Ошто жаңы жол салуу үчүн үй-жайы бузула турган жашоочуларга кенемте төлөнөт

Каржы министрлигине Ош облусундагы жаңы төрт тилкелүү жолду салууда үй-жайы бузула турган жашоочуларга кенемте төлөп берүү үчүн 67,8 млн сом бөлүү тапшырылды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Адылбек Касымалиев 21-апрелде кол койду.

Кеп узундугу 599,19 метрди түзгөн жол жөнүндө болууда. Ал Бишкек — Ош трассасын түштүк борбордогу Турсунбаева көчөсү менен байланыштырышы керек.

Документте кенемтенин өлчөмү көз карандысыз баалоочулардын корутундуларынын негизинде аныкталары жазылган.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн 24.kg басылмасына билдиришкендей, жаны жол ал аймактагы турак үйлөрдөн улам салынып бүткөн эмес. Маалыматка ылайык, ал жерде жалпысынан 32 үй жана беш коммерциялык объект бар.

Ошол эле маалда мекемеден андагы үйлөрдүн баары эмес, айрымдарынын тосмолору, чарба курулуштары гана бузуларын белгилеп, кенемте төлөө жакында башталарын кошумчалашты.

Ал арада Навои көчөсүнүн тургундары кенемтенин төлөнүшүн жана көчүп кетүүгө ылайыктуу жер тилкелеринин берилишин күтүп жатышат. Оштун бийлиги бул көчөнүн энин 30 метрге чейин кеңейтүүнү пландап жатат. Бул үчүн кызыл сызыкка чыгып кеткен делген үйлөрдү бузуу каралууда. Мэрия жашоочуларга эскертүү берип, 12-апрелде мажбурлап бузуу иштерин баштаган.