Музыка жактан алып караганда «Евровидение» мени таптакыр кызыктырган эмес. Мен кумир туткан ырчылардын көбү бул сынак өткөрүлүп жаткан учурларга чейин жашай алышкан жок.
Адатта «Евровидениенин» катышуучуларынан уккан нерселер мага эч кандай таасир калтырчу эмес.
Анан да мен ырлардын сынактарына таптакыр ишенбейм. Искусство упайлар жана добуш берүү жолу менен өткөрүлгөн мелдештер аркылуу таанылууга муктаж эмес. Мисалы, Фрэнк Заппа өмүрүндө бир дагы мэйнстрим сыйлыктарды алган эмес, бирок андан ал улуу ырчы эмес болуп калган жок го.
Ал эми ырлар сынактарынын катышуучулары музыкага байланышы жок болгон жарандык категориясы боюнча тандалганда, ал чыгармачылыкты таптакыр жокко чыгарат.
«Евровидение» — бул саясий гана сынак жана ал мени дал ушунусу менен кызыктырат.
Мен Жамаланын ырын уккан да жокмун, болгону анын сөздөрүн окудум. Обондуулук жагынан балким мага «1944» ыры жагышы мүмкүн, бирок аны мен «Евровидениенин» контекстинен сырткары өзүм үчүн чечип алам.
Анын жеңишинин мага эмнеге мынчалык маанилүү экенин билүүм үчүн менин ал ырды угушум деле керек эмес.
А ал коомдук талкууга дароо бир нече өтө маанилүү темаларды көтөрүп чыккандыгы менен маанилүү:
Сталиндик репрессиялар
Иосиф Сталиндин дарегине айтылган кандай гана сын-пикир болбосун ал постсоветтик мейкиндикте пайда болгон жаңы диндин жолун жолдоочулардын өтө ашынган реакцияларына кабылат.
Ал динде Сталинге жарым Кудай ролу берилген, а Жеңиш күнү анда курман болгондорду эскерүү күнүнөн тарыхый күчтөрдү көрсөтүү жана бутпарастык күнүнө айланган.
Андан сырткары ал диндегилер тарыхты кайрадан жазууга каршы тарыхты кайрадан жазуу менен күрөшүшөт.
Сталин Адольф Гитлерден кыйла жакшыраак диктатор жана эзүүчү болгон. Жамаланын ыры сталиндик алаңгазарлыктын бир гана эпизоду — 238 миң крымдык татардын күч менен Борбордук Азияга көчүрүлүшү жөнүндө гана айтат. Анын жыйынтыгында анда алардын 100 миңден ашыгы каза болушкан.
Элестетип көрсөңөр, 238 миң киши! — бул болгону эпизоддордун бирөөсү гана. Анткени калмыктар, чечендер, ингуштар, балкарлар, карачайлар, месхетин түрктөрү, немистер, корейлер, эстондор, латыштар, литвалыктар, поляктар жана румындар да массалык түрдө көчүрүлүшкөн.
Бул көчүрүүлөрдүн бардыгы кошулганда да алар Сталин убагында болгон репрессиялардын бир гана бөлүгүн түзүшөт.
Ошонун баарынан кийин кантип Сталинди үлгү тута турган адамдардын катарына коюуну улантууга болорун түшүнбөй турам. Мен «Евровидениеде» ал сыяктуу укмуштуудай окуяларды эске салган ырдын жеңишке жеткенине кубанычтамын.
Крымдын оккупациясы
Жамала өмүрүнүн көбүн Украина эгемендүүлүккө жеткенден кийин крымдык татарлар кайтып бара башташкан Крымда өткөргөн.
Бирок 2014-жылы Крым «орус тилдүү калкты коргоо» жүйөсү менен Орусия Федерациясы тарабынан оккупацияланган.
Украинада орус тилдүү калк эч качан олуттуу көйгөйлөргө туш болгон эмес. Киев бүгүнкү күндө деле украин тилине караганда орус тилинде көп сүйлөгөн шаар бойдон калууда, мен буга ал жерге бир нече жолу барып келгендеги жеке тажрыйбаман жакшы билем.
Орус тили Харьков, Днепропетровск жана Одесса сыяктуу ири шаарларында андан да үстөмдүк кылат.
2014-жылдын мартында Крымда референдум өткөрүлгөн, бирок ал шашылыш түрдө (ал болгону эки жуманын ичинде уюштурулган), орусиялык аскерлердин катышуусунда жана Крымдын Орусияга кошулуусуна каршы үгүт иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү жок шартта өткөн.
Крым татарларынын көбү ал референдумга катышышкан эмес, анткени алар оккупацияга каршы болушкан. Кийин алардын көбүнө Крымдан кетүүгө туура келген, а өз жеринде калып, кайрадан Украинанын курамына кирүүнү колдогон татарлар куугунтуктоолорго дуушар болуп жатышат.
Тилекке каршы, Крымдын оккупацияланышынан кийин башталган Украинанын чыгышындагы согуштардын фонунда жарым аралдагы абал экинчи планга өттү. Жамаланын жеңиши бул чечиле элек көйгөйдү кайрадан козгоодо.
Орусия менен Украинадагы элдик добуш берүү
«Евровидение-2016нын» элдик добуш берүүсүндөгү таң калычтуу көрүнүштөрдүн бири — бул украин көрүүчүлөрүнүн арасында биринчи орунду орусиялык ырчы Сергей Лазаревдин, а орусиялык көрүүчүлөрдүн арасында Жамаланын экинчи орун алгандыгы.
Бул калыстар тобунун добуш берүүсүнө каршы келет — украиналык калыстар тобу Лазаревге, ал эми орусиялыктар Жамалага бир да добуш беришкен эмес.
Калыстар тобунун мүчөлөрү саясатчыларга окшош болушту, а эки өлкөнүн жашоочулары бардык жаңжалдардан, тескери ойлордон бийик туруп, тынчтыкта жашоого даяр экендиктерин көрсөтүштү.
Кыргыз эмигранттарга карата мамиле
Жамала Кыргызстандын Ош шаарында төрөлгөн. Ал маектеринде Кыргызстан тууралуу аз айтат жана мен аны жакшы түшүнүп турам — азыр анын жашоочусунда андан башка актуалдуу көйгөйлөр кыйла көп.
Бирок мага аны менен Кыргызстандын ортосундагы күчтүү байланышты түзүүгө мүмкүн болбогондугуна, Жамаланы бүткүл өлкө эмес, а крым татарларынын коомчулугунун гана активдүү колдогондугу өкүнүчтүү.
Мисалы, биздин өлкөнүн бийлиги Жамаланы расмий түрдө куттуктаса сонун болор эле.
Жамала Бишкек менен Ошко концерт коюп келип, аны башкы аянттарда он миңдеген көрүүчүлөр тосуп алышса («Город 312 тобун тосуп алгандагыдай) андан да жакшы болмок.
Жамала — биздин, тагыраагы кыргызстандыктардын өз эмигранттарына көп көңүл бурбагандыгынын мисалы.
Адамдардын көчүп кетүүлөрү нормалдуу эле көрүнүш, бул алардын укугу.
Бирок эмигранттарда Кыргызстанга болгон терең кыйбастык сезими калып, алардын кайра келип кеткиси келип турса абдан жакшы болмок деген ой. Эгер алар ийгиликтерге жетишип калышса, алардын туулуп өскөн өлкөсүнүн өнүгүүсүнө акча салгысы келгендей кылып.
Ошондуктан келгиле кийинки Жамаланын сахнага Украинанын гана эмес, а Кыргызстандын да желегин алып чыккысы келгендей кылалы.