Молдовалык RISE басылмасынын иликтөөчүлөрү бозгундагы олигарх, орусиялык ырчы Жасминдин күйөөсү Илан Шордун Кыргызстанда жана БАЭде бизнеси бар экенин аныктап чыгышты.
Учурда Москвада жашаган Шор Молдовада алдамчылык үчүн 15 жылга соттолгон. Анын орус жарандыгы бар. Ал Владимир Путиндин жеке көзөмөлүндөгү мамлекеттик «Промсвязьбанк» (ПСБ) менен биргеликте «А7» аттуу холдинг түзгөн. Негизинен бул холдинг Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берүүдө.
RISE Moldova'нын журналисттери санкцияларды айланып өтүү максатында эл аралык акча которуулар менен коммерциялык операцияларды ишке ашыруу үчүн колдонулган бир нече сайтты бириктирген жашыруун серверлерди аныкташкан. Ал сайттардын «А7» компаниясы менен байланышы бар. Ошентип, Шордун платформаларынын бири Орусиядан дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө, каалаган валютада минималдык комиссия менен акча которууларды ишке ашырууга мүмкүндүк түзөт.
Кыргызстанга таандык a7a5.io жана a7a5.kg — бул «A7'нин» колдоосу менен иштеген платформалар.
A7A5 стейблкоин, башкача айтканда, өз наркын орус рублинин деңгээлинде кармап турган криптовалютанын түрү катары көрсөтүлгөн.
«Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чыгарылган жана ишенимдүү банктардын депозиттери менен камсыздалган алгачкы санарип рубль», — деп жазылган a7a5.kg сайтында.
Өз ара окшош бул эки сайтка жарыяланган маалыматтарга ылайык, санарип валюта Old Vector компаниясы тарабынан Кыргызстанда чыгарылган жана чыныгы акча менен камсыздандырылган.
Мындан тышкары RICE басылмасынын журналисттери Кыргызстандагы ишканалардын реестринен орусиялык «А7» холдинги менен Илан Шорго байланышы бар эки компанияны аныкташкан.
Алардын бири Prosperita деп аталат жана былтыр жайында каттоодон өткөн. Анын кожоюну Илан Шор. Негизги ишмердүүлүгүнүн түрү катары дүңүнөн соода кылуу көрсөтүлгөн.
Экинчи компания — «A7-Кыргызстан» — 2025-жылы 17-январда каттоодон өткөн жана каржы ортомчулугуна адистешкен. Анын жалгыз өнөктөшү Илан Шор башында турган орусиялык «А7» компаниясы эсептелет.
Шор жана Кыргызстандагы бизнеси
Бул Шордун Кыргызстанда бизнес кылуу боюнча алгачкы аракети эмес. Бул тууралуу «Клооп» RISE менен биргеликте жасаган 2017-жылдагы иликтөөсүндө кеңири айтып берген.
Илан Шордун ишенимдүү адамы 2012-жылы эле кыргыз экс-депутаты Кубанычбек Тумановдун кызы менен чогуу «Дьюти фри мол кей джи» аттуу компанияны негиздеген. Кийинчерээк компания Шордун Dufremol SRL бизнесине өткөн. 2014-2015-жылдары Dufremol Бишкек жана Ош аэропортторунда, ошондой эле кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» өткөрүү бекетинде дүкөндөрдү ачууга лицензия алган. Бирок 2016-2017-жылдары Шордун Кыргызстандагы компаниялары москвалык «Абсолют» ЖЧКсынын менчигине өткөн.
Ал кезде молдовалык олигархтын Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен да байланышы болушу мүмкүн деген шектенүүлөр айтылган. Буга Атамбаевдин Молдованын баш калаасы Кишинев шаарындагы бейрасмий сапарга Шордун учагы менен учуп барганы себеп болгон. Анда президент ал сапарга байланыштуу түшүндүрмө берген эмес.