Бишкек: Айтматов проспектисинде клён дарактары отургузула баштады

22-апрелде Бишкек мэриясы Айтматов проспектисинин боюндагы кыйылган теректердин ордуна клён дарактарын отургуза баштады.

Көчөттөр Европадан алып келинген. Президенттин иш башкармалыгынан бул боюнча кеңири маалымат кийинчерээк берилерин билдиришти.

Былтыр ноябрдын аягында мэрия Айтматов проспектисинин боюндагы миңден ашык теректи кыйган. Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин айтымында, дарактар эскирип, жашоочулар үчүн «кооптуу болуп калган». Анда мэр теректердин ордуна шаардын климатына туура келе турган башка дарактар отурузуларын билдирген.

Жыйынтыгында ал жерге бийиктиги 4,5 метрди түзгөн клён дарактарын отургузуу чечими кабыл алынган. Анда вице-мэр Жамалбек Ырсалиев теректердин кыйылганына ыйлап жаткандар, «кийин кубанарын» айткан.

Көп өтпөй миңден ашык теректин шашылыш кыйылышына президенттин кеңсеси — «Ынтыма Ордо» жайгашкан Айтматов проспектисин алты тилке кылып кеңейтүү себеп болгону айтылган. Бул үчүн мэрия дарактарды кыюудан тышкары, жолдун боюндагы үйлөрдүн тосмолорун буза баштаган. Үй ээлери шаар бийлигинин аракетин мыйзамсыз деп атап, компенсация талап кылууда.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жол чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алуу үчүн кеңейтилип жатканын билдирген. 2025-жылы Кыргызстанда ШКУнун саммити өтүп, ага 19 өлкөнүн президенттери катышат.