Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер ушул жылдын башында TED конференциясында чыгып сүйлөгөн Кыргызстандын биринчи тургуну болуп калды. 20-декабрда анын сүйлөгөн сөзү жарыкка чыкты.
TED — эң абройлуу конференциялардын бири, анда ар кайсы убакта Стивен Хокинг, Арианна Хаффингтон, Билл Гейтс жана Эдвард Сноуден сөз сүйлөшкөн.
Бектур Искендерге чейин бул иш-чаранын сахнасына Борбор Азиядан башка эч ким чыккан эмес, ал эми мурдагы СССРден TEDде үч гана киши чыккан.
20-декабрдан тартып Искендердин сүйлөгөн сөзү баарына жеткиликтүү:
Бектур Искендердин сөзүнүн кыргызча котормосу:
«2010-жылдын башында мен мурда КГБ деген ат менен белгилүү болгон Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынан өлүм менен коркуткан билдирүү алдым.
Буга мен жаңылык веб-сайты катары негиздеген Клооп Кыргызстандын президентинин уулунун кылмыштуу иштерин иликтей баштаганы себеп болду. Оо, ал абдан оор убактар эле!
Баарынан таң калыштуусу ал иликтөөнү 18 жаштагы Анна баш болгон өспүрүмдөр тобу жүргүзгөнү болчу. Алар ал тургай президенттин уулу эң ири телекоммуникациялык провайдердин көзөмөлүн мыйзамсыз каратып алганы тууралуу сериянын биринчи материалын чыгарганга да жетишкен.
Албетте, мен опузадан корктум, атүгүл биз өзүн өзү цензуралоо механизмин ишке киргизип, веб-сайтта биз президент жана анын үй-бүлөсү тууралуу эч нерсе чагылдырбай турганыбызды айткан эскертүү да койгубуз келген.
Андан кийин оппозициянын нааразылык акциясы башталды, эл өлкөнү президент жана анын үй-бүлөсү башкарышынан тажады, анан биз мындай чечтик — макул, бизге президент тууралуу эч нерсе жазбагыла дешти дейли, бирок оппозициянын нааразылыгы тууралуу бир ооз сөз айтышкан жок да!
Биз анан аларды чагылдыра баштадык.
Бүгүн Клооп — Кыргызстанда популярдуулугу жагынан бешинчи орунда турган жаңылык веб-сайты. Бул жөн гана жаңылыктар басылмасы эмес, журналистика мектеби дагы. Студенттердин жаш курагы — адатта 14 жаштан 25 жашка чейин жана алар өздөрү веб-сайттын авторлору болуп саналат.
Менимче, биз … бүт дүйнө боюнча эң ийгиликтүү жаштар ЖМКсы болсок керек.
Бул жаштар — Кыргызстан эгемен өлкө болгондон кийин төрөлгөн биринчи муун, алар журналистиканы гана үйрөнүп тим болбойт. Алар жемин жедирбегенге жана бийликтен таламын талашканга үйрөнүп жатышат. Бул болсо чоң кишилер үчүн деле, ашып кетсе отуз жыл мурун ойго келбеген нерсе болчу.
Дагы бир эң сонун нерсе — бул жаштар бут өлкөнүн журналистикасында жаңы тенденцияларды баштап киришти.
Мен Клоопту 2007-жылы досум Ринат экөөбүз баштаганбыз, бул окуя мени университеттин журналистика факультетинен кууп чыгышкандан кийин болду. Мага бул абдан адилетсиз сезилген, анткени мен дегеле журналистикага кызыккан саналуу студенттердин бири элем да.
Ошондуктан биз анын толук карама-каршысын кылалы, төрт жыл бою зеригип теорияны окуп отурбай, шакирттер өз материалдарын окуунун экинчи эле жумасында чыгара баштагыдай мектеп ачышыбыз керек экен деп чечтик.
Анан ачтык.
Албетте, башында бизге баары күлдү. Биздин балдар диктофон кармап көчөгө чыкканда эл аларды олуттуу кабыл алган жок.
Бирок андан кийин таң каларлык нерселер боло баштады. Мисалы, 2008-жылы биздин 15 жаштагы репортёрубуз Тимур парламентте расмий парламенттик баяндамачы катары катталды. 2009-жылы ал парламенттеги башкаруучу коалициянын таркашын иликтеди.
2010-жылдагы нааразылык акцияларына кайрыла турган болсок — биз алардын ар бирин чагылдырдык. Чындыгында алардын ар бирин мектеп окуучулары чагылдырды. Акыры 2010-жылдын апрелинде оппозиция милиция менен олуттуу кагылышуудан кийин өлкөнүн батышындагы Талас облусун толук көзөмөлүнө каратып алды.
Күтүүсүздөн биз Кыргызстанда эмне болуп жатканы тууралуу чындыкты айткан бирден бир веб-сайт экенибизди түшүндүк. Анткени башка басылмалар көбүнчө бул аймакты милиция көзөмөлдөп турганын айтып жатышкан, анысы болсо чындыктан өтө эле алыс болчу.
Биз кийин 2010-жылдагы кыргыз революциясы деп аталып калган окуяны абдан дыкат чагылдырдык. Жүз миңдеген кишилер биздин веб-сайтка кирип чыкты жана ал иш менен өтө эле жаш репортерлор алектенгени таң калыштуу.
Президент Бакиев 80 киши курман болгон кагылышуудан кийин бийликтен кулатылды, ал эми биз туш болуп келген опузалар эч кандай мааниге ээ болбой калды.
Кээде биздин журналисттер олуттуу натыйжага алып келген окуяларды чагылдырып жүрүштү. 22 жаштагы Улугбек жана анын кесиптеши, теңтушу Элдияр — ал бул сүрөткө түшкөн эмес — аткаминерлердин «достору» гана тендер тууралуу билип, утуп алышы үчүн Билим берүү министрлиги мамлекеттик контракт тууралуу жарыяда кантип жашыруун латын тамгаларын колдонгонун иликтеп чыгышты.
Бул материал өкмөттөгү аткаминердин кызматынан кетишине алып келди. Анан да менин оюмча ал мамлекеттен уурдалмакчы болгон 2 миллиондой долларды сактап калды.
Бир жолу 2014-жылы эки кыз — 15 жаштагы Нуржамал жана 16 жаштагы Айзирек — парламенттен кезектеги отурумду чагылдырып бүтүп адаттагыдай эле чыгып баратышкан.
Чыгып баратып алар унаа токтотуучу жайда депутаттын автоунаасынын алдыңкы айнектери толук караңгылатылганын байкап калышат, андай тонировкага болсо Кыргызстанга тыюу салынган.
Бул кыздар кадимкидей эле камерасын сууруп чыгып аны видеого тарта башташкан.
Аларга коопсуздук кызматкери келип, бул жерде тартууга болбой турганын айткан. Сакчы камеранын объективин колу менен жапканга аракет кылганда кыздар — мен ошону видеодо көргөндө абдан сыймыктангам! — ага:
«Биз бул жерде тартканга укугубуз бар да! Ишибизди бүтүрүп алалычы?» — деп жооп беришкен.
Алар ошол ишти бүтүрүштү, ал чоң материалга айланды жана ушул кыскача жооп жаш журналисттерди окутуу боюнча биздин талыкпас эмгегибиздин жыйынтыгын көрсөтүп турат.
Бул кыздар — өз укуктарын билген жана ал үчүн күрөшүүгө даяр жаштардын эң сонун үлгүсү. Мен алар менин өлкөмдө кийинки муунду шыктандыра турган өрнөк болушун абдан каалайм.
Рахмат!»
Бектур Искендер өз сөзүндө кеп кылган макалаларды бул жерден окуй аласыңар:
- Иликтөө: Билим берүү министрлиги 167 млн. сомдук мамлекеттик сатып алууларды жашыруудабы?
- Видео: Депутаттын тыюу салынган айнектери караңгылатылган унаасы