Ошто автобустар эмне үчүн кечкисин жүрбөйт?

DSC_1982

Миңдеген жашоочусу бар, түштүк борбор аталган калдайган Ош шаарында автобус, кичи автобустар жана троллейбустар азырга чейин кечкисин жана түнкүсүн каттабайт. Бул шаардыктарга бир топ эле ыңгайсыздыктарды алып келет. Күн отураары менен жүргүнчүлөр айласыз такси кармашса, айрымдары бир канча жерге чейин жөө басууга аргасыз.

Оштун тургуну Батма Кулматова шаарда жашаганына 20 жылдай болуп калды. Азырынча өзү машине сатып ала элек. Ошого байланыштуу көпчүлүк мезгилде коомдук транспортто жүрөт. Бирок кечинде маршруттук каттамдар эрте токтоп, тапкан акчасы таксиге кетерин айтат ал:

“Маршуртар  кечирээк эрте эле токтоп калат. Көп мезгилде такси кармаганга туура келет. Айлыгым биртке болсо, ал дагы ошо жолго эле кетип калат. Мага окшогон жумуштан кеч чыгып баргандар шаарда аябай көп. Ошону үчүн шаарда кезек-кезек менен маршурттар болсо жакшы болот эле. Анткени, мээнет менен тапкан акчамын баардыгы таксиге кетип атпайбы. Мисалы, мен 3200 айлык алам. Анын күнүнө Курманжан-Датка кичирайонунан Анарга чейин көбүнчө таксиге түшүп барам. Чынында кыйналдым. Мен эмес көп эле шаардыктар кыйналышат”,-дейт Батма Кулматова.

Күн батаары менен автобус менен троллейбустар токтоп, жүргүнчүлөр айласыз такси кармашса, айрымдары бир канча жерге чейин жөө басууга аргасыз. Акчасы жок студенттерге андан бетер кыйын болот.

4-курстун студенти Нурсултан Таалайбеков каттамдардын жүрүшү саат түнкү 12ге чейин болсо иштеген студенттерге жакшы болорун айтат:

“Автотранспорттордун эрте токтоп калышына каршымын. Эл кечинде  көчөгө көп чыгат. Мисалы, мен көбүнчө маршруттардын эрте токтоп калганын көрөм. Көбүнчө иштен кеч чыгып, үйгө жөө кетем. Жакын эмес. Мен го эркекмин, көчө аралап кете берем. А кыздар кантишет? Көчөдө алардын коопсуздугуна ким жооп берет?”-дейт Таалайбеков.

DSC_1890

Кеч каттаган маршруттук каттамдар шаарда таптакыр эле жок эмес. Борбордук көчөлөрдөгү кичи автобустар айрымдары кеч тогузга чейин, кээлери 10дорго чейин каттайт. Бирок бул шаардыктар үчүн таптакыр аздык кылат.

Айдоочулар болсо деле кечкисин, жада калса түнү менен иштей беришерин, бирок бул алар үчүн пайдалуу эместигин айтышат. Кай бирлери эртеден кечке иштеп, чарчай тургандыктарын белгилешет.

Кичи автобустун айдоочусу Таалай Кашкабаев мындай дейт:

“Биз эми эрте менен алтыда ишке чыгабыз ошол бойдон  түнү 11де үйгө киребиз. Анан кеч 12-1ге чейин деле иштесек болот эле. Бирок эл жок, эми кокустан эле болуп калбаса көбүнчө  бензинди актабайт. Эгерде жогору жактан мыйзам чыкса, жакшы болот эле. Биз да иштеп баладары багабыз. Нөөмөттөгү  маршруттарды койсо болот. Бирок анда дагы түнү иштегендерге пайда аз болот. Адамдар болбойт да”,-дейт Т.Кашкабаев

Анткени менен муниципалдык автотранспорттордун жүрүүсү эрте менен алты жарымда башталып, кечки сегиз элүүдө токтойт. Кичиавтобустардын катоосу эрте менен 6:00дө башталып түнкү саат 10:00дө токтойт деп мэрия менен элди ташууну колго алган ишканалардын ортосундагы келишимде жазылган. Бирок көпчүлүк тейлөөчү ишканалар менчик болгону үчүн алар каалаганындай, өз пайдасына ылайыктуу гана иш жүргүзүшөт.

Шаардык автотранспорт агенттигинин башчысынын орун басары Кубанычбек Токтомаматов бул туурасында мындай дейт:

“Түнкүсүн көчөдө калгандардын көбүрөөк пайызы тойго, кафе-рестаранга баргандар кеч калышат. Күндүзгү бөлүктөрдү  көзөмөлдөп турабыз. Студенттерди  жана окуучуларды убагында ташып турабыз ойдогудай аткарылат. Эми кээде эле тыгындардын айынан кеч болуп калышы мүмкүн да. Ал эми Орке, Жапалак ж.б чет жактагы айылдарга саат 8де эле токтойт. Анан негизги жерлерге эл азайгыча жүрөт”,-дейт ал.

DSC_1734“Көбүнчө түнү иштеген  жарандар жеке менчик иш каналардан чыккандар.  Ошентсе да алардын катоосу баары бир актабай калат. Мурдагыдай бизге мамлекет акча төлөп бербейт. Кечинде 2 сом көбөйтүп койгонбуз. Мамлекеттик ишканалар саат 5тен кийин иштебейт. Ал эми 25, 27, 38, 43 ондун тегерегинде токтойт. Ал эми калган каттамдар 8дин тегерегинде эле эл токтоп калбай калат. Бир эки адам үчүн бир күн кечке тапкан акчасы күйүп кетиши мүмкүн”,-деп кошумчалайт Кубанычбек Токтомаматов

Муниципиалдык автотранспорт ишканасынын диспетчери Абазкан Маткалыкова да буларды белгилейт:

“Троллейбустун жана автобустун өзүнчө графиги бар. Булардын эрте токтогонунун себеби, жолдогу графиктин бузулушу тыгындын көп болушу. Троллейбустардын 1 рейске, күйүп кетишет. Анан автобустар болушунча аракет кылат, бирок буларга деле оор. Анткени планды толтуралбай калышат. Анан шоопурлар кээде өз жанынан, планын толтурган күндөр да болот. Себеби адам аз болуп калат. Ошол себептен эрте токтошот. Эгер жол маселеси жакшы болуп тыгын болбой турса жакшы болот эле”-дейт А. Маткалыкова

Автотранспорт кечкиргенден кийин эрте токтоп калышы коомчулуктун да нааразылыгын туудурат. Ош облусттук администрациянын алдындагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инспекциясынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев:

“Ош шаарында кичиавтобустар 15 саат иштейт. Тирүү жан болгондон кийин ар бир адам чарчайт. Июнь окуясына канчалык бир деңгелде таасир этиши мүмкүн. Эл коркуп караңгыда анча чыкпай калышы мүмкүн. Бирок түнү иштесе айдоочуларга  жакшы болот эле. Бирок эл түнү аз болуп калат да. Айдоочулардын жер үчүн салык төлөй, актабай калып атпайбы”-  дейт Т.Келдибаев.

“Экинчи жагынан алганда мында жүргүнчүнүн укугу деген нерсе бар. Бийликтер каалашынча жол акыны көбөйтөт, башканы кылат, анан элди кечкисин зарыл болгон транспорт менен камсыздап бере албайт. Алардын күйүүчү майын актабай калабы, же башкабы жөнөкөй карапайым элдин иши не. Ал Кыргызстандын толук укуктуу жараны катары кайсы убакта болбосун коомдук транспортто жүрүүгө шарты болушу керек”,-дейт Келдибаев.

Ош шаарында жүргүнчүлөрдүн 90%ы жеке менчик кичи автобустар менен ташылат.

Учурда Ош шаарында кичи автобустардын саны 1500 жана пенсионерлер менен калктын аз камсыз болгон катмарына аларда жеңилдиктер берилбейт.

Шаардагы 3 каттам боюнча муниципиалдык 70 автобус жана 17 троллейбус жүргүнчүлөрдү тейлейт. Аларда жарандардын айрым катмарына жол кире акысы арзандатылган. Бул максатта транспорт ишканаларына шаар бюджетинен 2009-жылы - 7 млн сом, 2010-жылы – 14,8 млн сом, 2011-жылы – 10,7 млн сом, 2012-жылы – 11 млн сом бөлүнгөн. Акыркы төрт жылда жалпысынан 43,5 млн сом которулган.

Автор: Айгерим Абибиллаева, сүрөттөр автордуку. 

Редактор: Эрнист Нурматов.