Техникалык коопсуздук эрежелерин бузуу жана өрт өчүрүү жабдууларынын жоктугу — Kloop.kgнин кабарчысы Айзирек Алмазбекова ӨКМ жана Мамэктехинспекциянын өкүлдөрү менен маектешип, эмне себептен азырынча Бишкек көп кабаттуу үйлөрдүн массалык түрдө курулушуна даяр эмес экенин билүүгө аракет кылды.
Акыркы алты ай аралыгында Бишкекте курулуп жаткан эки көп кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыкты — биринчи өрт ушул жылдын февралында Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон, анда өрттүн чыгуусуна электр зымдарынан чыккан жалындын себеп болгондугу айтылган. Экинчи өрт — июнда Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Аны өчүрүү үчүн ӨКМ кызматкерлерине 7 саат жана Бишкектеги бардык 10 өрт өчүрүү тобу талап кылынган.
Мекеме өкүлү ӨКМде бийик имараттардагы өрттөрдү өчүрүү жабдуулары жок экенин билдирди. Мамэкотехинспекциядан курулуш компаниялары көп кабаттуу үйлөрдү тургузууда коопсуздук техникаларын бузуп жаткандыктарын, а мекеме аларды үйлөр пайдаланууга берилгенге чейин текшере албай турганын айтты.
Толук маек
Алып баруучу: Саламатсыздарбы, урматтуу көрүүчүлөр. Мен — Айзирек Алмазбекова, силер ЭлЭмнеДейт? ток-шоусун көрүп жатасыңар.
23-июнда Бишкектин Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу жаңы үйдө өрт чыккан. Андагы пентхаус менен он экинчи кабаты күйүп кеткен. Бул быйылкы жыл ичиндеги алгачкы учур эмес.
Эмнеге өрттөр болууда, аларга кимдер күнөөлүү жана алардын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?
Бул суроолорго жооп табууга бизге Мамэкотехинспекциянын алдындагы өрттү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Улан Уралиев менен ӨКМдин алдындагы өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Даниял Таиров жардам беришет.
Биринчи суроо сизге, Даниял Равильевич. Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон акыркы өрттүн себептери жөнүндө айтып берсеңиз.
Даниял Таиров: Азыркы учурда өрттүн себептери аныкталып жатат, бир канча версия айтылууда. Азыркы тапта (версиялар) тергөө органдары тарабынан каралып жатат. Азырынча мен аларды айта албайм. Кандай болгон күндө да өрттүн себептери адамдык факторлорго байланыштуу болот. Дайыма. Же ал адамдардын шалакалыгы, техникалык адистердин жакшы көзөмөлдөбөгөндүгү сыяктуу себептер.
Алып баруучу: Мына, ал өрттөн бери бир апта убакыт өттү. Ал иш эмнеге мынча узак тергелүүдө? Анан да канча убакыттын ичинде чечип, аныктап чыгуу керек, экспертиза канчага чейин созулушу керек?
Даниял Таиров: Эксперттик иш-чаралар 40 суткага чейин өткөрүлөт, анткени материалдарды иликтеп чыгып, анализ жүргүзүү өңдүү иштер аткарылышы керек. Ага убакыт керек.
Алып баруучу: Өрттү өчүрүүгө силердин кызматкерлерге канча убакыт талап кылынды?
Даниял Таиров: Бизге өрт тууралуу маалымат 20:34тө келип түшкөн. 20:42де биз ал жерге жетип бардык. 23:30да өрт токтотулган, тагыраагы төмөнкү кабаттардагыдай андан ары жайылуусу токтогон. Өрттү толугу менен өчүрүү, тактап айтканда, бардык жерлерге суу чачуу, контролдук текшерүүлөрдү өткөрүү иштерин кошкондо чакыруудан жети сааттан кийин аяктаган.
Алып баруучу: Бизге белгилүү болгондой, өрттү он өрт өчүрүү тобу өчүргөн. Өрт өчүрүүдө силерде кандай кыйынчылыктар болду жана эмнеге мынча көп убакыт талап кылынды?
Даниял Таиров: Ал объектинин аягына чейин курулуп бүткөрүлө электигин эске алсак, анда албетте кире бериштери тосулуп, тар болгон. Биздин унаалар кыйла эле көлөмдүү, тез өтүп кетүүгө мүмкүн болгон эмес. Кеч кирип бара жаткан, адамдар үйлөрүнө кайтып жатышкан, жолдор унааларга толгон болчу. Ошондуктан алгачкы топ чакыруудан кийин сегиз мүнөттүн ичинде барган. Биздин бийик жабдууларыбызды орнотууда да кыйынчылыктар болгон, ал дагы кыйла көлөмдүү, аны тигил же бул жакка буруу оор.
Алып баруучу: Бизге имараттын айрым батирлеринде адамдардын жашап жаткандыктары белгилүү, бирок мэр имараттын пайдаланууга бериле электигин билдирген. Бул чынбы?
Улан Уралиев: Ооба, имарат пайдаланууга бериле элек болчу. Ал эми адамдардын жашап жаткандыктары боюнча жашоочулардын өзүлөрүнө же ал үйдү куруу менен алектенген уюмга суроо узаткан туура болот го.
Алып баруучу: Имарат пайдаланууга берилгенче ал жакка адамдардын көчүп баруусуна уруксат берилбеши керек да, мен туура түшүнүп жатамбы?
Улан Уралиев: Бул суроо мага эмес, көзөмөл органдарына, анын ичинде архитектуралык курулуш көзөмөлүнө.
Алып баруучу: Имаратка адамдардын көчүп киргендиктери үчүн ким жооп бериши керек?
Улан Уралиев: Мамлекеттик кабыл алуудан кийин имаратка адамдар көчүп кире беришсе болот.
Алып баруучу: Имараттын пайдаланууга берүүгө даяр же даяр эмес экенин ким жана качан чечиши керек?
Улан Уралиев: Ал комиссиялык түрдө чечилет. Мамлекеттик архитектуралык көзөмөл башында турган атайын мамлекеттик адистердин, ал үйдү курууга түздөн-түз катышкан жалданма компаниялар жана ал үйдү долбоорлогон архитектор тарабынан. Ал үч тараптын чечиминин негизинде чечилет.
Алып баруучу: Имараттардын өрткө каршы коопсуздукка даяр-даяр эмес экендиги боюнча экспертизалар кандай жүргүзүлөт?
Улан Уралиев: Келгиле, алгач ал үй өрт көзөмөлүнөн өтпөгөнүнөн баштайлы. Мыйзамга ылайык, курулуп жаткан объектилерде курулуш иштерин жүргүзүү, ошол эле өрт коопсуздугунун техникалык регламентин кароо мамлекеттик өрт көзөмөлүнө тиешелүү эмес.
Алып баруучу: А ким текшериши керек?
Улан Уралиев: Жоопкерчилик архитектуралык-курулущ көзөмөлүнө жүктөлгөн. Алар баскыч-баскыч менен кабыл алууну ишке ашырышат — пайдубалынан тарта көзөмөл жүргүзүп турушат.
Алып баруучу: Мамэкотехинспекция эмнелерди көзөмөлдөйт?
Улан Уралиев: Мамэкотехинспекция уруксат берүүчү документтерди алуунун жол-жобосун, анын ичинде бардык уруксат берүү кагаздарынын болушун карайт: мамлекеттик департаменттин корутундусу, экспертизалар. Анан факты жүзүндө аткарылган жумуштун уруксат алынган жана экспертизадан өткөрүлгөн долбоордук чечимдерге дал келүүсүн карайт.
Алып баруучу: Демек, мамэкотехинспекциянын функциясы көбүнчө текшерүү мүнөзүнө ээ экен да?
Улан Уралиев: Ооба, текшерүүчү жана ырастоочу — чынында эле долбоордо көрсөтүлгөн чечимдердин аткарылган-аткарылбагандыгын ырастайт.
Алып баруучу: Мамэкотехинспекция ал имаратты текшерди беле?
Улан Уралиев: Имаратты архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүү жол-жоболоруна ылайык баскыч-баскычы менен кабыл алуу болгон.
Алып баруучу: Өрт аябай тездик менен жайылган. Анын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек эле?
Улан Уралиев: Өрт коопсуздугунун талаптарына багытталган иш-чаралардын топтому бар, тактап айтканда, иш-чаралардын бир бөлүгү өрттүн алдын алууга, а башкалары өрт чыккан учурда келтирилген зыяндарды минималдаштырууга багытталган. Ал эми кайсыл конкреттүү иш-чаралардын болушу керектигин имараттын кабаттуулугуна, аянтына караш керек. Эмнеге? Анткени шарттарына жараша түрдүү талаптар коюлушу мүмкүн.
Алып баруучу: Анда эмнеге ал имараттагы өрт өтө тездик менен жайылып кетти?
Даниял Таиров: Анда өрт жогорку деңгээлинде, пентхауста башталган. А ал дээрлик жашоого ылайыкташтырылган үйдүн чатыры. Чатырдын өзү соруп алуучу мор катары иштеген, тактап айтканда, аэрация процесстеринин аркасы менен өрт тез жайылган. Ошол эле маалда Бишкектин үстүндө түштүк-батыштан шамал согуп турган, шамалдын багыты нормалдуу эле болгон, өрттүн жайылышына туура келген. Чатыр өрткө каршы отсектерге бөлүнгөн эмес. Бул деген эмнени түшүндүрөт? Болжол менен чатырдын үстүнө бир метр бийиктикте дубалдар чыгып турушу керек болчу, башкача айтканда, ал өрттүн имараттын башка блокторуна жайылышын чектеп турмак.
Алып баруучу: Демек, анда андай дубалдар болгон эмес экен да?
Даниял Таиров: Ооба, андай дубалдар болгон эмес.
Алып баруучу: Эмнеге?
Даниял Таиров: Аны куруучулардан, архитекторлордон сураш керек. Эмнеге алар болгон эмес деп.
Алып баруучу: Анда шаарда өрт коопсуздугуна жооп бербеген бул сыяктуу имараттар бар болушу мүмкүнбү?
Даниял Таиров: Чынын айтканда, азыр курулуп жаткан имараттар жер тилкесин тандоо, долбоорлоо баскычтарында катуу көзөмөлдөн өтүшөт. Курулуш нормалары менен коопсуздук эрежелерине жооп берээр-бербестиги боюнча тиешелүү экспертизалардан өткөрүлүшөт.
Улан Уралиев: Ушул жерден кошумчалап кетким келүүдө, жогоруда айтылгандай, үй пайдаланууга бериле элек болчу, тактап айтканда, кайсыл бир техникалык иш-чаралар аягына чейин жасала элек болгон болушу мүмкүн. Курулуш аяктай элек болчу. Пайдаланууга берүү үчүн кабыл алуу качан болот? Качан долбоордук документтерде көрсөтүлгөн техникалык чечимдердин бардыгы аткарылгандан кийин. Тагыраагы, эгер кабыл алуу боло элек болсо, анда кайсыл бир техникалык чечимдери аткарыла элек болгон болушу мүмкүн.
Даниял Таиров: Ушул жердер кошумчалап койсом, өрттүн жайылышына кечирээк кабар берилгендиги да себеп болгон, бул өрт өчүрүүгө жооптуу кызмат катары биздин пикирибиз. Тактап айтканда, адамдар ошончолук тез убакыттын ичинде өрттү байкашып, бизди чакырышты, биз 8 мүнөттүн ичинде жетип бардык. Шамалды эске алганда да 10 мүнөттүн ичинде өрт анчалык жерге жайылмак эмес. Башкача айтканда, өрт күчтөнүп алган. Өрт өчүрүүчүлөрдү чакырган маалда (имарат) катуу күйүп жаткан.
Алып баруучу: Сиз эмнени кеңеш кылат элеңиз?
Даниял Таиров: Адамдарга эмне демекмин. Түтүндү, өрттү байкап калдыңбы, өз алдынча аракет көрбөстөн, тагыраагы өрт өчүрүүгө киришүү керек, бирок ошол эле маалда дароо өрт өчүрүү кызматын чакыруу зарыл. Өзүңдү баатыр көрүүнүн кереги жок. Дароо эле тиешелүү кызматты — профессионалдарды чакыруу керек. Ооба, силер өз мүлкүңөрдү куткарып, алып чыгып кете аласыңар. Бирок отко кирип барганга болбойт. Антсеңиз өзүңүзгө зыян алып келесиз — жаракат алып, денеңиз күйөт, түтүнгө ууланасыңар.
Алып баруучу: Эгер кайра жанагыл өрткө кайтсак, жалпысынан канча батир зыянга учураган?
Даниял Таиров: Биздин маалыматтар боюнча, 26 батирден кем эмес. Башында сиз 12 кабат деп бир аз апыртып жибердиңиз, 12-кабат дээрлик күйгөн жок, пентхаус — 13-деңгээл гана күйгөн.
Алып баруучу: Келтирилген чыгым канча деп бааланып жатат?
Даниял Таиров: Келтирилген зыянды соттук комиссия аныктайт. Алар ийне жибине чейин териштирип, өрттөн улам адамдар жоготкон бардык нерселерди эсептеп чыгышат.
Алып баруучу: Өрт үчүн жоопкерчиликти ким алышы керек жана келтирилген чыгымды ким төлөп бериши керек?
Улан Уралиев: Келиңиз, алгач келтириген чыгымды ким төлөп бериши керек деген маселеден баштайлы. Ал жарандык-укуктук тартипте чечилет. Мында мүлктүк кызыкчылык болууда. А анын бардыгы кимдин күнөөлүү экендигине жараша аныкталат. Өрт коопсуздугу жөнүндөгү мыйзамдын 25чи, 8чи жана 9-беренелерине ылайык, өрт коопсуздугу үчүн жоопкерчилик ишкананын жетекчилигине жүктөлөт. Ишкананын жетекчиси өзгөчө өрткө каршы режим орнотуп, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышына көз салышы керек. Мында иликтөөнүн жыйынтыктарын күтүү керек. Өрттүн келип чыгуу себептерине жараша күнөөлүү адам аныкталат.
Алып баруучу: Силер блоктор ортосуна дубалдар тургузулган эмес деп айтып жатасыңар, ал үчүн мамлекеттик адамдар жоопкерчилик алышабы?
Улан Уралиев: Өрткө каршы дубалдардын жалындын бир отсектен экинчисине өтүү мүмкүндүгүн жокко чыгарышы үчүн аларды орнотуу зарыл. Бардыгы тең имараттын кабыл алынган пландоо жана конструктивдүү чечимдердин көлөмдөрүнө жараша болот. Белгилүү бир шарттарда андай дубалдар талап кылынбайт. Өрт отсектери болушу керек. Алсак, 12 же 13 кабаттуу үй өрт отсектерине бөлүнөт. Өрт отсегинин максималдуу аянты 2500 чарчы метр. Мында алар үчүн андай дубалдарды орнотуу талап кылынабы же жокпу деген суроо жаралууда? Мында андай зарылдыктын болгон-болбогондугун, анын курулуш нормалары менен орнотулган-орнотулбагандыгын жакшылап кароо керек.
Алып баруучу: Бизге белгилүү болгондой, ӨКМ өрттөрдү абадан өчүрүү үчүн тик учактарды сатып алганы жатат. Азыр бизде бар техника канча кабатка чейинки үйлөргө ылайыкталган?
Даниял Таиров: Азыркы учурда Бишкек шаарынын гарнизонунда жеке курамды, куткаруу жана өрт өчүрүү жабдууларын 16 кабатка чейин жеткире турган жалгыз бир гана техника бар. Ал элүү метрлик муунактуу көтөргүч.
ӨКМ тик учактарды сатып алууну пландап жатат, бирок тик учактар — бул ачык мейкиндиктерде, көпчүлүк учурларда жаратылыш өрттөрүн өчүрүүгө ылайыкташкан оор типтеги техника. Ал эми чоң-чоң курулуштар жүрүп жаткан ири шаарлар үчүн биз жерден бийиктикке жеке курамды, куткаруу жана өрт өчүрүү жабдууларын жеткире ала турган жерде жүрчү техника сатып алууну пландап жатабыз.
Алып баруучу: Аларды канча убакыттын ичинде сатып алганы жатасыңар?
Даниял Таиров: Убактысын айтуу кыйын. Ал дагы тез процесс эмес. Алгач иштин баары каржылоодо турат.
Алып баруучу: Шаар мэри июндун башындагы маалымат жыйынында шаар туурасына эмес, а бийиктикке өсүшү керектигин айтты. Өрт өчүрүү жагынан алып караганда биз ага канчалык деңгээлде даярбыз?
Даниял Таиров: Мен жогоруда айткандай, өрт өчүрүү жагынан алып караганда бизде жогорку бийиктиктеги өрттү өчүрүү үчүн болгону бир гана техника бар. Ошондуктан бизге бийик имараттардагы өрттөрдү өчүрүү кыйын болот. Бирок акыркы кездери биз тараптан долбоорлоо маалында сууну бийиктикке чыгарууну жеңилдете турган ички өрт өчүрүү түтүктөрү сыяктуу бир канча техникалык иш-чаралар сунушталууда.
Алып баруучу: Ушуну менен биздин ток-шоу соңуна чыкты. Биздин берүүбүзгө келип катышып бергендигиңиздер үчүн рахмат. Эске салсак, биз бүгүн борбордун көп кабаттуу үйлөрүндөгү өрттөрдү өчүрүү маселесин талкууладык. Саламатта калыңыздар.