Башкы прокуратура Канатбек Исаевге каршы козголгон кылмыш ишин УКМКга өткөрүп берди

Башкы прокуратура депутат Канатбек Исаевге каршы иш козгоп, аны иликтөө үчүн УКМКга өткөрүп берди. Исаев коррупция боюнча айыпталууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз борборунун кызматкери Алмамбет Абдраманов Исаевге каршы 2011-жылдагы «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун Kloop.kgге кабарлады.

Ал кезде Исаев Токмок шаарынын мэри болчу. Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди.

Башкы прокуратура Исаевге каршы кылмыш ишин 2011-жылдын апрелинде козгогон. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, 2010-жылдын апрелинде ал Токмокто автостанция куруу боюнча «жасалма тендер» өткөрүп, мамлекетке миллион сомдон ашуун зыян келтирген.

Ал ошондой эле 700 миң сомго «жасалма келишимдерди түзгөн» деп айыпталууда. Тергөө аны жатакананын имаратын «мыйзамсыз саткан» деп айыптаган. Бул келишимден мамлекеттин тарткан зыяры эки миллион сомдон ашып түшкөн.

Канатбек Исаев өзү бул дооматтарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого негиз жок экенин билдирген.

Исаевдин парламентке талапкерлиги 2010-жылы «Республика» партиясынын атынан коюлган. Ал парламент депутаты болуп калгандан кийин тергөө аны суракка алууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес, андыктан иш токтоп калган.

Кийин ал «Республика» партиясын таштап, «Кыргызстан» саясий бирикмесин түзгөн. 2015-жылдын октябрында ал парламенттин VI чакырылышына партиялык тизме боюнча шайланган.

Конституциялык реформа боюнча талаш-тартыштар күч алган 2016-жылдын күзүндө Исаев «Кыргызстанды» башкаруудан баш тарткан, анткени түзөтүүлөргө макул болгон эмес. Исаевдин ордуна «Кыргызстандын» башчысы болуп Алмазбек Баатырбеков шайланган.


ТЕМА БОЮНЧА: