Ысык-Көл: «Кыргыз жээги» эс алуу жайында 6 жашар баланы сүзүп кетишти

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Кыргыз жээги» эс алуу жайынын аймагында алты жашар баланы сүзүп кетишти. Ал ар кандай жараттар менен реанимацияга жеткирилген.

Кырсык 2-август күнү кечинде «Кыргыз жээги» пансионатынын аймагында болгон. «Хонда Фит» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу 6 жашар баланы жөө өтмөктөн сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынан кийин өспүрүм ар кандай жараттар менен реанимацияга жеткирилген.

Алты жашар баланы сүзүп кеткен 23 жаштагы адам кармалып, андан эч жакка чыкпоо жөнүндө тил каты алынган.

Ысык-Көл облусунун ИИМнен Kloop.kgге билдиришкендей, окуя болгон учурда айдоочу соо абалда болуп өспүрүмдү «кылдатсыздыктан» байкабай калган.

Милиция баланы сүзүп алган адамдын машинасын штраф аянтына токтотуп, иликтөө иштерин баштады.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: