Базар-Коргон: Текебаевдин тарапташтарына жолду буугандыгы үчүн айыппул салынды

Базар-Коргондо оппозициячыл саясатчынын беш тарапташы Бишкек-Ош авто жолун бууганга аракет жасаганы үчүн жазаланды. Сот алардын ар бирин үч миң сомдон айыпка тартты.

Базар-Коргон райондук соту 7-июлда өткөн митингде Өмүрбек Текебаевдин тарапташтарын жолду бууганга аракет кылганы үчүн айыпка жыкты.

Анда оппозициячыл саясатчынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кичи мекенинде 20га чукул адам Бишкек-Ош автожолунда боз үйлөрдү тигишкен.

Алар Текебаевди УКМКнын убактылуу абагынан бошотууну талап кылышкан.

Жергиликтүү телеканалдын журналисттери келген учурда 15ге чукул митингчи жолдуу бууганга аракет жасашкан.

Митингдин бештей катышуучусу кармалгандан кийин каршылык акциясына чыккандардын калгандары тарап кетишкен.

Базар-Коргондогу митингдер 2017-жылдын февраль айында Өмүрбек Текебаев кармалган күндөн бери уланууда.

Сүрөт: «Турмуш»

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: