Маданият министрлиги 28 млн сомго Москвада Айтматовдун эстелигин орнотот

Кыргызстандын маданият министрлиги Москвада жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотот. Монументти орнотууга мамлекеттик бюджеттен 28 млн сом жумшалат.

Аталган мекеме эстеликти орнотуу үчүн 21-декабрда тендер жарыялаган. Тендер билдирмесинде эстелик коргошундан куюлушу керек деп айтылган.

Тендерди утуп алган компания эстеликти эле жасабастан, аны орнотуу боюнча дагы ишти аткарышы керек.

«Долбоордун эскизи даяр болуп калды, биз ал коргошундан жасалаарын так билебиз. Азырынча монументти орнотуунун так убактысы белгисиз», —  деп билдиришти «Клоопко» аталган мекемеден.

Эстелик Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына Москванын түштүгүндөгү гүлбакчага коюлат. Москва бийлиги Айтматовдун эстелигин орнотууга сентябрь айында эле макулдук берген.

Чыңгыз Айтматов — кыргыз жана союз жазуучусу. Ал репрессияга кабылган кыргыз саясатчысы Төрөкүл Айтматовдун баласы болгон. Айтматов ветеринардык иши менен бирге повесттерди жазып турган.

Анын алгачкы «Гезитчи Дзюйо» повести 1952-жылы жарык көргөн.

1957-жылы «Бетме бет» жана «Жамиля» чыгармалары жарыкка чыккан. «Жамиля» үчүн аны совет бийлиги сынга алып, бирок ошол эле жылы бул чыгарма чет тилдерге которулуп, өз кезегинде жазуучуга дүйнөлүк атак даңкты алып келген.   

Айтматов Кыргызстандын жазуучулар союзунун мүчөсү, ал эми кийинчерээк анын төрагасы болуп, көптөгөн таланттуу адабиятчылар менен поэттерди чыгарган.

Анын чыгармаларынын экрандаштырылышы кыргыз киносунун «Алтын дооруна» кирген. Мисалы, режиссёр Болот Шамшиев «Ак кеме», «Эрте келген турналар», ал эми Геннадий Базаров «Саманчынын жолу» тасмаларын тартышкан.    

Ал эми 1984-жылдан 2008-жылдарга чейин Айтматов Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси болгон.

Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда Германиянын Нюрнберг шаарында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Аны 14-июнда Бишкекке жакын жайгашкан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жерге беришкен.