Иллюстрация: Татьяна Зеленская Kloop.kg үчүн

Кыргызстанда онкологиялык оорулардан жабыркагандардын саны өсүүдө. Ооруканада дарыланууда алар оорутпай турган дарыларды жетишээрлик алышат, бирок үйлөрүнө чыгарылгандан кийин көпчүлүгү азап тартып каза болушат. Акчаң болгон күндө деле морфин табуу кыйын.

Гүлчехра болгону 47 жашта, бирок ал басып-туруп жана көпкө чейин отура албайт. Колу-буту кыймылдайт, бирок абдан кыйынчылык менен — ал күн санап алсырап бара жатат. Жакында эле ал боосун байлайын деп жатып колун сындырып алган.

Дарыгерлер Гүлчехрага эми дарылануу жардам бербейт деп айтышууда — анда рак илдетинин акыркы даражасы бар. Ошондуктан ал үйдө жатууда, ал эми дарт аны акырындык менен өлтүрүүдө. Морфин түгөнүп калганда бул андан да азаптуу болот.

Гүлчехра оорулуу жана сынып калгандай көрүнүүнү каалабайт — ал активдүү жашоого көнүп калган: үй-бүлө, жумуш, достор, саякат. Анын көзүнүн каректери чоңоюп кеткен — ал баласы менен эжеси жашаган Бишкектин борборундагы «эки бөлмөлүү» үйдүн бөлмөсүн дайыма каптап турган чала жарыктан же морфинден болушу мүмкүн.

Дубалдагы сүрөттөргө жарык чачкан чырактар күйүп турат. Кичине шкафтын жанында инвалиддик кресло жана чоңдор үчүн колдонулган жалаягы менен заара карапасы турат. Гүлчехра жаткан диванга анын эжеси дайыма күндүз ага керек болчу нерселерди коёт: телефон, дары-дармек салынган коробка, жалаяктардын түйүнү, тамак-аш салынган идиш, бир бөтөлкө суу жана нымдуу кол аарчы. Иш күндөрү Гүлчехра үйдө жалгыз калат — баласы менен эжеси иштешет, ал эми оорулуу адамды караган кызматкер алууга үй-бүлөнүн акчасы жок.

Дартты 2012-жылы аныкташкан — бул сүт безинин шишиги болчу. Химиотерапия менен операциядан соң ал өзүн жарым жылдай жакшы сезип, сакайып бара жатканына ишене баштаган. Бирок кийинчерээк анын денесине метастаздар, майда рак шишиктери, жайылып кеткени түшүнүктүү болгон. Операция менен химиотерапия Гүлчехраны сактап кала алган эмес.

Иллюстрация: Татьяна Зеленская Kloop.kg үчүн

Акырындык менен анын сөөктөрү ушунчалык жумшарып кетип, эми тез кыймыл болуп кетсе эле сына берет, ал эми ооруну ал диванда жатса деле сезет. Андан морфин гана сактай алат, ансыз бир адамдын кыйналуусу бул батирде жашагандардын бардыгынын азап тартуусуна алып келет.

Гүлчехра онкоборбордо жатканда ал акысыз наркотик алчу — ал бейтап катуу ооруп жатканын көрүшкөндө ооруну басаңдатуучу каражаттарды берүүнү аяшпай берип турушкандарын эстөөдө. Кийинчерээк сакайып кетүү үмүтү жок экени белгилүү болуп, Гүлчехра бирөөнүн ордун ээлебей жана «бирөөнүн жакшылыкка болгон үмүтүн тартып албастан» үйүнө кеткен.

Ошондон бери Гүлчехра ай сайын морфинге 2000 сом коротот. Жада калса 3000 миң доллар корогон үч операциядан кийин бул сумма алардын бюджетине сезилгидей эле урат.

Бирок Гүлчехранын морфинге коротулуп жаткан акча эмес, аны сатып алуудагы азап тартуулар кабатыр квлат. Ага ооруну басаңдатуучу дары-дармекти райондук поликлиникадан жазып беришет жана Гүлчехра үчүн дарыгерлердин ишенбестиги эң эле катуу сыноо болуп калган. Анда онкоборбордун справкалары бир бут кийим коробкасы толо жыйналып калган, бирок ооруканада ага ишенгендер өтө эле аз.

«Онколог келет дагы мени карап айтат: "Сизде онкология жок". Ал ошентип чечкен, анткени мен ошол кезде эле 90 кг көлөмдүү аял болчумун, өзүмдү жакшы карагам. Химиотерапиядан кийин чачтарым өстү. Ал жөн гана мага ишенбеди», — деп эстеди Гүлчехра.

Ал ошол онкологго каршы поликлиниканын директоруна арыз жазган — ошондон кийин дарыгерлер морфинге рецепт жазып берүү муктаждыгы бар экенине ишенүү үчүн комиссия түзүшкөн.

«Мен аларга оорунун таасирлерин көрсөтүп берүүгө аргасыз болдум. Алардын алдына туруп, отуруп, оорунун күчүн көрсөтүп» — деп эстеди Гүлчехра. Анын үй-бүлөсү дарыгерлерге оорунун күчүн билүү үчүн жөн гана нөөмөткө турууну кеңеш кылышкан. Аял жаны кыйналганда ушундай бир кыйкырык үндөрдү чыгара баштайт.

Ошондон кийин морфинди айына 50 таблеткадан жазып бере башташкан. Гүлчехранын айтымында, ооруну таасирин кичине басаңдатыш үчүн ага аны ар бир төрт саатта кабыл алып турушу керек. Аба ырайынын кичине эле өзгөрүшү анын бардык денесинде күчөтүлгөн оорунун чыгышына себеп болуп, дозаны көбөйтүүгө туура келет.

Мамлекет жыл сайын Гүлчехра сыяктуу адамдарга 300 таблеткадан морфин акысыз берет. Бул жетпегенине карабастан ал бул жардамга ыраазы. Морфинди сарамжалдоо үчүн аял аны башка оорунун таасирин басаңдатту кетонал менен трамадол сыяктуу дарылар менен аралаштырып ичет.

«Дагы жакшы трамадолду рецепсиз жазып беришет. Кээде мен болгону ошону эле ичем», — деп үшкүрдү ал.

15-18

килограмм

— Кыргызстандагы онкоорулууларга жылына керектелген морфин.


жылына

500

граммга жакын морфин

колдонулат.


Бул бир адамга

2,5

миллиграмм


Онкоорулуулардын

80%

морфинди жетишээрлик албай калышат.


(«Эргене» коомдук фондунун маалыматы)

Иллюстрация: Татьяна Зеленская Kloop.kg үчүн

Морфинди күтүүгө болбойт

Зухра оңтойсуз сезиминен улам дайыма көз айнегин оңдоп, эринин тиштеп кала берет. Кеп анын эжеси Зарина тууралуу болгондо, ал ыйлай баштайт. Зарина 30 жыл балдар церебралдык шал оорусу менен жашап келген, ал эми 2016-жылы андан эмчек шишигин аныкташкан.

Дартты шишиктин төртүнчү баскычында аныкташкан — аны дарылоо натыйжасыз болуп калган. Ошондуктан Зарина ооруканага жатпай эле Улуттук онкология борбору менен райондук поликлиникага учетко туруп койгон. Морфин сатып алууга рецепт алыш үчүн анын эжеси бир нече апта ооруканада кезек күтүп турган.

Аны алгандан кийин Зухра аларды сүйндүрүш үчүн ата-энесине чалган: мына эми бүгүн ал сиңдисине ооруну басаңдаткан дарыны алып келип берет.

Бирок баары тескерисинен чыгып калган. Дарыканада рецепт туура эмес толтурулганын айтышкан. Зухра кайрадан поиклиникага барып, дагы бир нече саат кезек күтүп турууга мажбур болгон.

Качан ал адистештирилген дарыканага келгенде учурда ал жер жабылып калган. Үйгө ал көз жашын токтото албаган бойдон кайткан. Зарина дарыкана ачылганга чейин таң аткыча оорудан кыйналып чыккан.

Бирок Зухра кийинки жолкусун дагы туура эмес толтурулган рецептин окуясы кайра кайталанганын айтып берди.

«Бул сенин жакын адамың ооруп турганын көрүп туруп, сен ага эч нерсе менен жардам бере албастыгыңды сезип турган — чындыгында абдан жаман сезим. Ал үйдө кыйналып жатат, ал эми мен болгону кезек күтүп тура алам», — дейт ал. Морфинге жаңы рецептти ал ай сайын алып турушу керек.

Зухра менен Заринанын рак илдети — үй-бүлөлүк оору. Бир нече ай мурун эжесине морфин жазып бергенге чейин эле оруудан кайтыш болгон.

«Менин эжемдин кызы рецепт алыш үчүн апасы азап тартуу менен өлүп жатканын далилдеп көпкө чейин кезек күтүп турган. Качан ал морфинге кеткен учурда ага апасынын каза болуп калганын билдиришкен», — дейт Зухра.

Бул бир эле окуя эмес. Таалайдын үй-бүлөсү дагы ушундай эле жамандыкка кезиккен — анып апасы кайтыш болуп калганга чейин бир нече ай калганда морфинге рецепт алган. Ага чейин анын апасынын чыдоодон башка аргасы жок болчу. Качан ал оорудан кыйналып жатканын далилдей агандан кийин гана ал мамлекеттен өзүнүн акысыз 300 доза морфинин ала алган. Бирок аларды өз өмүрүнүн аягына чейин ичип түгөтө алган эмес, анткени кеч болуп калган.

«Ал өзү дарыгер болчу, ошондуктан акырына чейин чыдады. Бизди сооротуп, бардыгы жакшы болот деп айтчу. Андан соң жашоо менен кош айтышты», — дейт Таалай.

5000

адам

— бул жылына рак илдетине кабылган кыргызстандыктардын болжолдуу саны.


Алардын ичинен болжолдуу

50%

оорунун биринчи жылында каза болушат.


25 000ге

жакын адам

улуттук онкология борборунда катталган. Бул сан дайыма өсүп турат.


(Кыргызстандын улуттук онкология борборунун маалыматы)

Иллюстрация: Татьяна Зеленская Kloop.kg үчүн

«Бардыгына жардам керек»

Салтанат Мамбетова Гүлчехранын жаздыгын түздөп жаткан чачтары тегиз жыйналган жаш айым. Гүлчехра өзүнүн бейтаптарынын бири.

Ал — оор онкологиялык оорулууларга үйдөн паллиативдик жардам көрсөткөн көчмө кызматтын онкологу. Салтанат рак илдетинен эч ким коргоого алынган эместигин айтат — ага жада калса стресс же чарчоо себеп болушу мүмкүн.

«Айрымдар бат өлөт, башкалары — жай. Кимдир бирөөсү — азап менен, дагы башкалары — оорусу жок эле. Оорунун таасирин басаңдаткан каражаттар кээ бирөөнө керек болсо, дагы башкасына кереги жок. Бирок бардык бейтаптарга жардам керек», — дейт ал. Салтанат оорунун таасирин басандаттуучу каражаттарды «кагаз бюрократиясы жана узак кезек күтүүлөрү жок» бардык муктаждарга берилиши керек деп эсептейт.

«Бирок алар азап чегүү менен кайтыш болушат. Эмне үчүн дароо эле морфин жазып берип, адамды өз жашоосун тынчыраак жашоого жөнөтүүгө болбойт?» — деп суроо салды онколог.

Салтанат оорунун таасирин басаңдаткан каражаттар жетишээрлик жазылып берилбеген оорулууларды дайыма кездештирет. Эгерде ал АКШда же Европада паллиативдик жардам көрсөтүү тобунун окологу болуп калганда аларга морфинге рецепт жазып бермек. Бирок Кыргызстанда паллиативдик-даргерлердин мындай укуктары жок, анткени аларды болгону төшөктө жаткан оорулулардын ыңгайлуулугу үчүн жооп бере турган медайымдарга теңешет.

Улуттук онкология борборунун дарыгери Султан Стамбековдун пикиринде, кыйынчылыктардын себептери Кыргызстанда наркотикалык каражаттарды жазып берүү советтик жол-жоболордун бүгүнкү күнгө чейин иштеп жаткандыгында.

«Чектөө бар, наркомандар жасай албай турган үч мөөрдү басуу керек. Бирок менин практикамда кимдир бирөөлөр рецептерди жасалмалаган бир дагы учур болгон эмес», — дейт ал.

Ошондой эле, Совет биримдиги учурунда орнотулган нормативдер менен ар бир эле дарыгер бир бейтапка айына  50 дозадан ашык морфиндин рецебин жазып берүүгө барбайт.

Иллюстрация: Татьяна Зеленская Kloop.kg үчүн

Стамбековдун айтымында, аймактарда ооруну басаңдаткыч каражаттар маселеси абдан оор — ал жакта онкологдор дагы жок болуп калышы мүмкүн. Жөнөкөй эле жергиликтүү хирургдар атайын окуудан өтүшүп, онкологдордун жарым ставкасын өздөрүнө алышат. Бирок атайын адис болбогондуктан, алар бейтаптарга күчтүү ооруну басаңдатуучу каражаттарды жазып бере алышпайт. Мындан тышкары наркотикалык заттар райондук борборлордо жайгашкан мамлекеттик дарыканаларда гана сатылат.

«Бул тутумду паллиативдик бөлмөлөр гана жеңилдетет алат, анткени ал жактарда дары-дармектердин берилүү түрүн жөнөкөйлөтүүгө болот», — деп эсептейт онколог.

Кароо баскычында

Учурда паллиативдик жардам көрсөткөн дарыгерлер дайыма оорулуулардын үйлөрүнө барып, аларды текшерип жана аларды кароого жардам беришет. Бирок алардын азап тартууларын морфиндин дозасы менен жеңилдетүү колдорунан келбейт.

«Сорос Кыргызстан» фондусунун «Коомдун саламаттыгы» программасынын директору Айбек Мукамбетов өлкө боюнча паллиативдик жардам көрсөтүү бөлмөлөрүн ачып, колдоо көрсөтүп туруунун үстүндө иш алып барууда.

Бул программа Кыргызстанда 2011-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин, ИИМдин, Милдеттүү медициналык камсыздоо фондусунун жана Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комиссиясынын колдоосу менен башталган. Аны Сорос фонду каржылайт, бирок жакынкы жылдары бул колдоо көрсөтүү токтойт. Ошондуктан Мукамбетов учурда ачылып иштеп жаткан паллиативдик жардам көрсөтүү бөлмөлөрүн каржылоо үчүн жаңы демөөрчүлөрдү тапканга аракет кылууда.

«Азырынча бизде ооруканадан тышкаркы үч мобилдик жардам көрсөтүү тобу бар. Эки команда Бишкекте, үчүнчүсү Оштогу облустар аралык онкология борборунун алдында иштеп жатышат», — деди ал.

Мукамбетов келечекте паллиативдик бөлмөлөрдү өкмөт каржылай баштаарынан үмүттөнөт. Бул үчүн фонд Кыргызстандын парламентине эки мыйзам долбоорун сунуштаган. Биринчиси аймактардагы паллиативдик жардам көрсөтүү борборлорун өнүктүрүүгө багытталган. Экинчи долбоор оорунун таасирин басаңдатуу үчүн опиаттардын жүгүртүлүшүн мыйзамдуу жеңилдетүүнү сунуштайт.

«Азырынча биз бул көйгөйлөрдү кагаз түрүндө гана чечип жаткан учурда, бейтаптар оорудан кыйналып жатышат», — дейт ал.

Эки мыйзам долбоору тең Жогорку Кеңеште кароо баскычында жатат. Ошол эле учурда эң эле катуу тиш орорусуна дагы тең келбеген үмүтсүз рак илдети менен ооруп жаткандар азап тартышууда. «Дене ушунчалык ооруйт, өлүп калгың келет», — дейт Гүлчехра.

Ал — паллиативдик жардам көрсөткөнгө саны көп эмес дарыгерлерлер караганга жетишпей жаткан Кыргызстанда рак илдетине чалдыккан оорулуулардын бири.

Морфин түгөнүп калган учурда ал өз оорусу менен бетме-бет кармашып калууга аргасыз.


ТЕМА БОЮНЧА: