Президент Садыр Жапаров 18-апрелде соодагерлер үчүн патент системасын кайра кайтаруу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Мекеме башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, патенттин баасы соода аянтына же болжолдуу жылдык кирешеге жараша белгиленет.
«Азыр мындай система боюнча "Дордой" жана "Тураталы базары" иштеп жатат. Бул жерлерде ККМ колдонулбайт. Эми бардык жерде ушундай система болот», — деди ал.
Шыкмаматов Салык кызматы ошондой эле товардын документтери жок болгон учурда, соодагерлерге анын базар баасынын 5% түзгөн киреше салыгы боюнча салык санкциясын колдонуудан баш тартканын белгиледи.
Анын айтымында, жылдык кирешеси 50 млн сомго чейин болгон (мурдагы чеги 30 млн сом болчу) ишкерлер 0,5% салык төлөп иштей алат. Салык кызматынын башчысы бул ишкерлерге аз салык чени менен көбүрөөк киреше табууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
«Бирдиктүү салыкта милдеттүү түрдө ККМ колдонуу каралган. Буга байланыштуу кыйынчылыктар болгондуктан, соодагерлер аны колдонуудан жана салыктарды төлөөдөн качып келишкен. Ал эми 100 миллиондук чектен ашып кеткен учурда, көпчүлүгү жөн гана күбөлүктөрүн башка адамдарга кайра жаздырып коюшкан», — деди ал.
Шыкмаматов патенттин негизинде, кирешенин көлөмүнө жараша чектөөсүз белгиленген салыктын суммасы — бюджетке түшкөн салыкты 1 млрд сомго чейин көбөйтүшү мүмкүн экенин кошумчалады.
Жарлыкка ылайык, мындан тышкары зер буюмдарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген ишкерлер үчүн 0,25% салык белгиленди.
Чет өлкөлүк компаниялар менен болгон бүтүмдөрдө салык Кыргызстанда алынган кирешенин 0,2% түзөт.
Патент системасынын жоюлушу жана нааразылыктар
Кыргызстанда электрондук-эсеп фактурасы менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) толтуруу 2023-жылдын башынан бери милдеттүү болуп калган. Анда Бишкектеги бир катар ири базарлардын соодагерлери бул жаңы талаптарга каршы нааразылык акцияларына чыгышкан.
Алар бийликтен эсеп-фактурасы менен ЭТТКны жокко чыгарып, патент системасын кайра кайтарууну өтүнүшкөн. Жарандарды тынчтандыруу үчүн митингдердин бирине Садыр Жапров өзү барып, жаңы системаны киргизүү мөөнөтүн жылдыра турууну убадалаган.
Соода ишмердүүлүгү үчүн патент системасы былтыр июль айынан тарта жоюлган.
Быйыл январдан тарта өлкөдө мунай, алкоголь жана тамеки продукцияларынан башка товарлардын түрлөрү үчүн ЭТТКны милдеттүү колдонуу талабы жокко чыгарылган.
Февралдын аягында Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев өкмөт ЭТТК колдонуунун тартибин кайра карап чыгып, «зарыл болгон жерлерде» кайрадан патенттик системага кайтып жатканын билдирген.