Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримавторитет Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткондугу үчүн күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу «Клоопко» адвокат Сергей Слесарев билдирди.
«Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылды, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза чарасы белгиленген жок»,
— деди юрист.
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.
Батукаевди бошотуу иши Атамбаевдин экс-президент макамынан ажырашынын себептеринин бири болгон. Ички иштер министрлиги Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок ал суракка баруудан баш тарткан. Натыйжада 2019-жылдын августунда Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин резиденциясына күч колдонуу менен штурм уюштурулуп, мурдагы президент кармалган.
2020-жылдын июнь айында сот Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча коррупцияга аралашкан деп таап, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.
Бирок 2023-жылдын февралында Атамбаев колониядан бошотулган. Жогорку сот Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишин кайра кароого жөнөткөн.
Алмазбек Атамбаев азыркы тапта дагы бир нече кылмыш иши боюнча фигурант бойдон калып, алар сотто каралууда.