Кыргызстанда тоо-кен казуу тармагындагы талаш-тартыштуу маселелер узактан бери уланып келет. Дээрлик бардык жайларда кен казуучу компаниялар менен жергиликтүү калктын ортосундагы тирешүүлөр болууда. Айрымдарында мамлекет менен компания кызыкчылыктарынын дал келбестиги бар. Өзүбүз иштетүүгө дареметибиз жетпей, чет элдик каржылоонун көмөгүнө көз каранды болгонубуз менен, иштетилип жаткан кен байлыктардан жарытылуу пайда көрүнө элек дейт коомчулук. Бул жаатта абалды канткенде жакшыртууга болоруна жооп издегенибиз издеген.
Жерүй, Андаш, Кара-Казык: компанияларга калк каршы
Жакында эле Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кара-Казык алтын кенин казууга жергиликтүүлөр каршы чыгып, чуу көтөрдү. Бул каршылык эки жылдан бери уланат. Натыйжада, элдин талабы менен кенди казган кытайлык “Кайди” компаниясынын иши токтотулду. Кенди казууга жеке өзү уруксат берген деп айыпталып, район акими ур-токмокко алынды.
Чоңалайлыктар “Кайди” компаниясы Кара-Казыкты төрт жылдан бери мыйзамсыз казып жатат, аймакка пайдасы жок, айлана-чөйрөгө зыяны тийүүдө деген доомат коюуда. Алар кенди казууга мамлекеттер аралык, же башка мекемелер аралык келишим жок деп жүйөө келтирүүдө. Кытай компаниясы менен түзүлгөн келишим 2012-жылы аяктаганы айтылат.
Мындан бир нече жыл мурда жергиликтүү калк кен казчу компаниянын өндүрүшүн текшерүүнү талап кылып, кен казуудан жергиликтүү казынага каражат түшпөй жатканын да айтып чыккан. Түзүлгөн келишимдин негизинде, түшкөн кирешенин 1%ы гана Кыргызстанга берилмей болгон. Айтымдарында ошол 1%дык киреше да казынага түшө элек дешет.
Анткен менен, "Кайди" компаниясынын кен байытуучу фабрикасынын жетекчиси Мамажунус Сейданов компания мыйзам чегинде иштээрин, лицензия 2015-жылга чейин берилгенин, иши токтотулбагандыгын маалымдаган. Айтымында, “Кайди” компаниясы төрт жылдан бери жергиликтүү казынага 28 миллион сом салык төккөн, кенге жакын айылдардын социалдык маселелерин чечүүгө 56 миллиондой сом коротулган.
Компания өкүлдөрү бул жерде жалпы калктын нааразылыгы болбогонун, айрым бир топтордун жетегинде чуу көтөрүп жатышканын кошумчалайт.
Талас облусунун Чат-Базар айылындагы Жерүй кенин иштетүүгө да жергиликтүүлөр каршы чыгып, май айынын ортосунда мөөнөтсүз митинг баштап, айрымдары ачкачылык жарыялаган. Алар бул кенди иштетпей эле, 50 жылдык мораторий жарыялоо талабын айткан.
Ошентип, Жерүйдү иштетүүгө конкурста инвесторлордун чамасына чак келбегендей жогору нарк коюлуп калганы коомчулукта талкууга алынды.
Улуттук кеңештин жыйынында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кенди иштетүүгө каршы чыккандарды сынга алып, Жерүй боюнча түзүлгөн комиссия кенди иштетүүгө инвестор чыкпасын билип туруп анын баасын көтөргөн деп белгиледи.
"Кенди иштетүү кечеңдеп жатат, эгер бир жыл мурун башталса өлкө казынасына 1 миллиарддай сом түшмөк",- деди А.Атамбаев.
Кыргыз өкмөтү кендин наркын 300 миллион АКШ долларына баалаган. Жерүй Кумтөрдөн кийинки эле ири алтын кени болуп саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар экени маалымдалган.
Инвесторлордун тендерге катышпоосуна дагы бир себеп - кендин айланасындагы соттук териштирүүлөр болушу деп да айтылууда.
Эми Жерүй кенин өз күчүбүз, өз каражатыбыз менен иштетмей болуп жатабыз.
Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, Жерүйдү иштетүүнү өкмөт өзү колуна алса, жергиликтүү калктын каршылыгы да токтойт.
Мындан эки жыл илгери Таластагы “Андаш” кенин ишетүүгө да жергиликтүү тургундар каршылыгын билдирип чыккан. Мында да экологиялык коопсуздук маселелери айтылган.
“Андаш” кенин иштетүүдө сөзсүз жардыруу иштерин жүргүзүү керек. Жардырганда сөзсүз айлана чөйрөгө таасири тиет. Секундасына 25-30 метрден шамал болгондо биздин Караколдун мөңгүлөрүнө, Талас тоосун пайда кылып турган мөңгүлөргө бир заматта жетет. Бир жылдын ичинде 1 мөңгү ээрип жок болуп, Талас суусу жок болуп кетүү коркунучу бар”,- деп жүйөө келтиришкен жергиликтүү жашоочулар.
Адистер болсо жардыруу иштери эч залакасын тийгизбейт деп ырастаган. Бийлик өкүлдөрү мамлекеттин, элдин турмушун оңдоо үчүн бул кендердин бардыгы иштеши керектигин жүйөө келтирген. Ачык тендер өткөрүп, биринчи кезекте мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы эске алынышы керектиги айтылган.
Анткен менен, депутаттык комиссиянын тыянагы менен Жогорку Кеӊеш кенди жабуу чечимин кабыл алган. Комиссия бул алтын кени Көпүрө-Базар айылына жакын туруп, Казакстандын суу каналдарына агып баруучу өзөндө жайгашканын белгилеп, ишкана жергиликтүү калктын пикирин жана экологиялык коопсуздукту эске албаганын билдирген.
Айрым маалыматтар боюнча, “Андаш” кенинде 20 тонна алтын, 70 миң тонна жез бар деп айтылат.
Мыйзамсыз аракеттер ачыкталуу алдында
Ысык-Көл облусундагы эӊ ири Кумтөр алтын кени боюнча талашка азырынча чекит коюла элек. Ушул айдын аягына чейин Өкмөт канадалык ишкерлер менен сүйлөшүүнүн алгачкы жыйынтыктарынын отчетун сунуштаарын маалымдады.
Кумтөрдүн тегерегиндеги талашты жана мыйзам бузууларды иликтөө максатында түзүлгөн мамлекеттик комиссия «Центерра голд» ишканасы менен «Кумтөр» кени боюнча 2009-жылы түзүлгөн акыркы келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. Мамкомиссия 1992-жылдан 2009-жылга чейин түзүлгөн келишимдердин баары мыйзам бузуу менен жүрдү деп тапкан.
Ал эми мурдагы өлкө башчы Аскар Акаев 2005-жылга чейин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш болбогонун айтып, “Кумтөр чечимин саясий оюн” деп билдирген.
Коомчулукта “Центерра голд” Кумтөр талашы боюнча эл аралык сотко даттанса, Кыргызстан утулат деген чочулоо бар. Бул боюнча юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан үчүн өзгөчө 2003-жылы түзүлгөн келишим зыян келтирген дейт.
Жакынкы күндөрдө болсо Иштамберды алтын кенин иштетип жаткан «Фулл Голд Майнинг» компаниясына каршы кылмыш иши козголду.
Компания күмүш казууга лицензиясы жок туруп мыйзамсыз казууларды жүргүзгөнүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты маалымдады.
Компания вице-президенти Азамат Гулайшев лицензия бир гана элемент үчүн эмес жалпы пайдалуу кен байлыктарын казуу үчүн берилерин жүйөө келтирип, мыйзам бузуу болбогонун, алтынга да күмүшкө да тийиштүү салык жана төлөмдөрдү төлөп жатышканын kloop.kg сайтына билдирген.
Анткен менен, кендер тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, эми лицензия берүүдө ар бир кен үчүн өзүнчө тендердик комиссия түзүлөрү, комиссияга мүчө болууга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү мүмкүнчүлүк алышары айтылган жана инвесторлор кирешенин 2 пайызын жергиликтүү бюджетке берүүгө, калкты жумуш менен камсыздандырууга милдеттендирүү шарттары коюлган.
Инвесторлорду “иренжиткен” жагдайлар
Дээрлик бардык кен казуу тармактарындагы көйгөй – экологияга залакасын тийгизүүдө деген жүйөө. Ошондой эле маселени жергиликтүү тургундардын пайдасына чечүү, түшкөн пайданы теӊге бөлүү талабы айталат.
Тоо-кен тармагындагы адис Орозбек Дүйшеев мындай маселелер жаралбашы үчүн кен чыккан жерди кылдат изилдеп чыгып, ошонун негизинде жергиликтүү калк, бийликтер, инвесторлордун укук-милдеттерин, ким канча пайда көрөрүн так көрсөткөн келишимдерди түзүү зарылдыгын, бирок бул нерсе эске алынбай келатканын белгилейт.
Кыргызстандагы коомдук-саясий абалдын өзгөрүп турушу да капчыктуу инвесторлордун кайсы бир тармакка акча салууда кооптонуусун жаратары айтылат. Өлкөдөгү байма-бай өтүп жаткан митингдер, бийликтин улам алмашып турушу да инвесторлорду жетимиш өлчөп бир кесүүгө мажбурлайт.
Серепчилер инвестициялык абалды жакшыртуу үчүн мыйзамдардын сапатын көтөрүү керектигин белгилешет. Экономика министри Темир Сариев күч органдары инвесторлорду коргобой жаткандыгын айыптап, инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосунда чыккан карама-каршылыктарда тартип органдары чабалдыгын көрсөтүп жатканын айтканы бар.
Кыргызстандагы коррупциянын болушу инвесторлор менен алаканын бузулушуна алып келип жатканы коомчулукта өзгөчө белгиленет.
Маселен, Түркия тоо-кен гана эмес агрардык секторго, энергетика тармагына инвестиция кылуу ниеттерин билдирип келет. Анткен менен, түрк тарап менен расмий жолугушуулардын биринде түрк ишкерлерин Кыргызстанда коррупция жана туруксуздук чочулатып жатканы айтылган.
Автор: Гүлзат Газиева
Фото: www.kchr.org
Баяндама-макала "Кабар Ордо" долбоорунун алкагында даярдалды