Украиналык аткаруучу Жамала жыл сайын өтүүчү «Евровидение» музыкалык сынагынын финалында башкы талапкер болгон орусиялык Сергей Лазаревден ашып, жеңишке жетти.

Жыл сайын өтүүчү эстрадалык ырлардын «Евровидение» сынагынын 14-майда Стокгольмдо өткөн финалына 26 аткаруучу катышты. Жеңишке башкы талапкер катары орусиялык ырчы Сергей Лазарев эсептелгенине карабастан сынакта украиналык ырчы Жамала жеңүүчү болуп табылды.

«Мен тынчтыкты каалайм. Рахмат Европа», — деди ал сынактын жыйынтыгын уккандан кийин сахнада туруп.

Жамала крым татарларынын депортациясы тууралуу айтылган «1944» деген аталыштагы ырды аткарды. Анын аткаруусун 3D-эффекттер жана крым элинин тарыхын көрсөткөн символдордун видео-проекциялары коштоп турду.

Калыстардын жогорку бааларынын аркасы менен жыйынтыгында Жамала 534 упай алды. Ага бир аз жетпей австралиялык ырчы Дэми Им 531 упай менен экинчи жана 491 упай менен орусиялык Сергей Лазарев үчүнчү орундарга ээ болушту.

Буга чейин ырчынын өзү жеңишке жетээр-жетпеси тууралуу айта албастыгын билдирген. Букмекер коюмдарынын жыйынтыктары боюнча, ал үчүнчү орун алмак, бирок калыстар ага биринчи орунду берүү чечимин кабыл алышты.

«Швециядан Украинага жеңишти алып келээр-келбесимди Кудай гана билет, бирок мен ошондой болушун каалайм. Мен чынында эле өзүмдүн күчүмдү сезип турам. «1944» — оор окуя. Ошол эле маалда башка вокалчылар менен атаандаштык кыла аларымды түшүнүп атам» , — деп билдирген ал украиналык Tochka.net басылмасына курган маегинде.

Ырчы аткарган чыгарма ар түрдүү реакцияларды жараткан. Буга чейин Орусиянын музыкалык сынчылары аны өтө эле «саясатташкан ыр» деп аташкан. Жамаланын өзү болсо ал анын жеке тагдыры экенин айткан.

Орусия сынакта Украинанын жеңишке жетишин терс кабыл алды. Ырчы жана орусиялык аткаруучунун продюсери Филипп Киркоров эгер сынактын эрежелери өзгөртүлбөгөндө Орусия жеңишке жетмектигин билдирди.

Сынактагы добуш берүү эрежелери 40 жылдан бери биринчи жолу өзгөргөн. Быйылкы «Евровидениеде» сынактын катышуучуларын телекөрүүчүлөр гана эмес, а профессионалдык калыстар тобу да баалашты.

Жамала (Сусанна Жамалидинова) — түбү крымдык татар болгон украиналык опера жана джаз ырчысы. Кыргызстандын Ош шаарында төрөлүп, Крымда өскөн, «Евровидениеге» Украинанын атынан катышты.