Чүй облусу: Аткаминерлер жер участогун 18 млн сомдун ордуна 300 миң сомго сатып жиберишкен

Башкы прокуратура бир гектар жерди 300 миң сомго сатып жиберген Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына каршы кылмыш ишин козгоду. Жер участогунун реалдуу баасы 18 млн сом болчу.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүндөгү аткаминерлер 2011-жылдын декабрында «формалдуу» конкурс өткөрүшүп, бир гектар жерди 49 жылга колдонууга өткөрүп беришкен.

Андан соң айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жер участогун курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 300 миң сомго «мыйзамсыз» сатышкан.

Андан соң анын ээси 2014-жылдын декабрында жер участогун башка жаранга сатып жиберген.

Башкы прокуратура билдиргендей, көзкарандысыз баалоонун жыйынтыгына ылайык, жер участогунун реалдуу базар баасы 18 млн 426 миң сомду түзгөн.

«Ошентип, Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын укук ченемдеринен тышкары чыккан иш аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 18 млн сомдон ашык акчага ири көлөмдө зыян келтирилген», — деп айтылган башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Башкы көзөмөл органы «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Кылмыш ишин иликтөөнү каржы полициясы жүргүзөт.


ТЕМА БОЮНЧА: