Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жер участогун 12 млн сомдун ордуна 175 миң сомго мыйзамсыз сатып салган

Башкы прокуратура Чүй облусундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына каршы кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар реалдуу баасы 12 млн сомду түзгөн жер участогун мыйзамсыз 175 миң сомго сатып салышкан.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Чүй облусундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары аянты 0,75 гектарды түзгөн жер участогун мыйзамсыз 175 миң сомго сатып салышкан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жер учатогунун реалдуу базар баасы 12 млн сом болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, мамлекеттик кызматкерлер келишимди 2011-жылдын аягында жүргүзүшкөн. Алгач алар жер участогун жеке адамга 49 жылга ижарага беришкен. Андан кийин мамлекетке зыян келтирүү менен жер участогун мыйзамсыз 175 миң сомго сатып жиберишкен.

«Жогоруда айтылган айтыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан турак жайларды куруу максатында аталган жер участогу мыйзамсыз түрдө 175 миң сомго жеке менчикке сатылган. Андан кийн 2012-жылдын 21-июнунда жер участогу башка адамга сатылган», — деп билдирди башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Башкы прокуратура «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыл өкмөттүн кызмат адамдарына каршы кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш иши мындан аркы иликтөө үчүн Каржы полициясына өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: Flickr, Theophilos Papadopoulos


ТЕМА БОЮНЧА: