Оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкер катары катталуусу үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунан паспортун берүүсүн суранды. Бирок сот анын суранычына кабыл алган жок.

Текебаев өзүнүн паспортун берүүнү 12-июлда өткөн соттук жыйында суранды. Учурда оппозициячыл депутаттын үстүнөн коррупция боюнча соттук жыйын өтүүдө. Текебаев бир миллион доллар өлчөмүндө пара алуу боюнча шектелүүдө.

«Мен паспортумду коомчулук, боршайком аркылуу берүүнү талап кылам. Силер эмне үчүн паспортумду бербей жатасыңар? Эмне үчүн силер менин Конституциялык укугумду чектеп жатасыңар? Мен мыйзам чегинде аракет кылууга толук укугум бар, бирок силер чектеп жатасыңар», — деди ал.

Сот Текебаевдин жана жактоочуларынын өтүнүчүнө карабастан паспортун берүүдөн баш тартты.

«Прецедент» юридикалык фирмасынын юристи Эдил Эралиев Kloop.kgге билдиргендей, Кылмыш-жазык кодексинин эрежелери боюнча сот анын паспортун өздүгүн тактагандан кийин дароо кайтарып берүүгө милдеттүү болчу.

«Мыйзам боюнча сот органдары соттук жараяндар башталгыча кайтарып берүүлөрү керек болчу. Сот жообуна тартылып жаткан адамдын өздүгүн такташтыбы, болду, андан ары паспорт ишти кароого керектелбейт», — деди ал.

Боршайкомдон Kloop.kgге билдиргендей, паспорттун түп нускасы берилмейинче талапкер президенттик шайлоого талапкер катары чыга албайт.

Текебаев президенттикке талапкер катары чыгаарын 2017-жылдын июнь айында билдирген. Ал кезде Текебаев коррупция боюнча шектелип УКМКнын тергөө изоляторунда камакта болчу.

«Ата мекен» оппозициялык партиясынын башчысы орусиялык ишкер Леонид Маевскийден «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион АКШ долларын алды деп шектелүүдө.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. Учурда президенттикке талапкер катары мурдагы премьер-министрлерди жана депутаттарды кошкондо 20 ашык адам катталды.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: