“Жапалак” жаңы унаа базары: бийлик менен жер иштеткендердин талашы

Макалага

Оштун жакасындагы айылга курулган муниципалдык унаа базары ачылганда эле ар кандай чыр чатактардын үстүнөң чыга албай калды. Эски базар менен өз ар пикир келишпестиктери аяктаары менен, эми унаа базар турган жерлердин мурдагы ээлери чыгып аларды сотко берди. Алар 10 адамдын жер үлүштөрүн мамлекет мыйзамсыз тартып алганын айтышууда.

Жапалак айыл өкмөтүндөгү Керме-Тоо айылынын тургуну Майсалбек Мырзаев, бийликтер анын макулдашуусу жок жерлерди тартып алганын айтып чыкты:

“Жаңы ачылган унаа базардагы жерлер, атап айтканда 4 гектарга жакын жер менин атамдын жери. А мен болсо мураскермин. Демек, мен жерлерди пайдаланууга укуктуумун да. Шаардык мэрия 16, 66, 68-статьяларды коюп туруп эле анан биздин жерге болгон укугубузду жокко чыгарып салышкан. Мен буга каршымын. Себеби биздин жерлерди мамлекет өздөрүнө тартып алганга себеп болуш керек. Мисалы, туура эмес пайдалансам, же ал жерден кен чыгып калган болсо, ушул сыяктуу себептери болсо жерди алып койсо болот. Бирок мында эч кандай себеп жок болуп атат да”,-дейт Майсалбек Мырзаев.

Мырзаевдин айтымында, жерди алуу боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Бирок ал расмий түрдө баарын алып койгонун билген эмес. Аны  билген соң сотко арыз жазган. Анан да  соттун чечими чыкпай жатканын жана эмнегедир сот  кечиктирилип жатканын айтат ал:Макалага (2)

“Муниципалдык базар курабыз деген. Ал  мага жаккан бирок, бюджетке эмес өзүм курам дегенмин. Бирок алар макул болгон эмес, ошол бойдон калган. Анан да мага 2012-жылы 2 гектар жерге 386 миң сом чыгым төлөп берген. Башка жерден 2 гектар жерди көрсөтүшкөн бирок жеримин баарын алып койгонун билген эмесмин. Анан сотко  кайрылгам. Сот 14-июнда болуп, бирок жылып кетти. Ошол бойдон соттун чечими чыга элек. Эч кандай иликтөөлөр жургүзбөй эле ОшТВдагы журналистер эч ким пайдаланбаган жер деп айтып атышат. Бирок ал туура эмес. Анан да соттун чечими кандай чыгат билбейм. Бирок  мыйзамсыз тартып алгандар жооп бериш керек”,-дейт Майсалбек Мырзаев.

Жер пайдалаануучулардын планында бул жерлерге эс алуучу бактар тигилип, тал теректер эгилмек. Мында жалпысы болуп 10 чакты адамдын жери болгон. Алардын бири Жаныбек Камилов мындай дейт:

“Ал жерде 1 гектар жерим бар, иштетип жатканыма 2 жыл болду. Мен жерди 10-жылга алганмын. Бул жерди алуу боюнча мен менен келишим тузүшү керек эле. Жөн эле эч кимге айтпай  туруп эле, жерлерди тартып алганга эч кимдин акысы жок”,-дейт Жаныбек Камилов.

МакалагаАнткени менен бийликтер мамлекет жерди иштеткенге укуктуу экенин жана элдин кызыкчылыгы үчүн жерди мыйзамдуу жол менен алганын айтууда. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алымбай Кадыров:

“Жерди иштеткенге, 49-жылгаубактылуу бериле берет. Кайра мамлекетке керек болгондо, же болбосо эл пайдасы учүн алып салууга мамлекет укуктуу. Ал жерди кайтарып алдык. Анан жерди иштетүүчүлөргө, мендеги    маалыматтар боюнча 400 миңден  ашык акча төлөп бергенбиз. Мыйзам жолу менен  кайтарып алдык. Бул жер саз болуп эле жаткан. Камыш басып эч ким караган эмес. Анан эле бул  жерди  даярдап койсок эле кардарлар көбөйүп чыга келди. Эми бул жасалып жаткан иш мамлекет үчүн, эл үчүн жасалып жатат. Бул жердеги түшкөн акча каражат малекеттин бюджетине түшөт жеке кызыкчылык үчүн жасалып жаткан жок”,-дейт Кадыров.

Бирок жердин мурдагы ээлери өз үлүштөрүн мыйзамсыз тартып алгандыгы үчүн керек болсо оттошуп, кармашканга чейин барышаарын тастыктагууда.

“Эми азыр мен ал жерге ээлеп алганга укуктуумун. Себеби менин уруксатымсыз тартып алгандыгы үчүн. Анан алар сотко бере турган болсо, анан соттошобуз. Ал да болбой турган болсо Мырзакматов менен атышам,”-дейт Ж.Камилов

Анткени менен жаңы автоунаа базары калаада жашагандар үчүн ыңгайлуу экенин адистер белгилешет. Биринчиден шаардын чети, экинчиден, көчө тыгындары орун албайт. Кеңдиги боюнча менчик унаа базарына караганда кеңири экенин бийлик өкүлдөрү айтышууда.

Учурда унаа базары 6,2 гектарын ишке салган, 10 гектарын ишке салуу боюнча пландары бар. Кийинки жылы толук бүтүрүп, 27 гектарга чейин жеткирүү план кюлган.

Базардан бир жылда түшкөн киреше менен жылына бирден мектеп, же бала бакча курулат дешет шаар бийликтери. Мындан башка салыктан түшкөн акчага да өзүнчө бир социалдык обьект түзүп салса болот дешет алар.

Бирок буга чейин мамлекеттик унаа базарына кардарларды тартуу үчүн мэрия эски унаа базарга кетчү жолду жаап салып, ошондон келишпестиктер орун алган. Буга мурдагы унаа базарда иштегендер да, айланада жашагандар да нааразы болгон эле. Бирок бийликтер жаңы базар элге жана мамлекетке көп пайдалуу экенин айтып, элди түшүнүү менен кабылдоого чакырууда.

Автор: Айгерим Абибиллаева.

Редактор Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.