Баптист аялдын сөөгүнүн кайра көмүлүшү боюнча сот белгисиз мөөнөткө жылды

Ала-Бука райондук соту баптист аялдын сөөгүн жергиликтүү көрүстөнгө койдурбай коюу боюнча териштирүүнү кийинкиге калтырды. Сот качан болоору белгисиз, анткени судья ооруп калды.

Соттун кийинкиге калтырылышы тууралуу Kloop.kg менен болгон маегинде Жалал-Абад облусунда сөөгү үч сыйра көмүлгөн баптист Каныгүл Сатыбалдиеванын кызы Жылдыз Азаева айтты.

«Сот кийинкиге калды, анткени судья Элмира Кожобекова ооруп калды. Сот кайсы мөөнөткө жылганын мага айтышкан жок», — деди ал.

Азаева айыл өкмөт башчысынын, акимдин, райондук жана жергиликтүү имамдардын үстүнөн даттанып Башкы прокуратура менен ИИМге арыз жазды. Анын айтымында, иш боюнча дал ушул адамдар айыпталуучу катары өтүшү керек.

«Мен азырынча соттоло турган адамдарды билбейм. Тергөөчү мага кармалгандардын сүрөттөрүн көрсөттү, алардын баары болжол менен 1989-жылы туулган жаш жигиттер. Ал жакта алты киши болсо керек эле. Алардын баары жөн гана аткаруучу», — деди Азаева.

Азаева ага кысым көрсөтүү аракети болуп, туугандары жана тааныштары аркылуу арызды кайра алууга үндөп жаткандар бар экенин билдирди.

Анын айтымында, ал энесинин кайда коюлганын эмгиче билбейт.

«Энем акыркы жолу кайсы жерге көмүлгөнү мага азырынча белгисиз», — деди ал.

Жалал-Абад облусунун ИИБнин басма сөз борборунун кызматкери Самара Кызырова Kloop.kg менен болгон маекте айыпталуучу катары маркум баптист аялдын беш айылдашы өтүп жатканын билдирди. Сотто үчөөнө гана айып коюлат, анткени калган экөө издөөдө жүрөт.

Кылмыш иши Кылмыш кодексинин 263 «Маркумдардын сөөгүн жана алар көмүлгөн жайларды кор кылуу» беренеси боюнча козголгон.

Дини үчүн кайра көмүү

76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын кайра көмүлүшү боюнча жаңжал 2016-жылдын октябрында башталган. Ага Сары-Талаа айылындагы мусулман көрүстөнүнө анын денесин жергиликтүү тургундар көмдүрбөй койгону себеп болгон.

Жергиликтүү тургундардын кыжыры келишине Сатыбалдиеванын дини түрткү болгон — ал тирүүсүндө христиан-баптист динин карманган.

Маркумдун кызы Жылдыз Азаева энесин жергиликтүү көрүстөнгө коюуга уруксат сурап акимиат менен жергиликтүү мамлекеттик органдарга кайрылып бир нече күн жүргөн.

Жергиликтүү тургундар энесине боору ачып, уруксат бериши үчүн Азаева бир тууганы экөө жергиликтүү имамдардын талабы менен айылдаштарынын көзүнчө ислам динин кабыл алышкан. Ошого карабастан, алардын энесин жергиликтүү көрүстөнгө койдурбай коюшкан.

Маркумдун сөөгү үчүн бир жыл мурун башка баптист көмүлгөн коңшулаш Өрүктү айылындагы көрүстөндөн жер бөлүп беришкен.

Бирок ал айылдын тургундары да Сатыбалдиеванын сөөгүн көмүүгө тыюу салып, ал коңшулаш Сары-Булак айылында христиан көрүстөнүндө жерге берилген. Бирок ошол эле күнү анын сөөгү христиандардын талабы менен үчүнчү жолу элге айтылбай башка жакта көмүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: