Парламент имаратынын алдында Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованы «чет өлкөлүк гранттарды актап жаткандар» деп атаган президент Алмазбек Атамбаевдин кечирим сурашын талап кылган укук коргоочулардын митинги өттү.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди «негизсиз сөздөрү» үчүн укук коргоочулардын алдында кечирим суроога чакырган митинг парламент имаратынын алдында 16-майда өттү.

«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Kloop.kgге 14-майда Азиза Абдирасулова экөөнү «чет өлкөлүк гранттарын актап жатышкан» укук коргоочулар деп атаган Атамбаевдин кечирим суроосуна жетишүү ниетинде экенин билдирди.

«Эгер төгүндөө же кечирим суроо болбосо, анда сотко беребиз. Бүгүн соттордун анчалык көз карандысыз жана сот бутактарынын президенттин алдында экенин түшүнүп турам, бирок ошентсе да биз ички ресурстарыбызды пайдаланабыз», — деди ал.

Атамбаев 14-майда Энелер күнүндө сүйлөгөн сөзүндө лидерлери бийликти күч колдонуп басып алууга даярданышкан деп айыпталып жаткан «Элдик парламенттин» форуму тууралуу кеп кылган.

«Анда кимдер гана болгон жок? Талгарбеков башында турган акаевчилер дагы, Калматов башында турган бакиевчилер дагы, «Ислам мамлекетинин» берилген тарапташы Нурлан Мотуев дагы, өздөрүнүн чет элдик гранттарын актап жаткан биздин укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасулова дагы болушту», — деди президент.

Исмаилова өз сөзүндө президент «баарын чаташтырып салганын», ал эми укук коргоочулар «Элдик парламенттин» форумунда мониторинг менен алектенгендиктерин айткан.

Андан сырткары укук коргоочулар президентти айтылган сөздөрүнөн улам келтирилген моралдык чыгымдын ордун толтуруу максатында сотко берүү ниетинде.

«Биздин баарыбызда эле моралдык жапаа чеккен үй-бүлөлөрүбүз, жакындарыбыз бар. Биз бүгүн эле БУУнун укук коргоочулардын укуктары боюнча атайын баяндамачысына арыз жөнөтөбүз. Биз президенттин ал сөздөрүн [атайын кызматтагыларды] «агытуу» сөзү катары эсептейбиз», — деди Исмаилова.

Буга чейин ар-намысын кемсинткендиги үчүн деп президентти укук коргоочу Нурбек Токтакунов менен журналист Дайырбек Мейманов дагы сотко беришкен. Ал иштер боюнча соттук териштирүүлөр дагы деле уланууда.

Автор: Азамат Каработоев