Жарандык активист Бектемир Акунов 2007-жылы Нарын ШИИБиндеги камак камерасында кыйноодон кийин курман болгон жана Кыргызстандын бийлиги бул окуяны кылдат териштирүүнү камсыз кыла албай койгон — БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ушундай токтом чыгарды.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети өз чечимин 18-ноябрда чыгарды — анда ал Кыргызстандын бийлигин 2007-жылы камак камерасында каза тапкан 53 жаштагы активист Бектемир Акуновдун өлүмүнө күнөөлүү деп тапкан.
Акунов Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин режиминин каршылашы катары белгилүү болгон — активист мурдагы мамлекет башчысына каршы митингге элди чогулткан.
2007-жыл апрелде Акунов Нарынга кайтып келип демонстрация өткөрүүгө уруксат алууга аракет кылып жүргөндө аны милиция кызматкерлери кармап калышкан.
2007-жылдын 15-апрелинде Акунов өз камерасында жансыз табылган. Өлөөрүндө ал милиция кызматкерлери аны кыйнап, сабашканын айтып бир нече жолу арызданган.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын бийлигин алты ай ичинде жарандык активисттин өлүмүнүн чоо-жайын иликтеп, күнөөкөрлөрдү жоопко тартып, Акуновдун үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүүгө үндөдү.
Кыргызстан «кыйноо болгонун моюнга алган эмес»
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Акуновдун ишин 2011-жылы эле карай баштаган. БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин токтомунда Кыргызстандын бийлиги кармалган адамды кыйноодон жана камактагы өлүмдөн жакшылап сактай албай койгону жана күнөөкөрдү жоопко тарта албай койгону айтылат.
«Сот-медицина экспертизасы анын денесинде бир нече көгөрүп калган жер болгонун, ичинен кан акканын көрсөткөн. Бирок Кыргызстандын бийлиги ал өзүн өзү өлтүрдү деп туруп алган да, өлүм фактысы боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзгөн эмес», — деп айтылат билдирүүдө.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын бийлигин кыйноого тыюу салган жана андай окуяларды кылдат иликтөөгө милдеттендирген Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактынын жоболорун бузгандыгы үчүн айыптады.
Комитетке каза тапкан активисттин уулу Урматбек Акунов 2011-жылдын октябрында арыз берген. Бирок жабыркаган тараптын пайдасына чыккан Комитеттин чечими эмгиче аткарыла элек, күнөөкөрлөр жоопко тартыла элек.
«Калыс сотту дээрлик он жыл күткөн соң биз БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин бул чечимин колдойбуз жана өкмөт аны тиешелүү түрдө аткарат деп чыдамсыздык менен күтөбүз», — деди маркумдун уулу.
Укук коргоочу Аскаровдун иши
Бул Кыргызстанда камакта отургандарды кыйноо боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитети карап жаткан биринчи иш эмес.
Азыр уюмдун көзөмөлүндө Кыргызстандын бардык сот инстанциялары тарабынан 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө улут аралык кастыкты козгоду жана милиция кызматкерин өлтүрдү деп күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратууга кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши турат.
2016-жылдын апрелинде Адам укуктары боюнча комитет Аскаров мыйзамсыз кармалып, түрмөдө кыйноого туш болуп, адилетсиз соттук териштирүүнүн айынан өмүр бою эркинен ажыратылган деп корутунду чыгарган. Комитет Кыргызстандын бийлигине укук коргоочуну камактан токтоосуз чыгарууга кеңеш берген.
БУУнун комитетинин чечиминен кийин Кыргызстандын бийлиги укук коргоочунун ишин кайра кароого жөнөткөн. Укук коргоочунун иши боюнча процесс Чүй облустук сотунда каралууда, январда ага өкүм чыгарылмакчы.
ТЕМА БОЮНЧА МАТЕРИАЛДАР:
Q&A: Укук коргоочу Аскаровдун иши тууралуу эмнелер белгилүү?
Аскаровдун иши: Айыптоочулар укук коргоочуну өмүр бою абакка кесүүнү кайрадан суранышты