Ошто ара жолдо калган “батирчилерге” байланыштуу чырды эми күч органдары жана коррупцияга каршы күрөшүү кызматы иликтөөгө алды. Калаа башчысы Мелис Мырзакматов баштаган координациялык кеңеште маселени ушундайча чечүүгө болоорлугу айтылды. Деген менен жатаканасынын ордуна көп кабаттуу үй салдыргысы келип, батирлерге чыгып кеткен 100дөй тургундун эртеңи бүдөмүк бойдон калууда. Бийликтер мыйзамсыз деп, курулушту токтотуп койгондуктан алар азыр же жаңы үйдөн, жок, же эски үйдөн жок жүрүшөт.
"Маселени качан чечесиз, Мелис аке?..."
Үй-бүлөлүк жатакананы жашоочусу Зыягүл Дооронбекова, калаа башчысы Мелис Мырзакматов менен жолугушууда, алгач эле мынтип айтты:
“Мелис аке, сиздин алдыңызга канча жолу келдик туурабы. “Өзүңөр инвестор тапкыла, куруп алгыла да кирип жашай бергиле”, дедиңиз. Эми мынтип өз алдыбызча, бирөө менен келишип жашап атсак, дагы проблема болуп атат...”
Ал эми мэр Мелис Мырзакматов алардын жатаканасынын ордуна түшө турган үй мыйзамсыз болуп жатканын айтты:
“Бул жерде силердин үйүңөр эле болуп жаткан болсо, мен уруксат берип атам. Силердин инвестор, мунун жанына дагы бир үй салам деп атат. Маселе ошого кармалып калып жатат. Ага ошол жердеги жашоочулардын теңи каршы чыгып, макулдук бербей атышат. Алар ынабаганда анан силерди астыга салып атат”,-дейт ал.
Мындан бир айча мурдараак Оштун Черемушка кичирайонунда жайгашкан 128-үй-бүлөлүк жатаканадагылар жергиликтүү инвестор менен сүйлөшүп, турак жайынын ордуна 9 кабаттуу үй салуу келишимине келишкен. Макулдашуулардан кийин, жашоочулар батирлерге чыгып кетишкен эле. Жатакана бузулуп бүтөйүн деп калганда, мэрия курулуш мыйзамсыз экенин айтып токтотуп салган. Муну ал жердин жашоочулары мэрия курулушчулардан 10 батир талап кылып жаткандыгы менен түшүндүрүшкөн эле:
“10 батир берилиш керек мэрия” деп айтышкан. Ошол жердеги жашоочулардын баары ушуга жини келишкен. Биздин
абалыбыз ушул болуп атса, анан мэрия дагы биздин жатаканабыздын ордуна түшө турган үйдөн дагы кантип үй сурап атат дешкен. Ал жерге бизге тиешелүү менчик жер болуп атса, чынында инвестор эмнеге мэрия үй бериши керек”,-дейт үй-бүлөлүк жатакананы жашоочусу Зыягүл Дооронбекова,
Бирок Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов бул жерде мэрия тараптан эч кандай квартира талап кылуу жок экендигин, бул жөн гана түшүнбөстүк экенин ачыктады:
“Мэрия үй талап кылып жатат деген маалыматтын баардыгы жалган. Анткени Ош шаарынын мэринин шайлоосу жакындап калды, ошого байланыштуу чыгарылган кара пиар, калп сөз. Негизи бир эле Ош шаарында эмес, Кыргызстандын баардык эле жеринде мыйзам боюнча үй курулуп жаткан жер мамлекетке, же жергиликтүү бийликтерге тиешелүү болсо, ал үйлөрдүн 10%ы ошол жергиликтүү бийликтин аппаратына берилиши керек. Бирок бул жер андай категорияга жатпайт. Эгер кошумча дагы, ошол жатакананын жеринин чийининен чыгып, мэрияга тиешелүү, мэрияга караштуу жерге үй салам дешсе, анда салынган үйлөрдөн 10% мэрияга берилиш шарт. Башкача айтканда, 100 квартиралуу үй салса, анын ону Ош шаардык мэриясына тиешелүү болот”,-дейт Мырзакматов.
Чырдуу жагдай боюнча координациялык кеңешме өткөрүлүп, ага сот, прокуратура, улуттук коопсуздук кызматынын аймактагы өкүлү, финполиция жана бир катар органдардын өкүлдөрү катышты. Анда Мырзакматов бул ишти коррупция менен күрөшүүчү кызматка тапшырды:
“Бул иш башында эле 3 тараптуу келишим түзүлгөндө бизге дагы жеңил болмок. Эми бул жаңжалды Мырзакматов эмес, же дагы башка мэрия кызматкери эмес, прокуратура, күч органдары иликтейт. Ошол эле коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул ишти териштирип бир жаңсыл кылат. Бул иштин баарына укук коргоо органдары баа берип, ошолор жыйынтык чыгарышат. Анан калганын жергиликтүү бийликтер жасайт”,-дейт мэр.
"Силер талашып бүтсөңөр эле, мен үйдү куруп баштайм...."
Курулуш иштерин алып бармакчы болгон жеке ишкер Мамасали Козуев маселе боюнча мынтип кыскача комментарий берди:
“Бул маселе боюнча биз азыр бир нерсе дей албайбыз. Алар өздөрү чыгып кетмекчи болуп, анан үйдү өздөрүнүн үйүнүн квадрат метринен ашыкча жерди сатып алабыз дешкен. Экинчи жагы жанагы үйдүн алдындагы жер боюнча документин жашоочулар (ПЗУ) өздөрү даярдап беребиз дешкен. Алар мэриядан тиешелүү эле жердин документин чийип бергиле деп атышат, ашыкчасына эч ким тийбейт. Мэрия менен талашабы, башка менен талашабы ал жашоочулардын жеке иши. Биз алардын талашына аралаша албайбыз, ага укугубуз да жок. Эгер алар келишип, документтерди даярдап, келгиле десин биз барабыз дагы ишти баштайбыз. Бүгүн дешсе, бүгүн барып иш баштайбыз. Анан жанагы балдар аянтчасы, андай-мындай деп айтып жатышпайбы, биз үй курсак, балдар аянтчасы дагы, спорт аянтчасы дагы кошо курулат. Ал жердеги башка жашоочуларга тоскоол болбойт. Үйлөрүнөн чыгып кеткени үчүн жашоочулар өзүбүз жоопкер болобуз дешкен”,-дейт Козуев.
Курулуш ишин токтотуу алдыңкы үйдөгүлөрдүн нааразылыгы менен да байланыштырылган. Бирок алар балдар бакчасы менен спорт аянтчасы чогуу курулса каршы эмес экендиктерин айтышууда. 164-үйдүн комитет жетекчиси Зуура Жусупова мындай дейт:
“Бул жердеги 43 үй-бүлө көчөдө калышты. Үй-жайсыз калгандан өткөн эмне тозок бар, алардын абалына күнөөлүү болгубуз келбейт. Бала бакча менен балдар аянтчасы чогуу кылып, жакшына кылып салып коюшса, биз баарына макулбуз. Бул жердеги гараждардын ээлеринен да макулдук алып коюшса болот”,-дейт ал.
Үй-бүлөлүк жатакананын имараты учурда жарым-жартылай бузулган боюнча турат. Иш иликтенип, уруксат берилгенде гана курулуш башталат. Ага чейин жашоочулардын баары ара жолдо батирлерде, баткандары туугандарыныкында тыгылып турушат:
“Азыр эми башында ушинтип түшүнбөстүк кылып алып мынтип талаада калып олтурабыз. Алды 4 миң сомдон, арты 5-6 миң сомдон батирлерге чыгышкан. 3-4 ай алдына ала төлөгөндөр болду. Же бир жыргатып бай болбосок, эң байыбыз базарда иштейбиз. Баары кыйналып атышат. 3-4төн балдарын жетелеп алышып, кайда барышаарын билбегендер бар. Күн ысыкта бүтүп калсын деп эртерээк чыгып кеткенбиз. “Сабыр кылып тургула, жакын арада бүтүп калат” деп атышат, бирок мына август келип калды. Эртең күз бар, кыш бар дегендей. Ал жагын кантебиз билбейбиз”,-дейт 128-үй-бүлөлүк жатакананын үй комитети Зина Манасова.
Жатакана мындан 5 жыл мурунку зилзалада жараксыз абалга кептелген. Андан бери мындагылар же жаңы үй сала албай, же башка жакка чыгып кете албай келишкен. Мында 43 батир болсо, аларда жалпысы 100дөн ашык адам жашачу.
Адистер эмне дейт?
Ош шаарынын шаар куруу, архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы Нурбек Баетов бул боюнча маалымат каражаттарына кыскача пикирин мындайча билдирген:
“Бул маселени чечүүнүн үстүнөн иштеп атабыз. Азыр адистер барып ал жердин тиешелүү документин (ПЗУ) тактап атышат. Ошондон кийин гана толугураак бир нерсе айта алабыз. Бирок бул маселе сөзсүз чечилет”,-деген Баетов.
“128-жатаканын жашоочуларынын маселесин кантип чечүү керек?” деген суроо менен Ош шаарынын жашоочуларынан жана үй-бүлөлүк жатаканада жашагандардан сурамжылап көрдүк.
Адилет Кармышаков, Ош шаарынын тургуну:
-Эми булардын маселеси чынында эле абдан жаман болуптур. Бийликтер жатаканадагыларды мынтип орто жолдо калтырбай тез арада уруксат берип коюшу керек. Мындай проблемасы бар экен, оо, башында эле айтышпайбы, үй курганга болбойт деп. Качан уруксат болгуча жатаканадагылар бир бөлмөсү болсо да ошол өз үйлөрүндө жашап турушмак.
Салтанат Алимбекова, 351-үй-бүлөлүк жатакананын жашоочусу:
-Мен билгенден шаар боюнча, учурда авариялык абалда турган 10 чакты көп кабаттуу үй бар. Алардын кээ бирлери эскилиги жеткенден болсо, кээлери табигый кырсыктардан улам ушундай акыбалга жеткен. Бийлик менен жашоочулар бир келишимге келишсе эле үй салганга инвесторлор даярбыз деп келишкен. Мэрияга, же башка бийликке жардам бер деп барсаң эле ар шылтоону айтышат. Эми мынтип өз алдынча аракет кылып иш баштагандарга бийликтердин кайрадан бут тосуп атканын мен эч түшүнө албай турам.
Алмаз Сайдилда уулу, Оштун жашоочусу:
-Мында окуяны биринчи угушум. Жашоочулар кичинекей болсо да жатаканасынан чыкпай турушса болмок экен. Анткени азыр бийлик оомал-төкмөл, бүгүн айткан сөзүн эртең тан албаган учур. Ошондой учурда батирге чыгып кетүү кооптуу эле. Эми менимче шаардык бийликтен кандайдыр бир саясий эрк керек. Анан ошол эле чечет. Эгер эле болбосо бул ишке борбордук бийлик аралашсын да чечип берсин.
Расул Маматов, Оштун тургуну:
-Менимче бул маселени эми сот менен гана чечиши керек. Анткени арты кандайдыр бир белгисиз нерсеге аралашып кетиптир. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт демекчи, балким башында бирөө-жарым 10 үй сурагандыр, ошону такташ керек, ачыкка чыгарыш керек. Аны үчүн соттошуу керек.
Автор: Эрнист Нурматов.
Макала “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.
Сүрөттөр автордуку.