакырышты. Кимдин кандай экенин эл билет. Ошондуктан жөн гана бир желектин астына жыйылгыла дешти.  

Малдыбаев менен Асанбеков ушуларды төгүп жатканда алардын артында тоолор эмес, эки акындын ортосунда «Кыргыз мамлекеттик "Манас" театрынын» директору Азиз Биймырза уулу турду. Акындардын бул «айтышы» мамлекеттик канал аркылуу көрсөтүлдү.

Акындар соцтармакта дагы көз карашын өзгөртүштү. Нурсултан Малдыбаев Facebook барагында мыйзам кабыл алынганын, болор иш болгонун, андыктан элди биримдикке, ынтымакка чакырууну, бири-бири менен урушпай жашоого үндөөнү туура көргөнүн жазган. 

Парламент депутаты, акын Мирлан Самыйкожо театрдын жетекчилигине сын айтты. «Акындардын аброюн минтип түшүрбөй эле койсоңор болмок!», — деп агынан жарылды Самыйкожо. 

«Манас» театрынын директору болсо Малдыбаев менен Асанбековдун жетекчиси экенин «Клоопко» тастыктады. Бирок аларга басым жасаган жокмун деп ишендирди. Керек болсо, желекти өзгөртүүнү өзү да колдобогонун, эми колдоп жатканын айтты. Төкмө акындардын ортосуна турууну журналисттер суранып, курткасына микрофон тагышканын түшүндүрдү Биймырза уулу.

«Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин мурунку жетекчиси, манасчы Дөөлөт Сыдыков дагы бийлик менен компромиске барды. Болбосо, буга чейин чиновниктер комплекстин 5 соток жерин тартып алып, президенттик администрациянын жаңы паркын ачабыз дегенде каршылык билдирип чыккан болчу. (Садыр Жапаров үчүн хан-сарай Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курулуп жатат).  

2022-жылы май айында президент «эскертүү» жибергенден кийин Дөөлөт манасчы жумушун таштап, өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок жакында Facebook барагына УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен түшкөн сүрөтүн киргизди. Кыргызстанга кайтып келгенин айтып, Ташиевге жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Аны менен катар «Манасты» жайылтуу идеяларын колдой турганын ачыктады.

Саясаттын ордуна арзан тамаша

Кыргызстанда эл артистерин көз карандысыз журналисттердей катуу куугунтукташкан жок. Мисалы, 15-январда күч органдарынын кызматкерлери 24.kg басылмасынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жетекчилерин «согушту пропагандалоо» беренесинин негизинде суракка чакырышкан. Ал эми 16-январда тинтүүлөрдөн жана сурактардан кийин Болот Темировдун медиадолбоорунун мурда иштеп кеткен жана азыр иштеп жаткан кызматкерлери «массалык башаламандыктарга чакыруу» беренеси менен ТИЗОго камалышты. Анткен менен маданият кызматкерлерине карата да саясий басым күчөп жатканы айдан ачык.  

Жаңы жылдан кийин акын Арген Биймырза уулу кесиптештери — Акматбек Султан уулу, Изат Айдаркулова, Нурайым Бактияр кызы жана Аккыз Абасбекова маркум акын Элмирбек Иманалиевдин юбилейине арналып 17-январда өтө турчу концертке катышпай калганын эскерткен. Аргендин айтымында, Республикалык «Айтыш» коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов жана анын жанында жүргөндөр аты аталган акындарды концертке катыштырбай койгон. Себеп катары «бул акындардын идеологиясы» концертти уюштурган топтун көз карашына туура келбегени айтылган. Маратов концертке баары чакырылганын айтып, келерин же келсебин ар бир акын өзү чечти деп ишендирген.  

Бул окуя эки тараптын келишүүсү менен аяктаган. Арген жана анын кесиптештерине колдоо сөздөрү айтылып, каттар жазылган. Жыйынтыгында Кыргызстандын Антальядагы консулдугу аларды Түркияга чакырган. Кепке келбеген акындар кыргыз аудиториясынан алысыраак — Түркияда концерт беришти.  

Бирок мындай дайыма эле боло бербейт. 16-январда Болот Темировдун командасында иштеген жана иштеп кеткен журналисттер менен кошо «Айт Айт Десе» долбоорунда иштеген (Болот Темировдун дагы бир медиадолбоору – ред) акын Азамат Ишенбеков кармалып, эки айга камакка алынды. Ал бийликти сынга алып, мамлекеттик органдардагы коррупция жөнүндө төгүп келген. Эми ал «массалык башаламандыкка чакыруу» жана «уюштурууга» айыпталууда.   

Ишенбеков чыгармачылык ишмердигине байланыштуу кармалган алгачкы акын эмес. 2022-жылы акын Болот Назаров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө чыккандан кийин Болот Темиров менен кошо кармалган. Темиров менен Назаров кармалганда жанынан баңгизат табылды дешкен. Ал эми экинчи жолу Болот Назаров ошол эле жылдын күзүндө жылкы уурдоого шектелип кармалган. Темиров анда Назаровго жылкы белекке берилгенин, кийин уурдады деп үстүнөн арыз жазышканын билдирген. Назаров болсо жылкыны өз эрки менен кайтарып берген. Ошентип уурулук жөнүндөгү иш тараптардын элдешип алуусунан улам жабылган. 

Өлкөдөгү цензура катардагы артисттерге чейин жетти. 2023-жылдын 6-декабрында Кыргыз мамлекеттик филармониясында куудул Рахман Разыковдун жаркын элесине арналган концертке Күмөндөр Абылов, Кубик Калыков, Тынар Курбаналиев жана башка белгилүү куудулар жана ырчылар катышкан. Концерттин алдында продюсер жана режиссёр Рысбек Жабиров артисттер менен куудулдарга сахнадан «оппозициялык» билдирүү жасоого тыюу салган, а эгер программада болуп калса, аларды алып салабыз деп айткан.  

Куудул Назгүл Алымкулова 18-январда стендапчыларга айрым темаларда тамаша айтууга тыюу салынганын билдирди. Эми бир гана «эмчек-башты» гана айтып калат окшойбуз деген ал. Бирок Алымкулова чуулгандуу постунан кийин интервью берүүдөн баш тартты. «Камалуучу, ой, урматтуу журналисттер менден интервью алат элек деп сурабаңыздар! Менин эмчектеги балам жана кызганчаак күйөөм бар, айлап камералап саякаттап жүрө албайм!» — деп жазды Алымкулова.

Кайтарым байланышы жок режим 

Бийлик акын, манасчы жана стендапчыларга, айрыкча кыргыз тилдүүлөргө басым кылууга маш — анткени талылуу жерлерин билет. Мисалы, журналисттер чет өлкөдө туруп эле интернет аркылуу маалымат булактары менен байланышып иштей берет. Ал эми сахнада өнөрүн тартуулаган артисттердин көпчүлүгү үчүн аргасыз өлкөдөн чыгып кетүү өз кесибинен баш тартууга тете. Кыргызстанда тойлордо, концерттерде, сынактарда жана мамлекеттик иш чараларда өнөр көрсөтүшөт, кесиптештери жана устаттары ушул жакта. Эл аралап жүрүп илхам келет, жаңы чыгарма жаралат. Эми аларда: ушул саясий режимди колдойсуң же сахнадан кетесиң деген эки тандоо турат.

Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов Жапаров-Ташиев тандеминдеги акыркы репрессиялар Кыргызстан гана эмес, бүткүл аймак үчүн мурда болуп көрбөгөндөй деп эсептейт. «Окуянын версиялары ар башка, бирок алардын бирине ылайык, Бишкекте бийлик тандеминде өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, — деп жазат ал. — Мындай жоболоң ишке ашуу үчүн ЖМК толук лоялдуу болуш керек жана моюн толгогондордон арылуу зарыл экени айтпаса да түшүнүктүү». 

Эгер Жапаров президенттик ордун Ташиевге бошотуп берген күндө деле, өлкөгө, анын ичинде бийликке чындыкты адекваттуу сүрөттөп бергенге шыгы бар адамдар керек. Садыр Жапаровду мурдагы бийлик куугунттуктаган кезде бийликчил ЖМКлар анын билдирүүлөрүн чыгарбай, өзүн теледен көрсөткөн эмес — болгону көз карандысыз ЖМКлар жазган, элдик трибуналарда гана аты айтылган. Азыр эми эң жогорку чекке жеткенден кийин, Жапаров аларды «батышчыл», «бузукулар» деп атап жатпайбы. Ошол эле кезде ал райондук кеңештерди таркатып, эл менен болгон кайтарым байланыштын акыркыларын жоготуп жатат.

Көптөгөн акындардын устаты, маркум Элмирбек Иманалиевдин мындай айтканы бар:

Түбөлүк эч ким башчы эмес,
Түшүнбөй коюу жакшы эмес.
Акыйкат айтсаң чоңдорго,
Ар дайым эле жакчу эмес!..

«Баш кесмей бар, тил кесмей жок» деген кыргыз. Анда бийликке сын айткан үчүн жазалоого болбойт деп айтылат. Акындар элдин абийири, ал үчүн кечирим сурабашы керек. 

Авторлор: Виктор Мухин, Арууке Солтоной.