Түрк ЖМКлары 28-июнда болгон Стамбул аба майданындагы терактты уюштурууга шектелип кармалган 30 адамдын арасында Кыргызстандын эки жараны бар экенин билдиришти. Мамлекеттик каттоо кызматы кылмышкерлер жасалма кыргыз паспортторун пайдаланган болушу мүмкүн деп эсептөөдө.

Sondakika агенттигинин маалыматы боюнча, полиция 4-июлда кармалган эки шектүүдөн кыргыз паспортторун тапкан.

«Полиция 25 жаштагы К.В.ны орусиялык жана кыргызстандык паспорт менен жана 35 жаштагы Ф.М.И.ни кыргыз жарандыгы жана Украинада жашап турууга укук берген документи менен кармаган», — деп жазды басылма.

Түрк ЖМКларынын маалыматтары боюнча, Стамбулдагы Ататүрк аба майданында ок чыгарып, жардырууларды уюштурууга шектелип жалпысынан отуз киши кармалган, алардын жарымы — чет өлкөлүктөр.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов Kloop.kgге мекеме ал паспорттордун жасалма эмес экенин текшерүү үчүн Түркиянын укук коргоо органдарына сурам жөнөткөнүн билдирди.

«Азыр биз кармалгандар жөнүндө маалыматтарга ээ эмеспиз. Биз [түрк укук коргоо органдарынан] алардын паспортторунун серияларын жөнөтүүнү өтүндүк. Бизге Түркиядан маалымат келгенден кийин түшүндүрмө бере алабыз», — деди ал.

Буга чейин Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган журналисттер менен болгон маегинде 45 кишинин өмүрүн алып кетип, 239 адамды жарадар кылган аба майданга кол салууга шектүүлөрдүн арасында кыргызстандыктардын бар экенин айткан.

Анда Кыргызстадын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү кармалгандар жөнүндөгү маалыматтарды текшерип, алардын тек-жайларын аныктап жаткандыктарын билдирген.  

«Ататүрк» аба майданындагы теракт

Стамбулдун «Ататүрк» атындагы эл аралык аба майданына кол салуу 28-июнь күнү кечинде болгон. Анда үч киши аба майдандын унаа токтотуу жайында ок чыгарышып, андан соң эл аралык каттамдардын терминалдарынын алдында өзүлөрүн жардырып жиберишкен.

Акыркы маалыматтар боюнча, ок атуулар менен үч жолку жардыруунун жыйынтыгында 45 киши каза болуп, 239у жаракат алышган.

Каза болгондордун көбү Түркиянын жарандары болушкан. Жардыруулар ошондой эле Сауд Аравиясынын, Ирактын, Украинанын, Ирандын, Тунистин, Иорданиянын, Кытайдын жана Өзбекстандын жарандарынын өмүрүн алып кеткен.

Жаракат алгандардын арасында колунан жеңил жараат алып, теракт болгон күндүн эртеси ооруканадан чыккан бир кыргызстандык да бар болгон.

Автор: Алмаз Эшбаев
Сүрөт: Reuters