Дубайдын аба майданына авариялык конуу жасагандан кийин 282 жүргүнчүсү жана 18 экипаж мүчөсү бар «Боинг 777» учагында өрт чыкты.  Emirates Airlines авиакомпаниясы кырсыктан улам курмандыктар болбогонун билдирди.

3-августта Emirates Airlines авиакомпаниясынын учагы Дубай эл аралык аба майданына ийгиликсиз конуу жасады. Жүргүнчү ташыган учактын алдыңкы бөлүгүнөн өрт чыкты.

Кырсыктан улам учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн эч кимиси жабыркаган жок. Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, учакта 282 киши жана 18 экипаж мүчөсү бар болгон.

«Биз жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүнүн арасында каза болгондордун жок экенин ырастайбыз. Бардык жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрү коопсуз жерде», — деп жазды компания өзүнүн твиттер-аккаунтуна.

Азырынча кырсыктын себептери белгисиз. CNNдин кабарчысы Ричард Квест өрт учактын алдыңкы шассисинин зыянга учуроосунан улам башталган болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Американын New York Times басылмасынын маалыматы боюнча, учак Индиянын Тируванантапурам шаарынан Дубайга барчу каттамды аткарып жаткан. Учак аба майданга коноор алдында учкуч жүргүнчүлөргө шассисиндеги көйгөйлөрдөн улам авариялык конуу жасоого туура келээрин билдирген.

Индиянын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Шри Сизерам New York Timesка курган маегинде жүргүнчүлөрдүн көбү дендароо абалында экенин билдирген.

«Мындай окуядан кийин алардын көбү дендароо абалында турушат, алардын денелери бир аз зыянга учураган болушу мүмкүн», — деди ал.

Ал ошондой эле дарылануу үчүн бир гана киши — экипаж мүчөсү — ооруканага жеткирилгенин кошумчалаган. Азырынча анын кандай абалда экендиги боюнча кабар берилбей эле.

Reuters агенттиги аба майданга келгенден кийин учактын жүргүнчүлөрү эвакуацияланганын билдирди.

Авариялык конуу жасагандан кийин эл аралык Дубай аба майданы бардык учууларды жана учактарды кабыл алууну убактылуу токтоткон.

Буга окшогон окуя 2016-жылдын июнунда болгон — аба майданга айласыз конуу маалында Сингапурдан Миланга бара жаткан «Боинг 777» учагында да өрт чыккан.

Анда Singapore Airlines авиакомпаниясынын өкүлдөрү өрттүн чыгышына кыймылдаткычтагы көйгөйлөр себеп болгонун билдиргишкен. Ал кырсыктан 222 жүргүнчүсү менен 19 экипаж мүчөсүнүн эч кимиси жаракат алган эмес.