Тышкы иштер министрлиги Түркияда кармалган мушалим Азамат Нурмат уулу Стамбулдагы «Малтепе» абагында камакта жатканын билдирди.
29-апрелинде Тышкы иштер министрлигинде Азамат Нурмат уулуна байланыштуу видеоконференция уюштурулган. Жыйынга жарандын үй-бүлө мүчөлөрү, адвокаты жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун өкүлдөрү катышкан.
Башкы консулдуктун кызматкерлери «Малтепе» абагына барышып, жетекчилик менен жакын арада мугалимди туугандары менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн уюштуруу маселесин талкуулашкан.
Бул маселе ТИМдин өзгөчө көзөмөлүндө.
28-апрелде Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Азамат Нурмат уулу Түркияда «Хизмет» кыймылына байланыштуу кармалганын билдирген.
«Маариф» (мурдагы «Сапат») фондунун мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияга окуучуларды олимпиадага коштоп барганда кармалган.
ТИМ бул маалыматты ырастап, Түркиянын органдары менен байланышта экенин билдирген.
Министрлер кабинети 2024-жылы 31-декабрда «Сапатты» «Маариф» фондуна өткөрүп берүүнү чечкен. Мекемеден бул чечим окуучулардын кызыкчылыктарын жана билим берүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөш катары фонддун татыктуу аброюн камсыз кылуу менен негизделгенин белгилешкен.
Эртеси «Сапаттын» жетекчилиги кыргыз бийлигинин бул чечими күтүүсүз болгонун билдирген. Ошол эле учурда алар бардык «юридикалык жана укуктук» нормалар сакталат деп үмүт артарын айтышкан.
Түрк бийлиги «Сапатты» 2016-жылы Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетинин уюштуруучусу деп эсептелген оппозициялык дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен байланыштырып келген. Гүлен өзү төңкөрүшкө тийиштүү айыптоолорду четке каккан.
2016-жылы Түркия Кыргызстандан 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» лицейлерин жабууну талап кылган. Бирок анда кыргыз бийлиги мындай сунуштан баш тарткан.