Президенттик администрациянын мурдагы аткаминери Жаныбек Жалалов менчик ээсинен тартып алынган «ЖБИ заводунун» директорлор кеңешинин курамына киргенин ырастады. Буга чейин «Клооп» менен Temirov Live мамлекеттик органдар текшерип, миллиондогон айып пул салгандан кийин бул жеке ишкана толугу менен президенттин досу Арзыбек Буркановго байланышы бар адамдарга өткөнүн маалымдаган.
Жалалов заводдун мурдагы ээси Александр Полянский өзүнүн акцияларын президент Садыр Жапаровдун айланасындагы адамдарга өз каалоосу менен сатканын билдирүүдө. Анын айтымында, жаңы ээлери тарабынан эч кандай рейдерлик басып алуу болгон эмес.
Жалалов мындан тышкары «бир жылдан бери» президенттик администрацияда иштебей калганын кошумчалады.
Буга чейин «Клооп» Жалаловду «ЖБИ заводунун» директорлор кеңешинин мүчөсү кылып президенттин мурдагы кеңешчиси жана досу Арзыбек Буркановго байланышы бар жаңы акционерлер дайындаганын кабарлаган. Кезинде активист Чыңгыз Капаров Жалалову Буркановдун «жакын адамы» деп атаган.
Президенттин жакындары кантип заводго ээлик кылып калышканы жөнүндө Temirov Live менен бирге жасаган иликтөөбүздө айтып бергенбиз. Анда биз президенттин туугандары менен жакын адамдары «ЖБИ заводунун», «Мадина» базарынын, «Сан Сити» көңүл ачуу борборунун жана Камволдук-нооту комбинатынын жаңы ээлери болуп калышканын аныктаганбыз.
Бул объектилердин бардыгы тең укук коргоо органдары тарабынан салыкты жашырууга, коррупцияга жана криминал менен байланышта болууга айыпталган ишкерлерге таандык болгон. Алардын ичинен экөө УКМКнын ТИЗОсуна камалып чыккандан кийин «өз ыктыяры менен» мамлекеттик бюджетке миллиондогон суммаларды которушкан. Ал эми бизнестеринин бир бөлүгү тымызын түрдө президенттин жакын адамдарынын колуна өткөн.
Ал ишкерлердин бири 60 жылдан бери иштеп келген заводду жетектеген Александр Полянский болгон. Кысым көрсөтүүлөр башталганда завод ишмердүүлүгүн токтоткон. Жаңы ээлери азыр ишкананын аймагына жаңы базар куруп жатышат.