«Жаркын келечекке үмүт жок». «Клооптун» тең негиздөөчүсү жана материалдары эмнеге экстремисттик деп табылды

ЖМКнын материалдарын экстремисттик деп тапкан окуя Кыргызстанда буга чейин болгон эмес. Эми «Клооптун» материалдарын жактыруу жана пикир калтыруу, ошондой эле алар менен бөлүшүү кооптуу — анткени мунун баары экстремисттик уюмду колдоо, экстремисттик материалдарды жайылтуу катары сыпатталышы мүмкүн. Бирок окуган, видеолорду көргөн азырынча коркунучтуу эмес. 

Эгерде сиз басылмага колдоо көрсөтөм десеңиз, материалдарды калтырбай окуп, видеолорду акырына чейин көрсөңүз болот — бул соцтармактын алгоритмине контентти жайылтууга багыт берет. 

Октябрь райсотунун судьясы Абдрахманов Урматбек Аманович 27-октябрда Кыргызстан үчүн ачылыш болгон чечим чыгарды — «Клооп», «Temirov Live» жана «Айт Айт Десе» басылмаларынын, ошондой эле негиздөөчүлөр Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердүүлүгү экстремисттик деп табылды. 

Сот ишти сыртынан карап, соттолгондор аларга өкүм чыкканын социалдык тармактардан угушту. 

«Бул репрессиянын кезектеги айлампасы, тилекке каршы бул сокку бизге гана эмес, бүткүл Кыргызстанга тиет. Өлкөнүн аброюна гана эмес, көптөгөн тиешеси жок адамдарды криминалдаштырууга да себеп болушу мүмкүн. Биз ишибизди улантабыз, бийликтин мындай кадамдары биз аткарып жаткан иштердин канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат», — деп билдирди «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин. 

Ринат Тухватшин жана Болот Темиров

 

 

 

 

 

 

Журналисттер менен басылмалар сот өкүмүнө каршы даттана турганын айтышууда. 

Ошондо, басылманын материалдары менен негиздөөчүлөрдүн ишмердүүлүгү эмне себептен экстремисттик деп аталды? Кыскача айтсак — бийликти сындаганы үчүн. Буга кененирээк токтололу. 

Дисклеймер:Соттун чечиминдеги цитаталар өзгөртүүсүз берилди. 

Сот иши сырттан каралды. Басылмаларга да, негиздөөчүлөргө да кабар айтылган эмес, бирок алар байланышуу жолдорун билишчү.

Өкүмгө ылайык, сот отурумуна Октябрь райондук прокуратурасынын, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын, Санарип өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин алдындагы Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү катышкан. 

Отурумга ЖМК өкүлдөрү жана журналисттер катышпаганын, чек ара кызматынын маалыматына ылайык, репортёрлор Кыргызстандын аймагында эмес деп түшүндүрүшкөн. 

Бийлик, жок дегенде басылмалардын соцтармактагы барактарына билдирме жөнөтүүгө аракет кылса болмок, анткени дайыма окушат жана иштин материалдары үчүн маалыматты да баракчаларынан чогултушкан. Же болбосо, мисалы, Нурбек Токтакунов — «Клооптун» тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшиндин адвокаты аркылуу кабарлашса болмок. 

Токтакунов үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында прокуратура, УКМК жана сот системасына Тухватшиндин кызыкчылыгын сотто коргой турганын, анын ушул тапта кайда экенин расмий билдирген

Эмне себептен маморгандар жана сот журналисттерге сот отуруму тууралуу маалымат бере турган мүмкүнчүлүккө көз жумганы — белгисиз. Судья Абдрахманов кабарчылар өлкөдөн чыгып кетишсе, демек ишти алар жок деле карай беребиз деп чечкен өңдүү. 

Айыптоо кандай далилдерди келтирген?

Иш боюнча чечүүчү далил катары Республикалык психитария жана наркология борбору менен соттук-лингвистикалык экспертизалардын жыйынтыгы келтирилген. Мындай экспертизалар акыркы жылдары активисттерди, журналисттерди, укук коргоочуларды куугунтуктоо үчүн кеңири колдонулган — курал. 

Экспреттер талдаган, натыйжада сот экстремисттик деп тапкан конкреттүү материалдар өкүмдө жазылган эмес. Ал тургай, соттун чечиминде жана мисал келтирилген эксперттердин тыянактарында, материалдарды Темиров, Тухватшин же аларга байланышы бар басылмалардын кимиси даярдаганы же даярдаган болушу мүмкүн экени так жазылган эмес («Клооптун» операторлоруна каршы иштен улам, материалдар айыпталуучуларга таптакыр тиешеси деле жок болушу мүмкүн экенин танууга болбойт).  

«Клооптун» материалдарынын арасында президент баштаган башка аткаминерлердин цитаталары, басма сөз жыйындардагы сөздөрү, расмий иш-чаралары, басма сөз кызматы тараткан релиздери пайдаланылган жаңылыктар бар. Эгерде басылманын бардык материалдары экстремисттик деп табылса — кыргыз чиновниктерин жана расмий пресс-релиздерди пайдалануу дагы экстремисттик ишмердүүлүк деп аталышы мүмкүнбү? 

«Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, экстремисттик иш — бул бийликти күч менен басып алуу, бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар, сепаратисттик иш, куралдуу козголоң, расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык касташууну козутуу, экстремисттик уюмду түзүү жана (же) анын ишине катышуу, экстремисттик уюмду же экстремисттик ишти каржылоо, экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, экстремисттик материалдарды сактоо, экстремисттик уюмдун атрибуттарын жана символдорун пайдалануу, зомбулук менен коштолгон же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында ушундай деп таанылган зомбулук иш-аракеттерге алып келүүчү экстремисттик жүйөлөр боюнча башка жосундарды жасоого багытталган жосундарды пландоо, уюштуруу, даярдоо жана жасоо боюнча иш-аракеттер. 

Журналисттик материалдарды даярдоо жана бийликти сындоо мыйзамдагы экстремисттик деп саналган тизмеге кирбейт. 

Ошентсе деле, эксперттер чыгарган бүтүмдү талдап көрөлү. 

«Маалыматтык экстремизм» 

Соттук-лингвистикалык экспертизаны 2025-жылы 28-августта Юстиция министрлигинин алдындагы соттук-экспертиза кызматынын адистери жүргүзгөн. 

Соттун чечиминде, эксперттер кайсы материалды изилдегени айтылбайт, бирок алар «экстремисттик ишмердүүлүктүн башкаруучу бийликтин жана жалпы эле мамлекетти дискредитациялаган, Кыргыз Республикасы менен башкаруу бийлигинин терс образын жараткан маалыматтык экстремизмдин белгилерин» тапканы баса белгиленет. 

Бийликке сын айтуу качантан бери экстремизм деп саналып калганы — түшүнүксүз. Баса, «маалыматтык экстремизм» деген түшүнүк мыйзамда дагы кездешпейт. 

Андан ары, эксперттер «анализденген материалдардын жалпы багыты —  интернет-айдыңында такай таркатылган негативдүү маалымат деп мүнөздөшкөн. Изилденген материалдарда, массалык башаламандыктарга чакыруунун лингвистикалык белгилери бар» дешет алар. 

Массалык башаламандыктарга чакырык, редакциянын кайсы бир материалынан табылган күндө деле, мыйзам боюнча ал экстремизм деп саналбайт. 

«Психологиялык терроризм» 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу  Республикалык психиатрия жана наркология борбору өзүнүн корутундусун 2025-жылы 30-сентябрда берген. 

«Сунушталган материалдарда бийликке жана андагы айрым адамдарга, иштеп жаткан бийликтин аракеттерине каршы, аброюн тебелеп, каршы маанай жаратып, бийликти кулатуу, хаос жайылтуу жана адамдарда күмөн саноону пайда кылуу максатында, атайын терс маанайды жаратуунун түз жана кыйыр манипуляциялары бар», — деп жазат эксперттер. 

Кайра эле бийликке сын айтуу тууралуу кеп болууда, болбосо бул экстремизм деп аталбайт жана Кыргыз Республикасынын бир дагы мыйзамында бийликти сындоого тыюу салынган эмес. 

Психиатрия жана наркология борборунун кызматкерлеринин пикиринде, муну «психологиялык терроризм» деп атаса болот. 

«Илимий көз караштан алганда, психологиялык терроризм — бул коркунуч, алдастоо, өзүнө жана жаркын келечекке болгон ишенимин жоготуу максатында, өзүнүн пайдасына же саясий максаттарын ишке ашыруу үчүн адамдардын психикасына таасир этүүнүн, коркутуунун ыкмасы», — деп корутундуда түшүндүрмө берилген. 

«Психологиялык терроризм» түшүнүгү «Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө» же башка мыйзамда дагы кездешпейт. 

Психологдор деле Тухватшин менен Темировдун ишмердүүлүгүн «маалыматтык экстремизм» деп аташкан, бирок психологиялык көз караштан. 

«Маалыматтык экстремизм» деген эмне деген суроого ким жооп бере алат:психологдорбу же лингвисттерби — түшүнүксүз. 

«Эксперттер анализдеген материалдар — коомчулукка интернет-булактары аркылуу жайылтуу форматында — психологиялык көз караштан алганда, коомдун коопсуздугуна түз коркунуч келтирет жана эл арасындагы Кыргызстандын жаркын келечегине болгон ишенимди жоготот», — деп ишенимдүү айтышат Республикалык психиатрия жана наркология борборунун эксперттери. 

Соттун чечими 

Эксперттердин ушундай жыйынтыгы судья Абдрахмановду канааттандырган өңдөнөт, ошентип ал айыптоочу өкүм чыгарып отурат. 

«Сот медиа-долбоорлордун материалдарынын кылмыштуу коммуникативдик багытын, ошондой эле алардын жетекчилеринин азыркы бийликти жана анын өкүлдөрүн кулатууга арналган ишмердүүлүгүн эске алуу менен, адам жана жарандардын укуктары менен эркиндигин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун коргоону камсыздоо максатын көздөп, арызды негиздүү деп тапты жана жана толук канааттандырды», — деп айтылат документте.  

Мындай иштер боюнча өкүмдөр дароо күчүнө кирет. Өкүмгө каршы Жогорку сотко даттанса болот, ЖМК жана анын өкүлдөрү буга камынып жатышат. Кыргызстандын аймагында Жогорку соттун өкүмү акыркы деп эсептелет, андан кийин бир гана эл аралык сотто соттошууга болот.