Чоң-Алай: “Караказык” алтын кениндеги талаш али чечиле элек

Алтын

Чоң-Алайдан алтын казууга 5 жыл мурун лицензия алган “Кайди” компаниясынын иши ошондон бери же ары, же бери жылбайт. Жергиликтүүлөр кенден Кыргызстанга эч кандай киреше түшпөй,  өндүрүш иштери зыяндуу болуп жатканын айыптап, заводдун унааларын эки жакка жүргүзбөй келет. Компания өз иши мыйзамдуу экенин айтса, жергиликтүү бийликтер болсо буга бир жактуу чара көрүүгө болбойт деп келет. Ал ортодо район депутаттары кенди токтотуу боюнча токтом кабыл алышты.

Завод ачылганы нааразылык башталган

“Караказык” алтын кенин казууга 2-3 жылдан бери каршы болуп келген Шермамат Кыпчакбаев так ушул кен чыккан жерге жакын Чак айылында  жашайт. Алар айыл боюнча түп көтөрө “Кайди” компаниясына каршы экендиктерин айтат:

“Союз мезгилинде ушул жерде алтын бар экенин аныктап кетишкен. Ошондо эле казмакчы болуп, зыяны бар экенин билип таштап кетип калышкан. Анан кийин эле мынтип Кытайлыктар келип алып, каалаганындай казып, алып кетип атышат. Аны караган киши жок. Таштарды үстү ачык камаздарга салып алып, элди, айылды аралатып алып өтөт. Ошондон дем алган элдин ден соолугу өлдү. Дарактар болсо куурап калган, бака-сака, балык дегендер сууда жашабай калды. Ушунун баарын айтып, даттансак эле эл саясат кылып жатат дешет. Биз болгон нерсени айтып атабыз”,-дейт Шермамат.

Чоң-Алайлыктар заводдон чыккан саркындылар жергиликтүү элдин ден-соолугуна залакасын тийгизип жатканын айтып, өндүрүштү текшерүүнү талап кылып келишет. Жашоочулардын бири Төрөкелди Алымкулов болсо, алтын кендерин таптакыр эле жаап салуу керек деп эсептейт.

Торокелди Алымкулов
Торокелди Алымкулов

“2010-жылы 3-августта уулдуу болдум. Бирок, балам бир сутка жашап эле чарчап калды. 2011-жылы дагы 15-июнда балалуу болдум. Ал дагы 7 айлык болуп эле чарчап кетти. Аялым ошондон бери төрөбөй келатат. Дарыгерлерге барып, «силерди сотко берем десем» алар «бул алтындын зыянынан болуп жатат» деп аныктама беришти. Эгер чындап ушундай болсо алтынды эмнеге бизде иштетип атышат. Мен буларды кетирүү үчүн өлүмгө да даярмын. Мага окшогон жаштардын тукумсуз өтүп кетишин каалабайм”,-дейт Алымкулов.

Чоң-Алай районунун дагы бир тургуну Турдумамат Жакыповдун пикиринде бул жерлер компанияларга көп суммада сатылып кетиши да мүмкүн.

“Алтын кендерин иштетүү үчүн 8 жердин тагдыры Чоң-Алай элин кабатыр кылып атат. Өкмөт жерлерди кытайлык компанияларга чалгындоого, же жөн эле изилдөөгө берилген деп айтылган менен сатылып кеткендиги ачык болуп калды. Болбосо борбордук бийликтерден эмнеге эч ким унчукпай атат”,-дейт Жакыпов.

Турдумамат Жакыпов
Турдумамат Жакыпов

Жакыповдун белгилешинче, жогорудагы компанияларга лицензиялар өткөн бийликтин тушунда, тагыраак айтканда 2008-2009-жылдары берилген. «Ал эмес 2010-жылкы 7-апрелдеги кысталышка карабай соодалашып калууга үлгүргөн» дейт ал:

“Негизи баардык лицензиялар Бакивдун тушунда берилген. Бийликтен кетип атышып да сатып жиберишкенине таң каласың алардын. Карап көргүлө, №2 «Кара-Казык» участогу №1633АЕ лицензиясы, сол жээктүү «Кара-Казык» участогу №1632АЕ лицензиясы так ошол 2010-жылдын 7-апрель күнү берилген. Элдин баары тополоңго түшүп, согушуп атса, Бакиевдин Курманалиев деген куйруктары кол коюп берип жүргөн”.

"Оюндан от чыгып кете жаздады"

2011-жылкы нааразылыктар да жол тосуулар менен уланган. Өткөн жылы да “Кайдинин” Камаздары эки жакка жүрө алган эмес. Быйыл дагы жаздан баштап, алтын кошулмасы бар таштарды ташып келаткан унааларды жергиликтүүлөр Дароот-Коргон айылында камап, кайра артка кайтарып жиберишкен. Ал эмес 15-май күнкү нааразылык Кара-Казык кенин иштетүүгө каршы чыккандар менен Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Ашыралиевге кол көтөрүү менен коштолгону кабарланган.

Бирок, андагы окуянын катышуучусу Мамасали Асаналиев райондун жетекчиси сабалды деген маалыматтарды толугу менен четке кагат.

 “Акимге эч кандай кол көтөрүү болгон эмес. Кечиндеси эл барып нааразычылыгын билдирген. Анан кичине сүр-сүр болгондо ал болгону коркуп кеткен окшойт. Чогулуп бир жакка жылып беришкенде эле, акимди милициялар алып чыгып кетишкен. Органдардын унаасына олтургузуп койгон. Бирок эл дагы машинесин оодарып жиберебиз деген. Анан андан чыгып аким качып жиберген. Качып баратып, кашаадан ашып жыгылып түшкөн. Анан ошондон кийин ооруканага келип жатып алып, “мени сабап салышты” деп билдирүү берип жибериптир. Ал болгону кан басымы көтөрүлүп кеткен да”,-дейт Мамасали.

Райондук оорукананын өкүлдөрү да акимдин денесинде ур-тепкинин белгилери жок экенин тастыктаган. Аким Абдилазиз Ашыралиев өзү журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартты. Бирок ошого карабай бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Зыяндуулугу бир канча жолу иликтенди

Алтындын зыяндуулугу боюнча райондук оорукананын башкы дарыгери Исламидин Бакиров мындай дейт:

Исламидин Бакиров
Исламидин Бакиров

“Менин алдымда статистикалык так маалымат жок, бирок оорулардын саны жылдан жылга көбөйүп жатат деп айта албайм. Тескерисинче төрөттөрдүн саны былтыркыга караганда быйыл көп. Патологиялык төрөт менен, кыйналып төрөгөндөр жокко эсе. Чачы түшүү боюнча да элдерден доомат түшкөн эле, ал дагы тастыкталган жок”.

Ал эми Чоң-Алай райондук администрациясы акимдин биринчи орун басары Ысмайыл Тагаев:

“Алтын казуунун зыяндуулугу боюнча атайын Бишкектен эксперттер келип текшерип кетишкен. Жылда нааразылык болгондо, жылда келишет. Таштарды алып кетишип, лабораториядын анализ кылып келишти. Жыйынтыгында зыяндуу деп табылган жок. Сууларыбыз да таза чыкты, абабыз да булганбаган эле бойдон экен. Биз айтсак башкача кабыл албасын деп, алардын өздөрүн чакырдык. Элге келип экологиялык жактан, адамдардын ден соолугуна эч кандай зыяны жоктугун кабарлашты. Алардын тастыкталган документтери да бар”,-дейт Тагаев.

Тагаев ошондой эле бул маселе жергиликтүү деңгээлде чечиле турган маселе эмес экенин белгилейт:

“Эми азыр калк, жергиликтүү бийлик жана алтын казгандар менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Өткөндөгү нааразылыктардан кийин кырдаал тынч эле, бирок бир пикирге келүү дагы деле орун ала элек. Мунун эми өкмөт бир жактуу чекит коюп бериши керек го”,-дейт а администрациясы акимдин биринчи орун басары Ысмайыл Тагаев.

Тайырбек Жайчыбеков
Тайырбек Жайчыбеков

Ал арада Чоң-Алай кеңешинин депутаттары атайын кошмо жыйында “Кайди” компаниясынын ишин токтотуу тууралуу чечим кабыл алганын айылдык кеңештин депутаты Тайырбек Жайчыбеков кабарлады:

“Алтын кенин казуу иши башталганда эле чыр менен башталган. Айрым бир жагдайлары мыйзам бузуу менен ишке ашкан. Биринчиси заводдун иши мыйзамсыз болуп жатса, экинчи маселеси калктын ден соолугуна зыяндуулугу. Алтын үйдө жашап, алтын керебетте жатып, бирок өлгүдөй ооругандын не пайдасы бар. Киреше түшүү жагынан да заводдун кирешесинин 1% гана Кыргызстанга таандык. 100 сом өндүрсө, ошонун 1 сому кыргыздыкы дегендей кеп. Былтыры болгону 2 сом кылып беришти. Биздин талап өндүрүлгөн 100 сомдун 50 сому Кыргызстанга, 50 сому инвесторго кетиши керек”,-деди Жайчыбеков.

Алтын казгандар өздөрү эмне дейт?

“Кайди” алтын заводунун өкүлү Жунус Сейданов компаниянын иши тууралуу кепке тарттык.

Жунус Сейданов
Жунус Сейданов

-Айтсаңыз депутаттар сиздердин ишти токтотуу боюнча чечим кабыл алган экен, азыр ишиңиздер токтодубу?

 -Жок. Азыркы учурда бизге заводдун ишин токтотуу боюнча расмий кагаз келек элек. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөнбү, же башка бийликтенби эч кандай эскертүү келбеди. Анүстүнө биздин өзүбүздүн деле алтын казууну токтотуп коелу деген оюбуз жок. Эл тынчыса, бийликтер менен сүйлөшсөк ишибизди кайрадан баштоого даярбыз. Бизге лицензия 2015-жылга чейин берилген. Лицензия токтотулган эмес. Кээ бир курула элек, кура турган объекттер бар эле ошону кургандан кийин толугу менен уруксат берилет деп, убактылуу 3 айга гана токтотулган.

-Сиздердин ишиңиздерди зыяндуу дегендерге кандай деп жооп бересиз?

-Мындай эле айталычы. Мына мен өзүм деле кыргызмын. Заводдо иштегендердин жарымынан көбү эле кыргыз жарандары. Зыян болсо биз ушул жерде иштемек белек. Зын эмес экендигин атайын адистер аныкташкан, тастыкташкан. Бул жалган жалаа.

-Сиздерден түшкөн кирешеден Кыргызстанга бир да пайда түшпөйт деп атышпайбы?

-“Кайди” төрт жылдан бери жергиликтүү казынага 28 миллион сом салык төккөн. Кенге жакын айылдардын социалдык маселелерин чечүүгө 56 миллиондой сом коротулган. Ушунун баарын эл көрбөй атат.

 -Анан элдер неге нааразы болуп атышат?

- Элдин негизи бизге дооматы деле жок, иштей берсин дейт. Бирок аларды бузган бир топ бар. Казып алган 24 миң тоннадай алтыны элене элек тегибиз бар эле. Ошону былтыр жергиликтүү эл өткөрбөй койгонуна байланыштуу токой чарбанын жерине убактылуу төгүп турганбыз. Экологиялык техникалык инспекциядан, облустун жетекчилеринен ошону ташып алууга уруксат алганбыз. Ошол алтыны элене элек кенди 15-майда ташып алалы десек 50-60тай адам чогулуп, милицияга, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө да баш бербей, унаага жүктөлгөн текти кайра төктүрүп салышты.

Чоң-Алайдагы бул компания казып алынган таштарды майдалап, Кытайга алып кетип, ошол жактан өңдүрөт. 2009-жылдан бери 2494 тонна концентрат ташып кетишкен. 1 тонна концентраттан 8 грамм алтын алынат дешет адистер.

Саркындылар ташталган жер
Саркындылар ташталган жер

Маалым болгондой, Чоң-Алай районундагы 110 561 гектар жерди алтын иштетүүчү кытайлык 5 компания ээлеп турат. «Аксы-Алтын» компаниясы «Алтын мазар» участкасынан 68 021 гектар, «Asia Gold Enterprise» компаниясы «Кара-Казык» участкасынан 70 гектар, «Айдарбек» жана «Көк-Суу» участкасынан 14 800 гектарды изилдеп атса, дагы бир «Бей Фант Цзь Юань» деп аталган компания «Карамык» участкасынан 16 200 гектар, «Жаман-Жар» участкасынан 8000 миң гектар жерде чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Калган «Интербизнес» жана «Кайди» (азыр экөө биригип, “Кайди” деп гана аталып калган) компаниялары 3 жарым миң гектар жерди иштетип, жүздөгөн тонна концентраттарды кытайга ташып кетишүүдө.

Эми маселени кантип чечүү керек?

“Караказык” алтын кенинин тагдыры жана аны кантип чечүү керектиги тууралуу башка райондордун жашоочулары да ой бөлүштү:

Исабек Максутов, Баткен облусунун жашоочусу:

-Албетте, бул маселени жергиликтүү бийлик чече албайт да жогору жактан буйрук келбей жатса. Келишим да туура эмес түзүлгөн. Аны тууралап комиссия түзүштүн да кереги жок. Жогорку бийлике кайрылалы десең комиссия түзүп коет. Ал комиссиясы 1-2 жыл жүрө берет. Жыйынтыгында бул маселе дагы деле созула берет. Борбордук бийликтен чечкиндүүлүгү гана бул маселеге бир чекит коет.

Дастан Үсөнов, Кара-Кулжа районунун тургуну:

-Эл чынында эле туура иш кылып жатат. Албетте акимди сабап башаламандык кылуу зарыл эмес. Андан башка да нааразычылык жолдору бар. Чын эле пайдасы жок болсо, компаниянын ишин токтотуш керек. Ошону менен бирге буга чейинки иштерин изилдеп чыгыш керек. Анткени элдин айтуусунда, ортодон акча жеген мамкызматкерлер бар. Анын да чындыгы болушу мүмкүн.

Асел Кармышакова, Ош шаарынын тургуну:

-Бул маселени бир тараптуу кароого болбойт. Чон-Алайлыктардын кенин иштетип жаткан чет элдик компаниялар жергиликтүү калктын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүүсү керек. Ал деген жергиликтүү көпүрө, жолдорду оңдоого, таза суу алып кеүүгө жардам көргөзүүсү керек. Экинчи тарабынан чон-алайлыктар да өздөрүнүн мекендеген жери бузулуп, аң-дөң болуп чукулуп, зыяндуулугунун азабын тарткысы келбейт. А башка жагынан алганда, балким элдин арты менен кенди иштетүүгө, лицензия алууну каалаган күчтөр бардыр.

Турдубек Саалаев, Алай районунун тургуну:

-Эми бул маселени эл жакшы түшүнбөй атат. Инвестор, инвестор эле дейбиз, алар келип, мынтип өндүрүү иштерин баштаса ага дагы жинибиз келет. Иштебесе дагы жинибиз келет. Ушинтип тытыша эле бербей, бир чечимге келип, же ары же бери болушу керек да.

 

Автор: Эрнист Нурматов

Сүрөттөр автордуку.

Бул макала «Кабар Ордо» долбоорунун алкагында жарыяланды.