Кыргызстанда парламенттик коалициянын түзүлүшү. Эмне белгилүү?

КСДП парламентте коалиция түзүлгөнү тууралуу мына-мына жарыялаган атат. Азырынча болочок бирикменин курамы бүйүр кызытууда — социал-демократтар менен ким кошулаары белгисиз. Бирок болочок коалиция кандай болоору жөнүндө божомолдор бар.

Парламенттик коалиция 24-октябрда тарап кетти — ошондон бери өкмөт парламентте фракциялардын жаңы биримдиги түзүлгөнгө чейин өз милдетин убактылуу аткарып турат.

Иса Өмүркулов жаңы коалицияны 15 күн ичинде түзүшү керек. Беш күнү өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев коалицияны түзүү мандатын Кыргызстандын социал-демократиялык партиясындагы (КСДП) мурдагы партиялаштарына тапшырган, эми бирикмеге ким кирээри мына-мына белгилүү болот.

24.kg маалымат агенттиги көпчүлүк коалициянын курамы эртең, 2-ноябрда билинээрин жазып жатат — маалымат агенттиги атын атагысы келбеген адамдын айтканына таянууда, бирок жарыя кылына турган убакыт өтө так көрсөтүлүп жатат (16:00).

Коалиция: КСДП, «Бир Бол» жана «Кыргызстанбы»?

Жок эле дегенде үч маалымат агенттиги — «Заноза», «Кей-Ньюс» жана 24.kg — аттарын атагысы келбеген булактарга таянуу менен коалиция КСДПдан, «Бир Болдон» жана «Кыргызстандан» тураарын жазышууда.

Аттарын атабаган маалымат булактары ЖМКга парламенттик коалициянын болочок курамы тууралуу маалымдашты.

Ал эми акыркы убакта социал-демократтарга жан тартканын көп айтып калган «Республика — Ата-Журт», маалымат булактарынын кабары боюнча, өз ыктыяры менен бирикменин тышында калмакчы.

«Анын ордуна министрлер кабинетинде ага бир нече портфель, ошондой эле вице-спикердин жана эки комитеттин — бюджет боюнча комитеттин жана укук тартиби боюнча комитеттин төрагаларынын — орду берилет», — деп кабарлаган маалымат булагы.

Бирок «Кей-Ньюстун» маалымат булактары Өмүрбек Бабановдун фракциясы юридикалык жактан оппозицияда болгонуна карабастан азыркы бийликти колдой турганын айтышууда.

Эгерде коалицияга КСДП, «Бир Бол» жана «Кыргызстан» кирсе, көпчүлүк 68 депутаттан турат — бул көпчүлүк мыйзам долбоорлорун бир добуштан жактырууга жол берет.

Оппозициядан коалицияга

Башка жагынан алганда «Бир Болдун» коалицияга кириши кыйла өзгөчөлөнүп турат, анткени конституциялык өзгөрүүлөрдүн негизги сынчысы — алардын арасынан чыккан депутат Чолпон Жакупова.

Чолпон Жакупова «Бир Болдун» коалицияга киришин анекдот деп эсептейт.

Жакупова өзү «Фэйсбуктагы» барагына эгерде «Бир Бол» коалицияга кирсе, бул «анекдот» болоорун жазды, анткени анын фракциясы коалиция ыдыраганга чейин оппозицияда болгон.

«Мен Конституцияга киргизилчү [түзөтүүлөрдүн] айынан душман катары жарыяланып калдым… бирок фракцияда мен жалгыз эмесмин», — деп жазды депутат, «Бир Болдо» чечимдерди ал жалгыз кабыл албай турганын кыйытып.

Депутат айым өзү эгерде Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алына турган болсо мандатын тапшыраарын жарыялаган — бул маселе боюнча референдум жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен катар 11-декабрга белгиленген.


Тема боюнча: Мен саясатты түшүнө бербейм. Парламенттик коалициянын ыдырашы эмнени билдирет?


Түзөтүүлөргө макул болбогон башчынын алмаштырылышы

«Кыргызстан» фракциясы конституциялык реформа боюнча талаш-тартыштардын шартында өз жетекчисин алмаштырды — Канатбек Исаев түзөтүүлөргө макул эмес экенин айтып, кийинки күнү эле өз кызматын өткөрүп берди. Исаевдин ордуна «Кыргызстанды» Алмазбек Баатырбеков жетектеп калды.

Канатбек Исаев «Кыргызстан» партиясынын жетекчилигинен кетти.

Бирок айрым басылмалар Исаевдин кетиши Конституцияга киргизиле турган өзгөрүүлөргө макул болбогону менен гана эмес, «Республика — Ата-Журт» менен бир коалицияда болгусу келбегени менен да байланыштуу болушу мүмкүн экенин жазышты. Мурда Исаев «Республиканын» депутаты болчу, бирок Бабанов менен чатакташа кеткенден кийин фракцияда жарака кеткен.

Бабанов өз кезегинде «Кыргызстандын» жетекчилигинен Исаевдин кетишине тиешеси жок экенин айтып чыкты.

«Азыр кеп ал мен жөнүндө же мен ал жөнүндө эмне айтканыбызда эмес. Азыр кеп өкмөт, саясий бирикме жөнүндө болуп жатат, анын жеке мамилелерге тиешеси жок. Биз аны менен сүйлөшкөнбүз, бардык маселелер чечилген, бир жылдан бери жөн гана кесиптешпиз», — деди «Республика — Ата-Журттун» жетекчиси.

Коалицияга «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» кирбей турганын ишенимдүү айтса болот, алардын жетекчилери Өмүрбек Текебаев жана Бакыт Төрөбаев Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөрдүн айынан социал-демократтар жана президенттин администрациясы менен чатакташа кетишкен.

Министрлер кабинетиндеги болжолдуу өзгөрүүлөр

Коалиция түзүлгөн соң парламент өкмөттү — министрлер кабинетин жана анын түзүмүн — уюштура баштайт. КСДПнын жетекчиси Иса Өмүркуловдун айтымында, Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин ордунда кала берет.

Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин ордунда кала берет. ЖМКдагы маалыматтарга караганда, жазга чейин гана калат.

«Кей-Ньюстун» маалымат булактарынын айтымында, үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу кызматтан кеткен билим берүү министри Элвира Сариеванын ордуна азыркы социалдык маселелер боюнча вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева келиши мүмкүн.

Айыл чарба министрлигинде, Миграция кызматында жана Интеллектуалдык менчик кызматында да өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, деп жазат «Кей-Ньюс».

Маалымат каражаты президенттин жакын санаалашы — президенттик аппараттын башчысынын орун басары Сапар Исаков — вице-премьер болуп калышы мүмкүн экенин жазып жатат. Мамлекет башчысынын администрациясында ал тышкы саясий ишмердүүлүк үчүн жооп берет.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинде да өзгөрүү болушу мүмкүн. «Ата Мекенден» барган Кудайберген Базарбаев бул кызматтан кетүүгө аргасыз болгон эле.


Тема боюнча: Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн таркашына эмне себеп?