Оштогу «Орус үйүнүн» кызматкери Наталья Секеринанын кармалышы — чагымчылдык. Бул тууралуу 23-апрелде «Россотрудничество» уюмунун башчысы Евгений Примаков билдирди.
«Түшүндүрмөлөр жана реакция күтүлүүдө. Мына: Бул чагымчылдык. Натальяны чыгарып алабыз. Биз өзүбүздүкүн таштабайбыз. Жыйынтыктар чыгарылды. Алар натыйжалуу жана жагымсыз болот», — деп жазды ал Телеграм-каналына.
Буга чейин УКМК Оштогу «Орус үйүнүн» кызматкери Наталья Секеринаны жалданмачылыкка азгыруу иши боюнча кармаганы белгилүү болгон. Аны менен бирге бул иштин алкагында дагы үч киши, анын ичинде Ош мэриясынын басма сөз кызматкери Сергей Лапушкин кармалган. Төртөө тең 17-июнга чейин камакка алынган.
Кыргызстандын Кылмыш кодексинде башка өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарда пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо жана үйрөтүү үчүн жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу, ал эми башка мамлекеттеги куралдуу жаңжалдарга катышуу үчүн 10 жылдан 12 жылга чейин абакка кесүү жазалары каралган.