Ош МУ: Окутуунун кредиттик системасы талкууланды

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы жогорку окуу жайлары  окутуунун кредиттик жолуна өткөнүнө 1 жыл болду. Бирок ушунча убакыт ичинде да баары бир системага түшө элек. Ар бир окуу жай өздөрүнүн методикасы менен сабак өтүшөт.  Мунун баары ОшМУда өткөн тегерек столдо белгилүү болду. Бул иш чарада эки баскычтуу билим берүү системасына өтүү шартында,  КРнын ЖОЖдорунда окутуунун кредиттик технологияларын натыйжалуу кийирүү жолдору да каралды.

БатМУнун Кызыл-кыя гуманитардык педагогикалык инситутунын дисттанттык  билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдижалил Кошуев  kloop.kg ге берген майегинде Кыргызстандын окуу жайлары кредиттик окуу да кандай экенин  билдирип өттү:

«Салттуу окутуу системасы 5 баллдуу деп саналат, башкача айтканда ага 4-5 деген баа коюлат эле. Ал эми азыркы кредиттик  окутуусунда 7 баллдык. Бирок бул азыр ар башка окуу жайдада ар кандай болуп атат, бир сөз менен айткан да бул жетишпестик. Анан эми ошонун баарын бирдей формага келтириш керек деп жыйын өткөрүп атабыз»,-дейт.ОШ МУ

Ошондой эле  ал  мындай окутууларга кыргыз ЖОЖдору даярбы же даяр эмесби, ал боюнча да оюн кошумчалады:

«Азыркы күндө окуу жайлар  кредиттик  окутууга даярбы, жокбу, муну анык айтууга болбойт. Себеби дүйнөлүк масштабка карата реформа жүргүзүлүп жаткандан кийин каалайбызбы, каалабайбызбы ошол нерсеге кириш керек. Аракет кылбасак дүйнөлүк  билим берүү масштабынан артта калып кетебиз. Ошондуктан белгилүү деңгээлде окуу жайларда билим берүү системасында эмгектенген окутучулар, професорлор жамааты ал нерсеге аракет кылсак  даяр эле болот»,-деди Кошуев.

ОШ МУ (4)Окутуунун кредиттик системасына ылайык окуу пландарын түзүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча, Ош МУнун окуу-информациялык департаментинин директору Кудайберди Кожобеков  жыйын да мындай деди:

«Бүгүнкү бизди максат ушундай болуп атат. Ар-бир окуу жайдын тажрыйбаларын угуп, кандайдыр бир проблемаларыбыз болсо, ошолорду бирдей, окшош жолдор менен чечсек. Азыр мобилдүлүк жөнүндө, которуу боюнча сөз болуп атат ошол учурда проблемаларыбыз азаят деген ойдомун»,-деди ал.

Ошол эле Кожебеков учурда токтомдун негизинде бекитилген стандарттар жөнүндө да айтып өттү:ОШ МУ (1)

«Өзүңөр билесиңер, токтомдун негизинде  стандарттын макети бекитилген. ЖОЖдун кээ бир программасы студенттин тандоосу боюнча ар-бир  дициплинанын варианттык бөлүгүн 3,1 кем эмес бөлүгүн түүзү керек. ЖОЖ өзүнүн окуу программасын түзүүгө катышуусун реалдуу мүмкүнчүлүгүнүн камсыз кылуу деген пункту турат, жана башкалар...»,-деп айтты.

Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлигинин  башкармалыгынын  жетекчиси Абдуманап  Жолдошов  кредиттик системага өтүүдө төмөнкүдөй жолдордү колдонууну сунуш кылды:

ОШ МУ (3)«Биринчи биз сабак берүүнүн методикасын өзгөртүшүбүз керек. Андан башка биз жакында декларация кабыл алабыз, андан кийин бир окуу жайдан экинчисине барып, алмашып окуп келүүсүнө шарт түзөбүз. Муну баштоодо биринчи окуу жайдын ичинде ошондой шарт түзүлүш керек. Жакында документ кабыл алынып калса кайрадан жана академиялык айырмаларды 2-3 күндүн ичинде тапшыруу жок болушу керек. Себеби эгерде ошол студент  бир сабактан баа албай калса кийинки семестрде ошол сабакты көрсөтүлгөн кредиттин акчасын төлөп берип кайрадан окуп чыгуу керек»,-деген оюн айтты Жолдошев.

Бул иш чаранын  уюштуручулары “Youth of Osh” коомдук бирикмеси. Бул жыйынды уюштуруу  үчүн түрткү болгон нерсени “Youth of Osh” коомунун өкүлү Акмарал Сатинбаева төмөнкүчө белгиледи:ОШ МУ (5)

«Буга чейин бир топ журналистер менен иш алып барууда эки тепкичтүү  технология менен окутуу маселеси көтөрүлүп чыккан.  Жогорку окуу жайларынын кредиттик окуу системасына өтүү абалы боюнча кыйынчылык болуп атканы жөнүндө репортаждар даярдалып  чакан жыйындар өткөрүлгөн болчу. Агай-эжекелер, студенттер менен бирге, ушул жыйындын натыйжасында бул маселе чоң экенин көрсөтүү максатыбыз болду. Ошондон кийин биз жумушчу топ түзүп Ош МУ менен биргеликте ушул жыйынды  уюштурдук»,-деди Сатинбаева.

Жыйын Ош МУнун башкы корпусунда өттү. Болуп өткөн иш чарага  Ош МУ, Ош ТУ, ОГПИ, Ош МСУ, Ош ГЮИ, ЖАГУ, БатГУ,  КГНУ, КГТУ, АУЦА окуу жайларынан жана башка эркин эксперттер катышты.

Автор:  Сулайман Эралиев

Редактор:   Эрнист Нурматов

Сүрөттөр автордуку жана Дастан Үмөттегиндики.