«Менин сутенёршаларыма тийбегиле» деп өтүнгөн милиционер тартылган видеону ИИМ текшерет

Ички иштер министрлиги «менин сутенёршаларыма тийбегиле» деп өз кесиптештеринен өтүнгөн милиционерге карата кызматтык иликтөө баштады. Милиция кызматкери видеого тартылып калган.

Милиционерлердин сүйлөшүп жатканы тартылган видеону 10-октябрда НТС телеканалынын журналисти жарыялаган — анда милиция кызматкерлеринин бири «менин сутенёршаларыма тийбегиле» деп өтүнүп жатканы көрүнүп турат.

«Бул сойкуларга тийбегиле деп канча жолу суранам! Райондо 35 сутенёрша болсо, силер дайыма жалаң меникин гана кармайсыңар. Чалсам телефонду албайсыңар. Бул эмне, атайын кылганыңарбы мага? Же мага таарынычыңар барбы?» — дейт видеодогу милиционер.

«Заноза» маалымат агенттигинин жазганына караганда, видеодо Бишкектин №10 бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы тартылган — басылманын маалыматы боюнча, ал катуу сөгүш алган.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге айткандай, милиционерлерге карата мекеме жетекчилигинин көрсөтмөсүнө ылайык кызматтык иликтөө башталган.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чара көрүлөт. Учурда видеоматериалдын чыгышына байланыштуу текшерүү жүрүп жатат. Кандай чара көрүлөт, видеого ким тартылганы аныкталганбы-жокпу — айтыш кыйын, биз ал тургай ал киши милиционерби же жокпу, аны да так айта албайбыз»,— деди ал.

Осмонбаевдин айтымында, азырынча ал эч кандай жыйынтыктарды алган эмес жана кызматтык иликтөөнүн жүрүшү тууралуу эч нерсе кабарлай албайт.

Милиционер түшкөн видео бишкек милициясы «сойкуларга аңчылык» башталганын жарыялап, шаардын көчөлөрүн сойкулардан бир жумада тазалап чыкканга убада берген соң беш айдан кийин жарыкка чыккан.

Шаардык милиция ал кезде өз рейддерин жакында туристтик маал жана ыйык Орозо айы башталып жатканы менен түшүндүргөн болчу.

Сойкулар өздөрү «биздин ишибиз кылмыш болуп эсептелбейт» деп рейддерге каршы чыккан эле. Алардын айтымында, алардын кызматынан милиционерлер өздөрү деле пайдаланышат.

Сурамжылоого катышкан укук коргоочулар Кыргызстандын мыйзамдарына шилтеме келтирип, милициянын рейддерин айыптап чыгышкан. Анткени Кыргызстанда денесин сатуу кылмыш болуп эсептелбейт — секс кызматын көрсөтүү үчүн атайын жайларга ээлик кылган адам гана жоопкерчиликке тартылат.

«Бул көрүнүштүн тамырын кыркыш үчүн ШИИБ канчалык натыйжалуу иштеп жатканын билбейм. Ал тургай коррупция боюнча дагы, биздин билишибизче, милиционерлер аны өздөрү коргоп турушат. Ал эми сойкулук тиешелүү талап болгон жерде күчөйт. Ал эми сойкулар кимдерди тейлейт? Ошол эле милиционерлерди тейлеши мүмкүн», — деген эле ошол кезде укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Тема боюнча: «Бизге милиционерлердин өзүлөрү келип эс алышат». Секс-жумушчулары милициянын сойкулукка каршы күрөшү тууралуу