27-июнда жүргүнчү ташыган «Боинг 777» учагы Сингапурдун Чанги аба майданында конуп жаткан маалда күйө баштаган. Учактын ичиндеги 222 жүргүнчү менен 19 кишиден турган экипаж мүчөлөрү жабыркашкан жок.

Singapore Airlines авиакомпаниясынын учагы Сингапурдун Чанги аба майданында шашылыш конуп жатканда анын канаты күйө баштаган. Авиакомпаниянын өзүнөн билдиришкендей, ага учактын кыймылдаткычындагы көйгөйлөр себеп болгон. Андагы 222 жүргүнчү менен 19 экипаж мүчөсүнүн эч кимиси жабыркашкан жок, деп билдирүүдө «Би-би-си».

Жергиликтүү The Straits Times басылмасынын маалыматы боюнча, учак 27-июнь күнү эртең менен Сингапурдан Миланды көздөй учкан.

Учактын жүргүнчүлөрүнүн бири Ли Би Йи The Straits Timesка курган маегинде абага көтөрүлгөндөн эки-үч сааттан кийин бир аз бензин жыттанганын сезгенин айткан.

«Биз учкучтан май агып жатканын жана ал жолдо түгөнүп калышы мүмкүн болгондуктан кайрадан Чанги аба майданына кайтып барууга туура келери жөнүндө билдирүү алдык», — деди ал.

Линин айтымында, учак Чанги аба майданына аман-эсен конгонун, бирок көп өтпөй аларга учактын оң канаты күйүп жатканы белгилүү болгон.

«Өрт кыйла күчтүү эле болду, өрт өчүрүүчүлөр келгенче эки-үч мүнөттөй күттүк. Таң калычтуусу, жүргүнчүлөрдүн баары тең тынч отурушту. Экипаж абдан профессионалдуу экен, бардыгын тынчытып турушту», — деди ал.

Өрт аба майдандын өзгөчө кырдаалдар кызматынын жумушчулары тарабынан 10 мүнөткө жетпеген убакыттын ичинде толук өчүрүлгөн. Андан соң жүргүнчүлөрдү автобус менен аба майдандын терминалына жеткиришти.

Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына өлкөнүн жарандык авиация башкармалыгы кырсыктын себептерин иликтеп чыга турганын жазды.

Singapore Airlines авиакомпаниясынын өзү расмий твиттер-аккаунту аркылуу бийлик менен кызматташа турганын билдирди.

Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, жүргүнчүлөр жакынкы убактарда Миланга учуп кетишет.

2016-жылдын мартында Казакстандын Bek Air авиакомпаниясынын жүргүнчү ташыган Fokker 100 учагы авариялык конуу жасап, күйө баштаган. Ал Кызылордо — Астана каттамын аткарып жаткан болчу.

Анда учактын авариялык конуу жасоосуна алдыңкы дөңгөлөктөрүнүн толук ачылбай калышы себеп болгон. Учакта 116 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү бар болгон. Авариялык конуунун жыйынтыгында алардын эч ким жабыркаган эмес.