Ош: Алмалык айылындагылар сууну сатып ичишүүдө

Ош шаарына караштуу Алмалык айылында таза суунун жоктугунан, айыл тургундары сууну сатып ичишет. Айыл тургундарынын айтымында 20 жылдан бери таза суу көйгөйү чечилбей келет. Дыйканчылык,  бак-дарак өстүрүү айылдыктар үчүн эң орчундуу маселе. Бийликтер болсо бул маселеде алсыз болуп келатканын айтышат.

Кайнуса Райимбекова
Кайнуса Райимбекова

Сууну алтынга теңеп жашап келе жаткан Алмалык айылынын тургундарынын таза сууга болгон муктаждыгы күндөн-күнгө күчөп жатат. Айылда суунун эң орчунду убагы курулуш иштери башталган  убак. Бирок башка мезгилде деле айылдыктар суудан көздөрү өтүп турат.

«Биз үчүн суу алтындан да кымбат. Айылда суу эле болсо, жакшы жашоо болмок. Суунун тоннасын 250 сомдон, жайында, кышында болсо 300 сомго чыгат. Өзгөчө курулуш иштери  болгондуктан суунун баасы кымбаттап  кетет»,-дейт айыл тургуну Кайнуса Райимбекова.

Айыл жашоочулулары таза сууну 20 чакырым  алыстыктан  ташып же болбосо  сатып ичишет. Суунун жооктугунан  айылда эч кандай дыйканчылык жок. Айыл жашоочусу Баатыр аксакал:

Баатыр
Баатыр

«Таза сууну чыгарууга эч ким аракет кылбай жатат. Мен бул  жерде 15 жылдан бери  жашайм, ошондон  бери  таза сууну сатып алам. Менин мал жандыктарым, дыйканчылыгым да жок. Себеби  аларга да суу сатып бериш керек»,-дейт ал.

Ош шаарынын аймагында  жайгашкан Алмалык айылында 160  түтүн, анын ичинде 1500дөй тургун  жашайт. Жашоочулардын  баарынын  арманы айылда таза суунун жоктугу.

«Жергиликтүү  бийликтердин  бул  маселени  чечүүгө күч аракеттери  жетпейт. Анткени бул маселеге көп сумма талап кылынат. Ал эми жогорку жактагылар  шайлоо алдында эле келип айыл жашоочулары менен кезигип  курулай убадаларды беришет»,-дейт айыл жашоочусу Гулнара.

Ошол кезде жергиликтүү бийликтер таза суунун жоктугун ар кандай шылтоолор менен байланыштырып келет. Алмалык (4)Айылдыктардын бир канча өтүнүчүнө карабай айыл башчылардын аракетинен майнап жок.

«Союз убагында, бул айылда шахта иштеп  турган  убакта  шахтанын айланасында адамдар иштеп, жашап турушкан. Ошол убакта суу насосу иштеп ар бир үйдө таза суу чыгып турган. Кийин союз таркагандан соң ал  насос иштебей калып, айыл таза суусуз калды. Мына ошол күндөн ушул  күнгө чейин биздин айыл таза суусуз жашап келет. Какпаган эшигибиз, кайрылбаган  жерибиз  калган жок. Дагы канча убакыт  таза суусуз  жашайбыз аны бир кудай билет»,- дейт айыл  башчысы Кудайберди Маматов.

Алмалык  айылы  Ош шаарынан 10-15 кмде алыстыкта жайгашкан. Ноокат районунан Ош  шаарына кошулганына деле көп болгон жок. Азыркы учурда  Ош шаарынын  аймагына карайт.Алмалык

Алмалык  айылынын жашоочуларынын дээрлик 90% шаарга катталган. Ноокат районунун акими Алмалык айылын толугу менен шаарга  өткөрүп берүүгө өз колун койгон.

Бирок буга чейин эки тарап талашып келген үчүн социалдык маселелер чечилбей келгендей.

Кудайберди Маматов
Кудайберди Маматов

«Биздин айыл Ош шаарынын  аймагына өткөндө  маселе оңой  чечилет деп  ойлогонбуз. Бирок баары эле ошол бойдон калууда. Өзүбүздүн  күчүбүз  жетпей  жатат. Бул  маселени чечүү үчүн айылга инвестор, болбосо өкмөт жакшылап көңүл бөлүш керек”,-дейт айыл башчы Маматов.

15-20 жылдан бери чечилбей келе жаткан  суу маселеси жакынкы күндөрү чечилгидей  эмес дешет жашоочулар. Алмалык айылынын тургундары таза  сууну дагы канча күтөт ал тээ, ак  үйдүн  ичиндегилерге байланыштуу экенин белгилейт байкоочулар.

Автор: Тойчубек Артык уулу.  

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.