Ноокатта жол тегиздеп жаткан экскаватор 39 жаштагы кишини тебелеп кетти, тургун окуя болгон жерден каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Окуя 10-майда 22:30 чамасында Ноокат районуна караштуу Кайрагач айылында болгон.
«Экскаватор артка айдап жатып, бир адамды тебелеп кеткен. Окуя болгон жерден ал каза тапкан»,
— деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылдын 12-сентябрында Ноокатта 54 жаштагы жумушчуну көпүрөнүн бетон плитасы басып калып, каза тапкан. Анда Ош-Разаков унаа жолунун чоң эски көпүрөсү буздурулуп жаткан болчу.